Menu

Баткендин тургуну диний экстремистик материалдарды телефонунда сактагандыгы үчүн 1 айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Шектүү катары ушул жылдын 2-февралында кармалган Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Х.Расулов 1990-жылы Кызыл-Кыя шаарында туулган, билими бүтпөгөн орто, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, мурда соттолгон, эч жерде иштебейт.

Соттолуучу өзүнүн кол телефонунда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылы” жана “Катибат аль-Бухари” экстремистик-террористик уюмдарына таандык сүрөттөрдү жана видео роликтерди сактап жүргөн. Бул материалдарды колдонууга жана таратууга мүмкүн эместиги, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык укуктук актыларына карама каршы келери аныкталган.

Баткен райондук соту бул ишти 18.02.2016-жылы карап КРнын КЖКнин 299-2-ст. (Экстремистик материалдарды  сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу,  ташуу жана жиберүү,  ошондой эле экстримистик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу)  1-б. менен айыпталган Х.Расуловдун бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалган.  Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынган токтомго макул болбой кассациялык арыз менен кайрылган. Баткен облустук соту 2016-жылдын 1-мартында I инстанциянын токтомун өзгөртүп, соттолуучунун бөгөт коюу чарасы катары 1 (бир) айлык мөөнөткө башкача айтканда 31.03.2016-ж. чейин камака алуу түрүн тандады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: