Menu

КРнын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта КРнын Башкы прокурору, юстициянын 2 класстагы мамлекеттик кеңешчиси Индира Жолдубаева Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы буга чейин балдар бакчасынын имаратында жайгашып келген болчу. Шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен прокуратуранын жаңы имаратын бүткөрүүгө шаардын бюджетинен 2,5 млн. сом акча каражаты ажыратылып берилген. Таш-Көмүр шаарындагы «Күч» ЖЧКсынын куруучулары прокуратуранын жаңы имаратын сапаттуу бүткөрүп, толук аягына чыгарышты. Ал эми мурдагы имарат бардык жабдуулары менен «Чабалекей» балдар бакчасына калтырылып, азыр ал жерде 100 бала 4 тайпада татыктуу таалим-тарбия алып жатышат. Жаңы имараттын ачылыш аземине арналган иш чараны областтын прокурору Өткүрбек Жамшитов алып барды.

– Жаңыдан ишке киргизилип жаткан имаратты чоң же кичине деп бөлүүгө болбойт. Жер аянтын ажыратып бөлдүрүү, курулушка финансылык каражттарды табуунун өзү деген канчалык кыйынчылыктарды жаратаары анык. Прокуратура менен мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен тыгыз кызматташуусу мындан ары дагы чыңдалат деп терең ишенемин. Айрыкча Таш-Көмүр шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттарына терең ыраазычылыгымды билдиремин. Элибизде «Эшигин көрүп, төрүнө өт» дегендей заманбап бул имаратта мыйзамдуулукту тыкыр көзөмөлдөө жана аны сактоо боюнча мамлекеттик кызыкчылыгындагы жана элдин талабын көздөгөн  адилеттүү иштердин аткарылышына терең ишенемин,- деди КРнын Башкы прокурору, юстициянын 2 класстагы мамлекеттик кеңешчиси Индира Жолдубаева.

КРнын Генералдык прокурору Индира Жолдубаева шаардык прокуратуранын жаңы имаратын курууга активдүү салымын кошкон Таш-Көмүр шаарынын 1-чи вице-мэри Ислам Масабировду КРнын Башкы прокуратурасынын төш белгиси, «Күч» ЖЧКсынын прорабы Түгөлбай Арстанбековду  Ардак Грамота менен сыйлады.

Имараттын ачылышы менен прокуратура кызматкерлерин, шаардын активи менен коомчулугун кызуу куттуктаган өкүл Жумагүл Эгембердиева өзүнүн белегин тартуулады.  Прокуратура тармагында көп жылдар бою эмгектенишип, ардактуу эс алууга чыгышкан эмгек ардагерлери  Алишер Султанов жана Дегенбай Арзиев кесиптештерин жаңы имараттуу болуулары менен куттукташып, жооптуу жана ардактуу иштерине ийгиликтерди каалашты.

Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын кызыл тасмасын КРнын Генералдык прокурору Индира Жолдубаева жана өкүл Жумагүл Эгембердиева аземдик салтанатка катышкандардын кол чабууларынын коштоосунда кесип беришти.

Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын

Жаңы имараттын ачылыш аземине келишкен коноктор анын ички жасалгасы жана жаратылган шарттар менен  дагы бир сыйра таанышып чыгышты. Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев, Таш-Көмүр шаардык кеңештин төрагасы Мамидалы Кулдышев, Таш-Көмүр шаарынын прокурору Улугбек Нуралиев жана шаардын активи менен коомчулугу катышты.

 

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: