“Нарын шаарынын N8-мектебинин мурунку директору Кубан Мамбетов Акаевдин режимине кандай кызмат кылса кийин Бакиевдин, Атамбаевдин режимдерине да ошондой эле кызмат кылып келген, принциби жок директор болгон”,- деп билдирди бүгүн, 2-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Нарындан Апрель Баатыры Канайым Бердибаева.
“2014-жылы мектептин коллективи Мамбетовду каржылык урдоолор менен айыптап, республикага чейин жазып жүрүп кызматтан кетиришкен. Эми ага иши түшкөн СДПКчы Чыныбай Турсунбеков баш болуп Нарын Билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына түртүп жатышат. Ушул СДПКчыларда кенедей да уят да, принцип да жок экен да. Эмесе ушул Акаев менен Бакиевдин кадрларынан башка адам таппай калыштыбы? Дегеле СДПКчы Чыныбай Турсунбеков Нарындагы мектептердин пол жуугучун дайындоого чейин аралаша бергенин качан коёт?”, – деди Апрель Баатыры Канайым Бердибаева.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ