Menu

Фотобаян – Жалал-Абадка Өзбекстандан минералдык жер семирткичтердин алгачкы партиясы келди

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-мартта Жалал-Абад Түштүк темир жол станциясынын товардык бөлүмүнө Өзбекстан Республикасынан алгачкы 13 вагон органикалык жер семирткичтер партиясы келди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөр аралык келишимине ылайык быйыл биздин өлкөгө 40 миң 200 тонна минералдык жер семирткичтерди жеткирүү келишими түзүлгөн.
Бүгүн, Жалал-Абаддагы Түштүк темир жол станциясынын товардык бөлүмүнө 13 вагон аммиачный селтира жана карбомид жер семирткичи келип түшүп, Ноокен, Сузак жана Базар-Коргон районунан келишкен дыйкандар менен фермерлерге накталай акчага берилип жатат. Тагыраак айтканда, Өзбекстан келтирилген минералдык жер семирткичтин алгачкы траншында 1500 тонна аммиачный селитра жана 500 тонна карбомид жер семирткичи келип түштү.
– Азыркы учурда бир килограмм аммиачный селитра 16 сом 60 тыйын, ал эми карбомид 18 сом 80 тыйындан дыйкандар менен фермерлерге «Айыл банкы» аркылуу накталай акчага сатылып жатат. Быйылкы жылы дыйкандардын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыз кылууга КРнын Өкмөтү тарабынан бардык иш-чаралар көрүлөт,- деди материалдык резервдер мамлекеттик ишканасынын борбордук аппаратынын Жалал-Абад областындагы өкүлү Кылычбек Токтошов.
Минералдык жер семирткичтердин дыйкандар менен фермерлерге туура таратылып берилип жаткандыгын өкүл өзү жеринде барып таанышты жана фермер-дыйкандар менен баарлашты.
ЖА жер семирткич
ЖА жер семирткич2
ЖА жер семирткич3
ЖА жер семирткич4

Жолдошбай Осмонов, журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: