Menu

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда аскерий багыттар боюнча өз ара кызматташтык мамилелердин өөрчүшүнө кошумча өбөлгөлөр түзүлмөкчү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, ал үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга өбөлгө түзүлөт:
– материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүү, аскердик техника жана комплекттөөчү запастык бөлүктөр боюнча аскердик-техникалык кызматташтык;
– өз ара кызыкчылыктын ар кандай тармактарындагы мамлекеттик мекемелер ортосундагы кызматташтык, технологиялар менен техникалык жардам берүү, биргелешкен өндүрүштү үчүнчү мамлекеттерге экспорттоо, коргоо өндүрүшү;
– маалымат алмашуу, окутуу, өкүлдөрдү жана биргелешкен долбоорлорду алмашуу жолу менен аскердик илим жана технология ж.б.

Аскерий багыттагы эки тараптуу мамилелер төмөнкү жолдор аркылуу ишке ашырылат:
– тараптардын коргоо мекемелеринин ортосунда жолугушууларды өткөрүү;
– аскерий багытта өз ара тажрыйба жана маалымат алмашуу;
– аскердик билим берүү жана окутуу;
– биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү;
– аскердик инструкторлорду жана байкоочуларды алмашуу ж.б.

Макулдашуунун алкагында Кыргызстандын аскер кызматчылары окутуу долбоорлорун, кыска жана узак мөөнөттөгү курстарга, аскердик машыгууларга, конференциялар менен семинарларга катыша алат.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар эл аралык келишимдерди тездетип кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу маселе көтөрдү. Алардын айтымында, Дүйнөлүк банк баштаган бир катар эл аралык каржы уюмдары менен чет өлкөлөрдүн элчилери айрым келишимдерди ратификациялоо эки жылга чейин созулуп кетип жатканын билдиришкен. Тармактык комитеттердин мүчөлөрү мындай мүчүлүштүктөр өкмөт өкүлдөрү тарабынан кетирилип жатканын белгилешти. Бул тууралуу аларга бир нече жолу эскертилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: