Menu

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу учкай кеп

Бөлүшүү:

Жакында Кыргызстандын учурдагы президенти А.Атамбаевдин ата-жотосу тууралуу санжыралык маалыматты бурмалаган айрым макалалар жарыяланган эле. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов макаласында бул маселеге так архивдик даректерге таянуу менен кайрылат. Эми санжырачылардан кандай пикир түшөөр экен?

Адатта, президенттердин тегин сүрүштүрүү биздин өлкөдө эле эмес, бардык өлкөлөрдө кездешүүчү өнөкөт. Мурдагы мамлекет башчылардын тегине байланыштуу талаш-тартыштуу пикирлер бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Ал гана эмес жакындан бери улут лидери Исхак Раззаковдун теги тууралуу да түркүн пикирлер айтылып, тынымсейит уруусунун айрым өкүлдөрү биздин уул десе, таластык саруулардын тобу “жок, ал биздин уруудан” деп чыгышты. Ал эми Исхак Раззаковдун лейлектик түпкү туугандары “талаша бергиле, ал баары бир өзүбүздөн, биздин гана эмес, улуттун чыгаан уулу” деп сыймыктанышат.

Ал эми азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу ар кыл пикирлер, ал бийликке келе электе эле айтыла баштаган. Президент болгондон бери талаш-тартыш уланып, ал түгүл “анын теги кыргыз эмес” деп баяндалган макалалар да жазыла баштады.

Мындай пикирлер тарыхчы катары мени да көптөн бери кызыктырып келет. Анын үстүнө биз кыргыздар өз эне тилибизде мыкты сүйлөгөн башка этностон эле эмес, керек болсо өзүбүздүн улутубуздан чыккан чыгаан уулдарды да боорубузга тартуунун ордуна жэрип, алыстатууга аракеттенебиз. Ал түгүл кабылан Манас бооруна тартып эл кылган Алмамбетти баш кылып, Чубагын төш кылып жериген учурубуз жок эмес. Демек, бөлүнүп жарылуу, өзгөлөрдү обочолонтуу, кыргыз экенибизден шек саноо илдеттеринен арылмайынча, күчтүү, бирдиктүү улутка айлана албайбыз го деген кооптонуу коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет.

Атамбайдын атасы Полот хандын кол башчысы болгонбу?

Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу алгачкы маалыматты “Зиябиддин Максым” фондунун төрагасы, раматылык Муктар Бостонбаев агамдан 10 жыл илгери уккан элем. Анда Кокон ордосунда хандыктын тарыхын жазган Зиябиддин Максымдын улуту – кыргыз, уруусу – төөлөс, жердиги – Ноокат экенин жаңыдан эле тактап, тарыхчынын 1666 беттен турган “Фергана хандарынын тарыхы” аттуу Стамбул университетинин китепканасынан табылган кол жазмасын кирил тамгасына котортуп, китеп кылып чыгаруу менен алектенип жүргөн учур эле.

Маркум Муктар акенин айткан маалыматы боюнча, азыркы президент Алмаз Шаршеновичтин Норузбай аттуу чоң аталары Полот хандын (айтылуу Молдо Исхак Асан уулу, 1844-1876) жакын кол башчыларынан болуп, кийин Полот хан Кокондун акыркы эгемен ханы катары даргага асылган соң, Абдылдабектин кошуунуна кетет.

Падышалык жазалоочу аскердин куугунтугунан улам Алымбек датка уулу Абдылдабек Ооганстанга кеткенде, жанындагы жигити Кашкарга кетип, андан Чүйгө, азыркы Арашан айылына келип туруп калганы тууралуу маалыматты ага жазуучу Акбаралы Мусабеков айтып бергенин Муктар аке кеп кылган.

Ошондон бери бул пикир көпкө чейин үстөмдүк кылып келди. Жогорудагы маалыматка таянган Алмаз Шаршенович да эки-үч курдай эл менен жолугушуу учурунда: “Айрым уламыштар боюнча менин чоң аталарым Полот хандын кол башчыларынын бири болгон” деп айткан жайы бар.

Полот хандын, Абдылдабектин таржымалын архивдик булактардын негизинде изилдеп келген биз үчүн мындай маалымат бир топ кызыгууну жараткан. Бирок бул айтылгандар тарыхый чындыкка эч бир коошпой туруп алган соң, архивди жана тарыхый жазма булактарды иликтөөнү улантууга туура келди.

Атамбаевдин теги – Пишпек сепилинде кызмат өтөгөн Кокон сарбазыбы?

Айрым гезиттердеги жоромолго караганда, А.Атамбаевдин теги – өзбек, Кокон хандыгына караштуу Пишпек (Бишкек) сепилинде кызмат өтөгөн өзбек сарбаздарынан имиш. Байтик баатыр өз баласы Байсал үчүн өч алуу максатында Пишпектин беги Рахматулланы жигиттери менен жаздоочу жайы Ак-Чийге алдап мейманга чакырып, ал жерден ага сокку урулуп, оор жарадар болгону, кийин орустардын жардамы менен сепил талкаланганда андагы сарбаздар туткундалып, алардын арасында Шахмурат деген өзбек сарбаз ысымын Шама деп өзгөртүп, Байтиктин айылында жашап калганы тууралуу макаланы окуп калдым. (Саясат. Kg – Алмазбек Атамбаевдин теги өзбекпи?, 2014, 14-апрель). Ошол Шамадан Асанбай, Атамбай, Өтөмбай, Толкунбай, Тойгонбайаттуу беш уул төрөлгөнүнөн бери бул жоромолдо жазылыптыр.

Бул макаладагы маалыматтар да көңүл түпкүрүндө калган экен, кийин мүмкүнчүлүк болуп Алматыдагы архивдик ишимди кайра уланта баштаганымда А.Атамбаевдин түпкү теги Пишпек сепилинен туткунга алынган “Кокон сарбазы” делген жоромолго кызыгып көргүм келди.

Ачыгын айтыш керек, архивге бир кирип алсаң, ал өзүнчө эле кенч.

Бир мезгилде, 1988-90-жылдары Ташкенттеги Өзбекстандын Мамлекеттик Борбордук архивинде отурганда да өзүмдүн темам калып эле тарыхтын башка темаларына саякаттап кетчүмүн. Бир барганда Курманжан датка темасы менен “ооруп” калып, ал тууралуу материалдарга сүңгүп кетип, бир айлык иш сапарым “текке” кеткен. Дагы бир жолу барганымда Токтогул Сатылгановдун артынан түшүп, анын абак жылдарын тактоого алам деп убактымдын бардыгын “уурдатып” алган элем. Биринде өзбек аталып, алардын окуу китептеринде өзбек акыны делип жазылып келген Молдо Калбектин теги кыргыз экенин, болгондо да жазгыч акындардын сап башында турганын, азаттык аракети үчүн 1878-жылы Сибирге сүргүнгө айдалганын, урпактары Ноокендин Чоң Багыш айылында тураарын тактоо менен алпурушкан элем.

Ал эми Алматыдагы архивде да бирде Тилекмат акенин тагдырына кирип кетсем, бирде Кыдыр аке тууралуу документтерге аралашып кетем. Бир туруп Шабдан баатырдын изине түшсөм, бирде Калыгул олуянын урпактарына кызыгып, андан “уйгур” делген Турдакун Усубалиевдин ата-бабаларын иликтөөгө азгырылып жүрдүм. Андан ары убагында Кененсары менен Ноорузбайды талкалоодо өзгөчө эрдик көргөзгөн Абайылданын Шерботосун чукуп кирем. Кайрадан айланып келип Байтик баатырдын өмүр таржымалын толук камтыган жаңы документтер менен алпурушуп жүрдүм.

Ал эми 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөш, анын башкы каармандары тууралуу документтердин өтө көптүгүн көрүп, алардын айрымдарына тарыхчылардын колу жете электигине ынандым. Кыскасы архивде кыргыздарга тиешелүү документтердин көптүгүнөн улам, эки жылдан бери Алматынын архивин жыйынтыктай албай келем. Чынын айтсам, чети жаңыдан гана оюлгандай болду.

Мына жогоруда айтылган документтер менен алектенип жүрүп, Чүйдө туруп калган келгин “Кокон сарбазын” да унутта калтырган жокмун. Архивдик документтердин арасында 1860-, 1862-жылдары Пишпек сепили Орусия империясы тарабынан каратылып алынганда сепилден туткунга алынган хандыктын өкүлдөрүнүн жана сарбаздарынын тизмеси да бүт катталып, сакталып калган (КРБМА, ф. 3, 53-номерлүү иш кагазы).

Бул иш кагаздарындагы туткундардын ысымдары жазылган тизменин арасында Шама же Шахмурат аттуу адам жок. Архивдик бул документтер Атамбаевдин ата теги – Пишпек сепилинде кызмат өтөгөн “Шахмурад аттуу Кокон сарбазы болгон” деген жоромолду жокко чыгарат.

Эл мыктылары бөлүнгөнгө бөгөт койгон

Ачыгын айтыш керек, А.Атамбаевдин ата тегине байланыштуу архивдик материалдар Алматыдан дароо эле табыла калган жок. Анткени алардын кайсыл болуштукта жашаганын айтып берген эч ким болбоду. Айылдаштарынын арасында да азыркы Арашан айылы кайсыл болуштукка караганын билген адам чыкпады.

Андыктан ХIХ кылымдын акыркы чейрегинен тарта ушул аймакта жайгашкан Аламүдүн, Ала-Арча (кийинчерээк Талкан, Канай болуштугу аталып калган), Бөлөкпай (кийинчерээк экиге бөлүнүп, Узун-Кыр, Байсейит болуштугу аталып калган) болуштуктарына тийешелүү документтердин арасынан иликтегенге туура келди.

Айылдаштары Алмаз Шаршеновичтин бабасы, тактап айтканда Атамбайдын атасы Шама бир мезгилде (кайсыл мезгил экенин эч ким билбейт) Кокон хандыгынын ордосунда кызмат өтөп келген арашандык төбөл, солто уруусунун атактууларынын бири Чынгыш баатыр менен кошо келгенин, кийин ал өз балдарындай кам көргөнүн бир ооздон кеп кылышат.

Ал гана эмес Чынгыш баатыр көзү өтөөргө жакын урук-туугандарын жыйнап, кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө: “Менин арбагым урат!”деген өтө катуу керээзин айткан экен.

Ошондуктан Чынгыш баатырдын айылдаштары эч качан Шаманы “бөтөнсүң” деп бөлбөй, бооруна тартып тууган кылып келгенин арашандыктардан, Солтонун аксакалдарынан уктум. Балким ошондон уламбы Шаманын урпактары да жаңы туугандары менен камыр-жумур аралашып, бөлүнүүнү сезбей, атүгүл өздөрүнүн түпкүлүгүнө да анчалык маани бербей жашаптыр.

Алматынын архивинен Шама жана анын урпактарын табууга мага Чынгыш баатырдын урпактарынын жардамы өзгөчө болду. Тактап айтканда, адегенде Балтабай Чынгышев, Шайылда Чынгышев, Үркүмбай Чынгышев деген Чынгыш баатырдын балдары тууралуу маалыматты кездештирип, алардын арасынан Шама Сарыбагышев, Асанбай Шамин, Атамбай Шамин, Өтөмбай Шамин, Толкунбай Шамин, Тойгонбай Шамин деген ысымдарга туш болдум.

Демек, Арашан айылынын тургундары айткандай, Чынгыш баатыр Шаманы өз уулдарындай көрүп, ага үлүш жер, мал бөлүп берип өзгөчө мамиле кылганын архивдик документтер да бышыктап турат.

Архивдик документтер А.Атамбаевдин тегин тактап берет

Архивдик документтерди табыш өзүнчө машакат, аларды тапкандан кийин чечмелеп сүйлөтүш андан өткөн татаал экенин, өзгөчө кесипкөйлүктү, тактыкты, кылдаттыкты, талыкпай изденүүнү талап кылаарын менин устатым, кыргыздын чыгаан тарыхчысы, маркум профессор Кушбек Үсөнбаев көп айтаар эле.

Алматыдан азырынча табылган азганактай архивдик документтер Атамбаевдин тегин тактоодо өзгөчө мааниге ээ болду.

Казакстандын Борбордук мамлекеттик архивинин (мындан ары КРБМА) 44-фондуна тиешелүү 41221 номурлуу иш кагазы 1874-жылдын 2-февралындагы Токмок үйөзүнүн болуштуктарындагы түтүн ээлерин каттоого алган маалымат топтомунан турат.

Кыргыз Президенти А.Ш.Атамбаевдин ата-теги тууралуу падышалык архивдик документ. Аны Казакстан Мамлекеттик архивинен кыргыз тарыхчысы Кыяс Молдокасымов тапкан. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 41-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.Кыргыз Президенти А.Ш.Атамбаевдин ата-теги тууралуу падышалык архивдик документ. Аны Казакстан Мамлекеттик архивинен кыргыз тарыхчысы Кыяс Молдокасымов тапкан. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 41-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.

Бул иш кагазынын 41-бетинен баштап Ала-Арча болуштугундагы түтүн ээлери, алардын арасында айтылуу Байтик Канаев баштаган көпчүлүктүн тизмеси катталган.

(КРБМА, 44-фонд, 41221-иш к., 41-бет).

Ал эми 61-бетте Шама Сарыбагышев он башы экени, үй-бүлөсүнүн курамы 4 эркек, 3 аялдан тураары жазылган:

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.

(КРБМА, 44-фонд, 41221-иш к., 61-бет).

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61-бет.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61-бет.

(КРБМА, 44-фонд, 41221-иш к., 61-бет; чоңойтулган түрү).

Андан кийинки беттен Асанбай Шамин да өз алдынча түтүн ээси экени, үй-бүлө курамы эки адамдан (өзү жана жубайынан) тураары көргөзүлгөн.

 

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61 b-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41221, 61 b-бет. Алматы, Казакстан. 29.05.2014.

(КРБМА, 44-фонд, 41221 номурлуу иш кагазы, 61 b-бет).

Мына ушул архивдик маалыматтын өзү буга чейин Акбаралы Мусабеков тарабынан “такталган” Алмазбек Атамбаевдин чоң аталары Полот хандын кол башчыларынын бири болгон деген уламыштарды жокко чыгарат.

Анткени архивдик документ ырастап тургандай, Кокон хандыгындагы Полот хандын (Молдо Исхактын) жетекчилиги алдындагы боштондук күрөш (1873-1876) мезгилинде Шама жана анын балдары Токмок үйөзүнүн Ала-Арча болуштугунда орун-очок алышып жашап турган.

Дагы бир табылган архивдик документ 1877-жылга тийешелүү. Бул мезгилде деле Шама он башылык милдетин аткарып турганы маалым:

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 32700, 33 b-бет. Алматы, Казакстан. 22.05.2015.Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 32700, 33 b-бет. Алматы, Казакстан. 22.05.2015.

(КРБМА, 44-фонд, 32700 номурлуу иш кагазы, 33-беттин артында).

Бул архивдик документ көргөзүп тургандай,  36-номурлуу тизмеде Шама он башы катары катталып турса, 38-болуп тизмеде Самабай Шамин делип, анын тунгуч баласы Асанбайдын ысымы туура эмес жазылган. Анткени ал учурда кыргыздардын аты жөнү орус жазмакерлеринин сабатсыздыгынан улам ушундайча жазылып калган.

Айрым учурда араб тамгасында жазылган маалыматтар, киши аттары падышалык оторчул бийликтин катчылары тарабынан кирил тамгасына которулган учурда ката жазылып калчу.

Адамдын аты-жөнү туура эмес жазылып калган учурларды кийинки документтерден да көрүүгө болот. Архивдик документтерде Шаманын атасынын аты Сарыбагыш экенин окудук. Бирок Атамбаевдердин ата тегинде Сарыбагыш деген ысым учурабастыгын анын айылдаштары бир ооздон ырасташты. Демек бул жерде да чоң бир сыр катылып жатканы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталды. Ал тууралуу сөз кийинчерээк болсун.

Кимдиги такталды, төрөлгөн жылы аныкталды

Эми Шама жана анын балдарынын жашын, үй-бүлөлүк курамын, социалдык катмарын аныктаган дагы башка архивдик документтерге токтоло кетүүнү туура таптым.

Бул маалымат 1885-жылга тийешелүү жана болуштуктун аталышы Ала-Арча эмес, Талкан болушу деп өзгөртүлүп аталып калган:

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 18-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 18-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.

(КРБМА, 44-фонд, 41686 номурлуу иш кагазы, 18-бет).

Мына ушул тизменин ичинен 2 бетти толугу менен эле берүүнү туура көрдүм.

Талкан болуштугунун тизмесинде 2-болуп айтылуу Байтик баатырдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жазылган.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 19-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 19-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.

(КРБМА, 44-фонд, 41686 номурлуу иш кагазы, 19-бет).

Бул архивдик документте Байтик баатыр 1885-жылы 63 жашта экени, байбичеси Апар 47 жашта болгону, андан ары анын 10 төөсү, 400 жылкысы, 350 мүйүздүү малы, бак-шактары тууралуу маалыматтар берилген.

Ал эми 85-беттеги тизмеден Шама жана анын Асанбай, Атамбай аттуу уулдары тууралуу маалыматка туш болобуз:

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 85-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 41686, 85-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.

(КРБМА, 44-фонд, 41686 номурлуу иш кагазы, 85-бет).

Мурдагы падышалык Орусияга таандык документтер сакталган Алматыдагы архивден табылган бул маанилүү документте Шама Сарыбагышев Талкан болушундагы 9-айылда жашаганы, 70 жашка чыкканы, анын байбичеси Айимхандын 60ка чыкканы, эң кенже уулу Тойгомбай 17 ге келгени, чарбасы менен бирге коргончосу жана багы бар экендигинен маалымат алабыз.

Бул учурда Шама 10 башылык кызматын уулдарынын бирине өткөрүп бергенин көрүүгө болот.

Андан кийинки турган тизмеден Асанбай Шаминдин (документте Исенбай деп туура эмес жазылып калган) 35 жашка келгени, жубайы Макмал 30 жашта болуп, 5 жашаар Алыбай деген уулу, 7 жаштагы Сыйнат деген кызы, ошондой эле чакан чарбасы болгонун билүүгө болот.

Тизмеде 7-болуп катталган Атамбай Шамин агасы Асанбайдан туура 10 жаш кичүү экенин, жубайы Тилебала 22 жашта болуп, 2 жашар Жаркымбай аттуу уулу бардыгы тууралуу маалыматка ээ болобуз. Эң кызыгы – Атамбайдын кат тааныган сабаттуулугун, он башы жана мергенчи болгондугун да ушул документтен билебиз.

Кийинки беттеги тизмеден Өтөмбай жана Толкунбай тууралуу ушул сыяктуу эле маалыматтар кездешет. Беш бир туугандын арасында сабаттуусу жалгыз эле Атамбай болгон.

Архивдик бул документтен биз Шама Сарыбагышевдин 1815-жылы төрөлгөнүн, уулу Асанбай 1850–жылы төрөлсө, анын иниси Атамбайдын туулган жылы 1860-жыл экенин тактай алабыз.

Дагы бир 1892-жылга тиешелүү документте Шама тизмеде катталган эмес.

Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 31639, 274-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 31639, 274-бет. Алматы, Казакстан. 19.06.2014.

(КРБМА, 44-фонд, 31639 номурлуу иш кагазы, 274-бет).

Демек, мындан 1892-жылга карата Шаманын каза болгонун, байбичеси Айимхан жесир экенин тактоого болот. Айимхан эне болсо кенже уулу Тойгонбайдын колунда экенин ушул документ тастыктайт. (Асанбай мындагы тизмеде 79-сапта турат, бирок ага “Атамбаев” деген тегаты жаңылыш жазылып калган).

1895-жылдагы дагы бир документте Шаманын сөөгү кайсыл жерге коюлганы, бейитинде күмбөз болгону маалымдалат (КРБМА, 44-фонд, 42222 номурлуу иш кагазы).

Атамбаевдин ата теги тууралуу бул макалада кыскача гана токтолгондон улам калган архивдик документтер учкай эле баяндалды. Аларга келечекте кеңири кайрылабыз деген ишенимдемин.

“Кокон сарбазына” кайрылуунун кажети болбоду

 Жогоруда баяндалгандай, 1860-, 1862-жылдары Пишпек сепили Орусия империясы тарабынан каратылгандан кийин туткунга алынган сарбаздар менен анда жашаган айрым адамдардын тизмеси камтылган архивдик документтерде Шама же айрым маалымат каражаттары жазып келишкен Шахмурат деген ысымдын эч кездешпегендиги айтылды. Чындыгында бул окуядан 15 жылдай алдын эле Шама Чынгыш баатыр менен азыркы Арашан айылына келип байыр алганын, 2 уулдуу болуп, очор-бачар жашап калгандыгын жогорудагы архивдик маалыматтар бышыктап тургандан улам, “өзбек сарбазы” тууралуу жоромолго кайрылууну эп көрбөдүм. Анткени тарыхый чындык, архивдик документтер бардыгын орду-ордуна коюп салды.

Эми эң башкы тактоого алчу маселе – Шаманын кайсыл мезгилде кайдан келгени, ал өз атасынын атын жашырып, “Сарыбагышев” деп катталып калышынын сыры, түпкү теги, мурдагы жашаган жери жана ал жердеги урпактары тууралуу.

Чынгыш баатырдын таржымалы чындыкка жетеледи

Бул маселени тактоо үчүн биз кайрадан Чынгыш баатырга кайрылабыз. Арашан айылындагы баатырдын урпактары Чынгыш баатыр Кокон ордосунда кызмат өтөп кайтканын бир ооздон баяндашат. Ал түгүл Чынгыш баатырдан кийин ордого Чоң-Таштан Керимбек деген адам барып кызмат өтөп келгенин эскеришет.

Биздин тактообузга ылайык, Чынгыш баатыр Кокон ордосуна 1842-1845-жылдары кызмат өтөп келген. Анткени 1842-жылы Кокон хандыгы Бухара эмирлиги тарабынан каратылып, хандык катары жоюлуп, кыйроого, талоонго кабылган хандыкты кайрадан калыбына келтирүү вазийпасы Нүзүп баштаган кыргыздарга жүктөлгөн. Таластан хан урпагы Шералыны макулдатып, Чаткал тоолору аркылуу ашып келген кыргыздар Сафид-Буланда аны ак кийизге көтөрүп, хан көтөргөндөн кийин мүлдө Анжиян, Арка, Алай, Ички кыргыздарына чабармандарды аттандырып, кайрылуу каттарды жөнөтүп, хандыкты баскынчылардан тазалоого, өз алдынчалыгын калыбына келтирүүгө түп көтөрүлүп чыгышкан.

Чынгыш баатыр сыяктуу эчендеген эрендер кайрылууга жооп кылышып ар кайсыл аймактардан аттанышып, жардамга келишкен. Натыйжада эчендеген оор беттешүүлөрдө душмандарды жеңип чыккан көчмөн эл хандыкты калыбына келтирип, Шералыны хан тактысына отургузуп, бүтүндөй ээлиги кайтарылат.

Бирок арадан көп убакыт өтпөй ордодо кутумчулук күчөп, кыргыздар хандын айланасынан сүрүлүп, акыры хандыкты сактап, бекемдөөгө башчылык кылган Нүзүп 1844-жылы Маргалаңда Шералы хандын жарлыгынын негизинде өлтүрүлөт.

Бул кайгылуу окуядан кийин кыргыздардын Шералы ханга көңүлү кайт болуп, тажиктер менен кыпчактардын кыянат аракетине каршы чыгалбай, кыргыздарга карата кылмыштуу чечимдерди жүзөгө ашырган ханга каршы бир катар кыргыздар кайрадан көтөрүлгөн.

Алайда Алымбек датка баштаган кыргыздар 1845-жылы көтөрүлүп, Ошко аттанышат (казак тарыхчысы Тимур Бейсембиевдин эмгектеринде 1844-жыл деп баяндалат). Көтөрүлүштү басып, кыргыздарды жазалоо үчүн Мусулманкул миңбашы, Көр уулу аскер башы баштаган кошуун Ошко келет. Оштун тегерегинде катуу кармашуу болуп, натыйжада Мусулманкул баштаган кошуундун жеңиши менен аяктайт.

Ошол эле учурда, алайлык кыргыздар менен макулдашкандай, кесек уруусунан Сейитбек датка, төөлөс уруусунан Полот датка, Исфаранын акими Сатыбалды жана башка Ноокат, Кадамжай, Айдаркен, Баткен, Лейлек  кыргыздары көтөрүлүп, апасы аваат уругунан болгон Алим хандын Оро-Төбөдө жашаган уулу Мурадды хан көтөрүшүп, Шералы ханды тындым кылышат.

Мурад хан болгону 11 күн хан тактысын ээлеп, кыргыздар ордодогу таасирин кайрадан орнотууга аракет кылышкан. Бирок Алай кыргыздарынын көтөрүлүшүнөн жеңиштүү кайткан Мусулманкул 13 жашар Кудаярды хан көтөрүп, Коконго кирет. Ортодо катуу кармашуулар болуп, натыйжада Мурад ханды колдогон кыргыздар жеңилүүгө дуушар болуп, Мурад хан өлтүрүлөт. Ал менен кошо Шералы ханды өлтүрүүгө катышкан кыргыздар кыргынга алынып, катуу жазаланган.

Мына ушул кыргынга жана жазалоого кабылган кыргыздардын арасында Шама жана анын туугандары, атасы Норузбай да болгон. Ал учурда Шама 30 жаштын тегерегинде болуп, кандуу окуялардын чордонунда жүргөн. Кыргыздар кыргынга кабылып, жазалоо күчөгөндө Шама (Айдаркенде, Чоң-Кара айылында жашаган туугандарынын айтуусунда Шамамат деп да айтылат) Кожешкен, Зардалы тоолоруна качып, изин жашырат.

Шаманын атасы Норузбай менен Чынгыш баатыр – жашташ, бири-бири менен дилдери жакын, ынактыгы арткан эле. Чынгыш баатыр ордодогу кызматын өтөп, өз элине кайтканда тоо арасында жашырынып жүргөн аяш уулу Шаманы (же Шамаматты) Чүйгө ала келип, Сарыбагышев деген фамилия менен жашырып, өз балдарынан артык көрсө артык көрүп, кем көрбөй өз калкалоосуна алган.

Ал эми Чынгыш баатырдын 1845-жылдары өз айылында, туугандарынын арасында болгонун, 1846-1847-жылдардагы кыргыз-казак капсалаңында эрдиги менен өзгөчөлөнгөнүн Белек Солтоноевдун эмгегинен, башка бир катар санжыралардан кездештиребиз.

Кокон хандыгын 1845-жылдан кийин Шералы хандын балдары, анын уулдары башкарып турган учурда, алардын жазалоосунан кооптонгон Шама Норузбай деген өз атасын оозанбай, Сарыбагышев деген жашыруун фамилия (тегат) менен жүргөндүгүн жогоруда архивдик документтер бышыктап турат. Мына ошол Шаманын уулу Атамбай, андан Ысак, Ысактан Шаршен, анын уулу Алмазбек Атамбаев – учурда кыргыз мамлекет башчысы.

Шамадан Шаршенге чейинки урпактар

Алматыдагы архивден табылган маалыматтарга ылайык, 1815-жылы төрөлгөн Шама Кокондогу капсалаңдуу окуядан улам из жашырып, Чынгыш баатыр менен Сары-Өзөн Чүйгө келгенде жашы отуздарда болгон учур эле.

Ал үйлөнүп, үйлүү-жайлуу болгондон кийин да бир топ жыл балалуу болбой жүрүп 1850-жылы тунгуч уулу Асанбай төрөлгөн. Андан кийин да 10 жылдай балалуу болбой жүрүп, 1860-жылы Атамбай жарык дүйнөгө келген. Бирок 1874-жылдын 2-февралындагы Ала-Арча болушундагы элдик каттоого ылайык, Шаманын үй-бүлөсүндө 3 аялзаты бар экендиги көргөзүлгөн. Демек, Асанбай менен Атамбайдын аралыгында 2 кыз төрөлгөн. Кийинки каттоолордо ал кыздардын ысымдары көргөзүлбөгөнүнө караганда, алар жашы жетип, турмушка чыгып кеткендей.

Ошондой эле 1892-жылдагы Талкан болушунун элин каттоого алган учурда (ар бир үч жылда, болуштук шайлоонун алдында, эл каттоо жүргүзүлүп, элдин эсеп-чоту алынып турган) дагы Атамбайдын 8 жашар уулу Жаркымбайдын ысымы гана учурайт.

Азырынча Шаршендин атасы Ысактын (Сары-Өзөн Чүй жергесинде Исхак деген ысым Ысак деп аталат) ысымы көргөзүлгөн маалыматты кездештире элекпиз. Айрым маалыматтарга караганда Ысак жаш кезинде эле, уулу Шаршен бир жашка караган учурунда (1907-жылдары) кырсыктан улам каза болуп, ымыркай уулун бир жашынан тарта чоң атасы Атамбай торолтуп өстүргөн. Ошондуктан учурда Атамбаевдердин фамилиясында Ысак деген ысым колдонулбай калган. Ал эми Атамбаевдин айрым учурларда өз уруусун Кытай деп атаганы Шаманын чоң аталары Кутуй (Кутай) бийдин ысымы менен байланыштуу.

Күдүктөнгөн суроолор, тактоого негиз жооптор

Шама Сары-Өзөн Чүйгө жер которуп келген учурда 30дун кырындагы жигиттик курагы экен. Мени күдүктөнткөн бир маселе: Шама 30 жашка чейин үйлөнгөн эмеспи, эгер үйлөнсө, анда бала-бакыралуу болгон эмеспи деген суроолор болду. Акыры бул суроого жоопту Баткендеги Чоң-Кара айылынын аксакалдарынан (алар 1959-жылга чейин Кожешкенде жашап келишкен, кийин гана азыркы Чоң-Кара айылы негизделип, ал жерге көчүрүлгөн), Айдаркен шаарынын тургуну (түбү Кожешкендик) 87 жаштагы Каримов Рахманберди аксакалдан алдым.

Рахман аванын Атамбаевге тууганчылыгы бар деп угуп калчу элем. 2015-жылы февраль айында анын кандайча тууганчылыгы бар экенин өз оозунан угуу максатында атайын Айдаркенге бардым.

Рахманберди ажы жана К.Молдокасымов. Айдаркен ш. 2015-жылдын үчтүн айынын (январынын) 19у.Рахманберди ажы жана К.Молдокасымов. Айдаркен ш. 2015-жылдын үчтүн айынын (январынын) 19у.

Аксакал учурашканда эле: “Жакшылап карачы, кимге окшош экенмин?” – деген суроосун узатты.

Жакшылап карасам көгүш тарткан көздөрү, бет түзүлүшү Алмазбек Шаршеновичке түспөлдөшүп кетет экен.

Аксакалдын айтымына караганда, Шаманын атасы Норузбай менен анын 4-атасы Ырыскул бир тууган экен.

Шаманын Кокон ордосундагы капсалаңдуу окуядан кийин из жашырып Күн чыгышка (Чүйгө) кеткендиги тууралуу маалыматты Рахманберди ава мындан 40 жыл алдын чоң атасынан уккан. Чоң атасы көзү өтөөр алдында небересин чакырып, өз чоң атасы Ырыскулдун бир тууганы Шама из жашырып кеткен боюнча дайынсыз болгонун, аны издеп табуусун керээздеп кеткенин Рахман ава эскерип отурду. Ошондон бери анын кабарын далай издеп, бирок эч майнап чыкпай келгенин айтты.

Рахман ава  2001-жылы кыш мезгилинде Бишкекке Оштон учмай болуп, бирок “Манас” аба майданын каптаган коюу тумандан улам бир суткеден ашык Ош аэропортунда калганын, ошондо бир цыган улам айласын кетирип келечегин айтып берем деп ээрчип алганын, акыры “макул, угайынчы” деп кулак төшөсө, ал дароо эле көп жылдан бери тууган издеп убараланып жүргөнүн, издеген тууганы Чүй тарапта бакубат турмушта жашаарын, жакында табышаарын айтат.

Бул кабар Рахман аванын өчкөн үмүтүн кайра жандантып, Шаманын дайынын издөөсүн улантат. Ошол кезде Алмаз Шаршенович да досу Эгемберди Эрматовго чоң аталары тууралуу айтып, аны табууга жардам берүүнү суранат. Эгемберди Эрматов Кокон доору боюнча көркөм чыгармаларды жазып жүргөн жазуучу досу Акпаралы Мусабековго кайрылат. Акыры бул жазуучу тууганы Шаманы издеп жүргөн Рахман ава тууралуу Чоң-Кара айылынан угуп, ага жолугат.

Сураштыра келсе, экөөнүн тең издегени бир болуп чыгат. Натыйжада туура 160 жылдан кийин туугандар бири-бирин табат. Туугандашып катташып жүргөнүнө 10 жылдан ашканын Рахман ава кубануу менен айтып отурду.

Рахман аванын айтканын, издеп келгенин чоңкаралык аксакалдар ырасташты

Рахман авага жолуккандан кийин Алматыдагы архивдик иликтөөмдү кайрадан уланттым. Жогоруда баяндалган архивдик маалыматтар кеңейди. Буюрса архивдеги изилдөөлөр аягына чыга элек, дагы улантылат.

Жакында Рахман аванын айткандарын толуктоо максатында кайрадан Баткендеги Чоң-Кара айылына барып, аксакалдар менен баарлашып кайттым. Чоң-Кара айылынын тургундары негизинен 1959-жылы Кожешкенден көчүрүлүп келгендер экен. Кожешкенде азыр эл жашабайт, жайында гана чоңкаралыктар жайлоого чыгышат.

Кожешкенде төрөлүп, учурда Чоң-Кара айылында жашап жатышкан айыл аксакалдары Жүзбай Жамылбаев (1940-жылы Кожешкенде төрөлгөн), Курсан Бегалиев (1947, Кожешкен), Миңбай Дарманбаев (1940, Кожешкен), Жолдубай Кадыров (1941, Кожешкен), Нажимидин Ташбаев (1952, Кожешкен), Назир Адилбеков (1955, Кожешкен) бир ооздон Рахман аксакалдын Шама аттуу тууганын издеп келгенин ырасташты.

Баткендик аксакалдар. Чоң-Кара айылы, Баткен, Кыргызстан. 2016-жылдын бирдин айынын (февралынын) 24ү.Баткендик аксакалдар. Чоң-Кара айылы, Баткен, Кыргызстан. 2016-жылдын бирдин айынын (февралынын) 24ү.

Баткендик аксакалдар Шаманын атасы Норузбай да ордо кызматына аралашып келгенин, кийин анын ишин баласы Шама улантканын, Шама бардар турмушта жашап, 4-5 айылдын хандыкка төлөнүүчү салыгын өзү эле төлөп келгенин кошумчалашты.

Кокон хандыгындагы капсалаңдуу окуядан улам Шаманын Күн Чыгышты көздөй жашырынып кеткенин санжыраны мыкты билген аталары, чоң аталары Карабай (1958-жылы каза болгон), Асемидин (1952-жылы каза болгон) жана 100 жашка чыгып, 1974-жылы каза болгон Абдрахман аксакалдардан уккандарын карыялар кеп салып отурушту.

Бул аксакалдардын жана Рахман аванын айткан санжырасына караганда Шаманын атасы Норузбай, анын атасы Турсун, андан ары Туматай, Кутуй, Ажы бий, Меңди, Кутан болуп кетет экен.

Норузбайдын баласы Шама Кожешкенден кеткен соң ал чөлкөмдө Норузбайдан урпак калбаптыр. Шаманын атасы Норузбай, анын чоң атасы Туматай дагы балбан кишилер болуптур.

Туматай өтө балбандыгы менен өрөөнгө эле эмес, бүтүндөй хандыктын учу-кыйырына таанымал адам болгон. Ал Кожешкенде сазга батып калган төөнүн бир жаштан өткөн тайлагын сууруп чыгып, бир нече аралыкка тоону ашып көтөрүп келген. Ошондой эле Туматай балбан Кожешкендеги тоону тешип, суу өткөргөндүгү менен да элдин эсинде калган. Азыркыга чейин эски арыктын изи Туматай арык деп аталып келет.

Шама да атасы Норузбай, чоң аталары Туматай балбандан калышпаган алибеттүү, далиси жер жыттабаган балбан болгон. Кокон хандыгындагы ар кандай окуяларга атасы Норузбай сыяктуу Шама да байма-бай аралашып жүрүп, жыйынтыгында кыргыздарга кыянаттык кылган, тери чокоюн унуткан Шералы ханды тактан алып түшүүгө, анын өлүмүнө байланыштуу окуяга жакындан аралашып, натыйжада Мусулманкулдун мыкаачылык жазалоосунан улам, жашыруун жер которууга аргасыз болгон.

Шаманын Чүйгө келип көргөн уулдарынын арасынан Толкунбайдын бою 2 метрге жакын болгонун урпактары менен айылдаштары эскеришет.

Бул жерде кызыгууну жараткан дагы бир маселе: Шаманын Чүйдөгү уулу Атамбай уулун Ысак (жогоруда айтылгандай Чүй жергесинде Исхак Ысак деп аталаары маалым) атаганы. Демек, Атамбай атасы Шаманы куугунтукка алып, өз элинен, өз жеринен из жашырып кетүүгө аргасыз кылган Кудаяр ханды 1875-жылы август айында тактыдан кууп, хан көтөрүлгөн карапайым элдин өкүлү Молдо Исхак Асан уулунун ысымын Атамбай өз уулуна ыйгарып, жаңы төрөлгөн уулуна азан чакыртып Исхак же Чүйдүн шартында Ысак деп атаган.

Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө

Биздин архивдеги иликтөөлөрүбүз мындан ары да улана бермекчи. Өткөн жылы Кочкордун Теңдик айылында жашаган Калыгул олуянын урпактарынын кайрылуусу боюнча Дөөткул Шыгаев, Көбөгөн Шыгаевдердин өмүр таржымалын баяндаган, буга чейин белгисиз архивдик документтерди Алматыдан таап, урпактарынын колуна тапшырган элек. Учурда андай кайрылуулар туш тараптан келип түшүүдө.

Негизги басым 1916-жылдагы Улуттук боштондук күрөшкө жана анын башкы каармандарына, азапка кабылып, кыргынга учураган жалпы элдин тагдырына жасалмакчы. Ал эми Атамбаевдин тегине байланыштуу иликтөөбүз, өз учурунда Токтогул, Шабдан, Курманжан датка, Полот хан (Молдо Исхак), Алымкул аталык, Байтик баатыр, Тилекмат аке жана башка инсандардын тарыхын издөө сыяктуу эле архивдеги изилдөөбүздүн “адашкан убактыларындагы азгырыктын” жыйынтыгы болду.

Эң башкысы архивдик маалыматтар да, оозеки баяндар да Атамбаевдин түпкү теги башка улутка тийешелүүлүгү жөнүндөгү жоромолду эч тастыктаган жок. Тескерисинче, ал нукура кыргыз тегинен экендиги бышыкталды.

ХVIII-XIX кылымда хандыктагы капсалаңдуу окуядан улам ферганалык кыргыздардын өкүлдөрү Чүй, Нарын, Ысык-Көл чөлкөмүнө жер которуп, түбөлүккө мекендеп туруп калган учурлар көп эле болгон. Атагы таш жарган Көлдөгү Сарт аке менен Тилекмат аке бири – Ноокаттан, экинчиси – Кара-Кулжанын Ажыке жайлоосунан жер которуп, касиеттүү Ысык-Көлдү мекендеп, эл башкарып туруп калышса, айтылуу СССР Эл артисти Муратбек Рыскуловдун чоң атасы Болот Өзгөндөн Жумгал жергесине келип байырлап туруп калган. Анын Акмөөргө болгон арзуусу аркылуу жаамы кыргызга таанымал болду. Урпактары таланты менен ааламга таанылды. Актаңдай акын Арстанбек Буйлаш уулу да Алымбек датканын доорунда Фергана өрөөнүндө болуп, Теңир-Тоого, Көлгө кайтканы маалым.  Тарыхта мындай окуялар ондоп саналат.

Шаманын таржымалы да ошондой инсандар менен тагдырлаш. Анын улуу баласы Асанбай арык казып, багбанчылык кесибин аркалап, Бишкек шаарында ысымы түбөлүккө орун тапты.

Шаманын урпактарын бир чөлкөмдүн элине эле ыроолой салуу дегеле мүмкүн эмес. Түпкү мекени Баткен болсо, өздөрү Сары-Өзөн-Чүй эли менен жуурулушту, ажырагыс биримдикти жаратты. Кайрадан атактуу баатыр Чынгыштын:кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө, андайды менин арбагым урат!” деген керэзи кулакка жаңырат.

Чынгыш баатырдын керээзи бир эле Шаманын урпактарына карата айтылган керээз эмес, мүлдө кыргызга айтылгандай туюлат. Кыргыз кыргызды бөлүп өгөйлөсө, ата-бабаларыбыздын арбагы ураарын эсибизден чыгарбасак. Элибиз бөлүнбөй, ар дайым ынтымакта, ырыска бөлөнүп жашашса.

Азырынча сиздер менен Шамага (Шамаматка) жана анын урпактарына байланыштуу учкай гана маалыматтар менен бөлүштүм. Ортодо орун алган окуялар кенен чечмелөөгө алынган жок. Келечекте иликтөөбүз архивдик жаңы даректер менен дагы толукталса, алардын негизинде балким окуяларга кененирээк кайрылып, изилдөөнү улантууга туура келээр, атайын эмгек жазылаар, бардыгын убакыт көргөзөт. Ал эми бул маалыматты толуктоого салым кошом дегендер болсо, же талашып тактык киргизем дегендер чыкса, алар менен байланышууга ар дайым даярмын. Азырынча өзүбүз архивден тапкан жаңылыктар, санжырада айтылган баяндар, жазмаларда кездешкен маалыматтар ушулар. Балким, Шаманын жана анын замандаштарынын урпактары дагы бул макаланы окушса үн катышаар, кошумча-алымчасы болсо айтышаар.

 
Кыяс Молдокасымов, тарыхчы профессор
Э-дарегим: [email protected]

 

Булак: “Азаттык”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: