Menu

Сирияда журналисттер атышуу болгон аймакка кирип калышты

Бөлүшүү:

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков билдиргендей, Сирияда 33 журналист аткылоо күч алган районго кирип калышты. Арасында орусиялык, канадалык, кытайлык жана болгариялык журналисттер бар. Ок атышуу Идлиб аймагынын тегерегинде болгон. Азырынча медиа кызматкерлер тиреш күчөгөн аймакка кирип калганы тууралуу эле айтылууда. Алардын абалы жөнүндө билдирүү жок.

Маалыматка караганда, алар “Жебхат ал-Нусра” экстремисттик тобунун жоочулары ок жаадырган аймакта болгон.

27-февралда күчүнө кирген тынчтык келишимине карабай, соңку 24 саат ичинде Хомс, Алеппо, Дамаск, Латакия шаарларында атышуулар болду.

Дүйшөмбү күнү АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри эмне болгон күндө да тынчтык келишиминин талаптары сакталарын билдирген болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: