Menu

Кылмыштар хроникасы

Бөлүшүү:

Алдамчылык

2016-жылдын февраль айында саат 22.55 чамасында Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы Ш.Э арыз менен, Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгына арызы менен кайрылган, анда: Шопокова жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинен чала тааныш Р.А аттуу бала арыз ээсинин ишеничине кирип, алдоо жолу менен 590 АКШ доллар турган “Кеnоn” фотоаппаратын алып, азыркы күнгө чейин бербей качып жүргөн. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде “Грабитель жана Бродяга” рейдинин жүрүү учурунда, Бишкек шаарынын  тургуну 21 жаштагы М.Р кармалып Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын 35 жаштагы П.В  арыз менен кайрылган анда, 2015 жылдын 8 декабрда чала-тааныш бала ишеничке кирип алдоо жолу менен “Кадилак Эскалайд”, “БМВ Х5” жана “Порш Каен” үлгүсүндөгү автоунааларын алып бербей жүргөн. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Грабитель жана Бродяга” рейдинин жүрүшүндө  Бишкек ш. тургуну 30 жаштагы Ш.С. кармалган. Бүгүнкү күнү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 Уурдоо.

2016-жылдын  29-февраль айында, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына, 21-жаштагы, Бишкек шаарынын тургуну К.И аттуу жаран арыз менен кайрылган: анда 2016-жылдын февраль айында, саат болжол менен 19.30 чамасында, арыз ээсинин үйүнөн белгисиз адамдар кымбат баалуу  “Самсунг” Гелекси уюлдук телефонун  жашыруун уурдап кеткен. Кылмыш Бишкек шаарынын  Биринчи май райондук ички иштер башкы  башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын  тургуну 36-жаштагы  А.Р. кармалган. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Бишкек шаарынын М.Н аттуу тургуну арыз менен кайрылган, анда 2016 жылдын февраль айында болжол менен саат 20.00 чамасында, Буденый жана Чувашский көчөсүнүн кесилишинен белгисиз адамдар люктун ичинен ОсОО “НУР телекомдун” кабелин уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде “Грабитель жана Бродяга” рейд жүрүү учурунда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тургундары   И.А жана   М.Т аттуу жарандар кармалышкан. Бүгүнкү күнү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын тургуну В.В аттуу жаран арыз менен кайрылган анда: 2016-жылдын февраль айында саат болжол менен 21.50 чамасында, К.Акиев дарегинде жайгашкан “Боорсок” соода борборунан, белгисиз адамдар баасы 1542 сомдук ар кандай азык- түлүк товарларын уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде “Грабитель жана Арсенал” рейд жүрүү учурунда, Бишкек шаарынын Свердлов, кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тургундары Б.М.  жана Ж.Р.  аттуу жарандар кармалып тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Уурдоого арекет жасоо.

Бишкек шаарынын тургуну Ч.А аттуу жаран арыз менен кайрылган анда: 2016-жылдын февраль айында болжол менен саат 07.30 чамасында белгисиз азият улутундагы жашы 25-30 жаштагы бала, арыз ээсинин үйүнө кирип уурдоого аракет жасаган. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде “Грабитель жана Арсенал” рейд жүрүү учурунда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тургуну Д.Т. аттуу жаран кармалып тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Банги зат менен кармоо.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкамалыгынын кызматкерлери тарабынан 2016-жылдын 29 февралында, болжол сенен саат 15-00 чамасында Б.Баатыр  жана Л.Толстой  көчөсүнүн кесилишинде, К.С аттуу жаран кармалган аны текшерүү  учурунд  8.1 грам бангизат “гашиш” табылган.Тергөө амалдары жүрүүдө.

2016 жылдын 29 февралында, Ленин райондук ички иштер башкы башкармалыгынын, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, европа улутундагы А.С. аттуу жаран кармалган, аны тинтүү учурунда жашыл күңүрт түстөгү, өзгөчө конопля жыты бар, болжол менен салмагы 10 граммды түзгөн зат (гашиш) табылган. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Мыйзамсыз курал сактоо

2016 жылдын 1 март айында, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкы башкармалыгынын, каракчылыкка каршы күрөшүү тобу тарабынан болжол менен 14.00 чамасында “Арсенал” рейди убагында Бишкек шаарынын Кулиев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен, Жалал-Абад областынын тургуну 48 жаштагы Т.Т аттуу жаран кармалып, өздүгүн текшерүү учурунда жанынан ПМ ULTRA  үлгүсүндөгү пневматикалык пистолети табылган. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшыруу

2016 жылдын 1-март айында,  “Арсенал” рейдинин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 21 жаштагы Ж.Т аттуу тургуну, Айтматов көчөсүндөгү жылуулук трубаларынын жанынан  газотравматикалык револьвер тапанчасын жана 6 даана огу менен таап алып, өз ыктыяры менен тапшырган.

2016 жылдын 1-март айында Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө, “Арсенал” рейдинин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын 25 жашаар, Б.Э аттуу тургуну Осмонкул-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен 19 даана 5,45 калибрдүү окторун таап алып,  өз ыктыяры менен тапшырган.

2016 жылдын 1-март айында Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө,“Арсенал” рейдинин жүрүшүндө    Бишкек шаарынын 20 жаштагы, К.А. аттуу жаран Осмонкул-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 7 даана 5,45-калибрдүү окторун таап алып, өз ыктыяры менен тапшырган.

2016 жылдын 1 март айында, болжол менен саат 22.15 чамасында,  Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, “Арсенал” рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 27 жаштагы Ш.А аттуу тургуну, “Бишкек Сити” соода-борборунун жанынан 5,45 калибрлүү, 8 даана огун таап алып өз ыктыяры менен өткөргөн.

2016 жылдын 1 март айында, болжол менен саат 21.55 чамасында, Свердлов районунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынын “Арсенал” рейд жүрүү учурунда, Бишкек шаарынын 21жаштагы Ж.Н аттуу жараны, Ауэзов көчөсүндө жайгашкан автоунаа жуучу жайынан 5,45 калибрлүү 3 даана, 9 милиметрлүү 4 даана, 7,62 милиметрлүү 1 даана огун табып, өткөрүп берген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: