Menu

Терроризм жана диний экстремизмге каршы иш аракеттер күчөтүлө баштады

Бөлүшүү:

2016-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын офицерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирге Коопсуздуктун

Түштүк аймактык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде өздүк курам менен “Эл аралык терроризм жана регионалдык экстремизм Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары” жана “Эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин идеологияларынын карама-каршылыктары” деген темада видеоматериалдарды көргөзүү менен сабактарды өкөрүштү. Бул тууралуу КР КК БШнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара курал-жарак, согуштук жабдууларды, башка материалдык-техникалык жабдууларды уурдоонун алдын-алуу жана КР КК аскер кызматчыларынын «Ислам мамлекети», «Аль-Каида», «Талибандар», Джебхад-Аннусра” сыяктуу аталыштардагы эл аралык диний-экстремисттик уюмдардын катрына тартылуусунун алдын-алуу максатында өткөрүлдү.

Маалымат катары:Үстүбүздөгү жылы бул сыяктуу сабактарды терроризмге жана диний-экстремизмге каршы күрөшүүнүн  ар түрдүү тематикалары боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик Комитетинин, Мамлкеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын бардык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде мындан ары өткөрүү пландалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: