Menu

“Маданият-тарых-тил каналында” тил маселесине арналган берүү ар шаршембиде түз эфирде чыгып турат

Бөлүшүү:

Жалпыга белгилүү болгондой 2016-жылдын 1-мартында “Маданият-тарых-тил” телеканалы ачылып, “Маданият жана тарых” жылынын алкагындагы жакшы саамалык болду. Телеканалдын ачылышына катышкан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов К.Юдахиндин “Орусча-кыргызча”, “Кыргызча-орусча” сөздүктөрүн тапшырып, берүүлөрдө тилдин тазалыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Мындан ары “Маданият-тарых-тил”  каналында ар шаршембиде кечки саат 7:00дө  тил жаатындагы маселелерге арналган берүү түз эфирде чыгып турмакчы. “Улут наркы улуу тил” деген ураандын астында алгачкы берүү 2-мартта эфирге чыгып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү бирден-бир таяныч болгон КРда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын айланасында сөз болду. Берүүгө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов, Улуттук программанын жумушчу тобунун мүчөсү, КР Президентинин аппаратынын сектор башчысы А.Абдысадыр уулу жана Кыргызтест түзүмүнүн жетекчиси Б.Топоева-Ставинская катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: