Menu

Айбек Мамбетказиев: Парижде акчаны акыл менен жумшасаң, жашап кетесиң

Бөлүшүү:

“Чыныгы париждик болгуң келсе баарына тынбай наалышың керек”,-дейт кыргызстандык менеджер.

Биз чет өлкөгө баарын таштап окууга, иштөөгө, жашоого, карьера кылууга, бала тарбиялоого, өзүн издөөгө жана башка үчүн кеткен адамдар тууралуу баяндамакчыбыз.

Жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктар биздин өлкөнү жакшы жашоо издеп таштап кетишет.Бул дүйнөнүн ар бурчуна тарап кеткен мекендештерибиздин баяны болмокчу. Алар чет өлкөгө барган кездеги кыйынчылыктары, башка менталитет, башка маданияттын өзгөчөлүгү жана бөтөн мамлекетте кандайча ийгиликке жетүүгө боло тургандыгы тууралуу пикир бөлүшмөкчү.

Биздин бүгүнкү каарман Айбек Мамбетказиев, 22 жашта. Франциянын Париж шаарындагы Bassano мейманканасынын каттоо менеджери:

-Мен мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөдөн билим алууну пландап жүргөм. Пекинге же Москвага барууга мүмкүндүк бар эле, бирок 8-класста Парижге келем деп акыркы бүтүмдү чыгардым, анткени мен дайыма ушул шаарда жашоону кыялданчумун. Француз тилин тереңдетип үйрөнө баштадым. Адегенде курстарга бардым, андан кийин жеке мугалим менен билим алдым. Францияга 2011-жылдын башында, январда учуп келдим, Сорбонна университетиндеги тил курсттарын окуп, кийинчерээк бул университетке тапшырууну чечтим. Албетте, башында оор болду, көнүш кыйын экен. Менин француз тилин билүү деңгээлим В1 болчу, бирок тажрыйба жок эле, ошентсе да англис тили мага чоң көмөк берди. Канткен менен дайыма эле англисче сүйлөп тигил же бул жагдайдан чыгып кете алган жокмун, француздар англис тилин анча жактыра беришпейт же болбосо жөн гана бул тилде сүйлөгөндөн уялышат.

Айбек Мамбетказиев: Парижде акчаны акыл менен жумшасаң, жашап кетесиң

Француз тилин ар кандай ыкмалар менен жакшырттым: парктардан отурган улгайган абышка-кемпирлер менен сүйлөштүм, алар көбүнчө эс алып келишет. Аларга абдан ыраазмын, мени менен сабыр кылып сүйлөшүп, каталарымды оңдоп жатышты. Ошондой эле сыйынууларга барып, жергиликтүү ыйык аталар кандайча насаат айтып жатышкандарын укчумун, ушинтип жүрүп өзүмдүн лексиконумду жакшырттым жана маектештин сөзүн түшүнө баштадым. Албетте, басма сөздү көп окудум, радио уктум. Эң негизгиси өз алдынча билимимди кеңейттим, ошондон бери күн сайын жаңы сөз үйрөнүү жана аны лексиконго киргизүү адат болуп калды.

Окууга тапшыргандан кийин бир топ кыйынчылыктарга туш болдум, бул окууга тапшырым жаткан учурда бюрократиялык кылдаттыктардын көбүн билбегендигимден улам болду окшойт. Дагы бир кыйынчылык баш адаштырган окутуу системасынан келип чыкты. Мен бул жакка 17 жашымда эч кандай университеттин жашоосун көрбөй эле келгендиктен мындай системаны түшүнүүм кыйынчылыкты жаратты.

Адегенде Сорбонна университетинин укук факультетине тапшырдым, бирок француз тилин тиешелүү деңгээлде билбегеним үчүн окуудан чыгып калдым, анткени мен окутуучулар берген материал эмне экенин түшүнө алган жокмун. Француздар “Азиат Франциянын укук факультетинде эмне кылып жүрөт?”,- деп көп таңкалышчу. Бул багыт чындыгында дүйнөдөгү эң татаал деген багыт болгондуктан француздар өздөрү да андан качат. Иши кылып кетишке туура келди, бирок мен үйгө барбайм деп чечип, жашоого иштеш керек болуп калды, жумуш издедим.

Жумуш жөнүндө

Жумушту аябай издедим, эмне болсо деле мейли-официантпы же куруучубу баарына макул элем. Ошол маалда биздин мекендешибиз Алмазды жолуктуруп калдым, ал турмушумдагы кыйын учурда жардам берип, мейманкана ишинде жумуш сунуштады. Ал мага “Сен француз тилин жакшы сүйлөйт экенсиң, орус жана англис тилдерин билесиң. Сен бул жаатта табылбаган адиссиң”,-деп айтты.

“Ошентип мен Париждин баардык мейманканаларына резюме жөнөтө баштадым. Бир нече убакыт өткөндөн кийин мага телефон чалышып, Елисей талаасынын жанындагы төрт жылдыздуу мейманканадан жумуш иштөөмдү сунушташты. Бул аябай кооз жер, бул аймакта эң бай мекемелер жайгашкан. Албетте, аябай кубандым, бирок болгону жүк ташуучу жумушуна алышты, бул мейманкана иерархиясы боюнча эң эле төмөн турган жумуш. Бирок мен аракет кылып карьералык тепкич менен жогорулай баштадым. Мен азыр ресепшн жана кардарлардын өтүнүчү боюнча эң башкы кызматкерлердин биримин.

Ишим аябай жооптуу. Кадимки check-in функциясы же болбосо check-out (эскертүү: кардардарды каттоо жана жайгаштыруу процедурасы) тышкары биз мейманкананын ар түрдүү сервисттерин координациялоону дагы ишке ашырабыз, номерден мейманкана канча акча тапканын, эртең мененки тамактан канча акча табылганын, кыскасы кирешелер тууралуу отчет беребиз. Ошондой эле брондоо жана конокторду кабыл алууну көзөмөлдөйбүз.

Тейлөө

Мен Кыргызстандагы тейлөө менен Франциянын тейлөөсүн салыштыра албайм, анткени бул бизнес биздин өлкөдө кандай өнүгүп жатканы тууралуу кабарым жок. Мейманкана бизнеси боюнча мектепте окуп жаткан учурда мен бир нерсени – бул бизнес дүйнөнүн баардык жеринде Нью- Йорктон Пекинге чейин универсалдуу экенин түшүндүм. Баардык жерде тазалык, тартип, жакшы кызматчылар жана брондоонун туура менеджменти бааланат. Эгерде бул эрежени колдонушса, кайсы гана мейманкана болбосун кардарын тартып, киреше таба алат. Ошондуктан биздин өлкөдө сапаттуу тейлөө болушу керек жана эл дагы тейлөөнүн туура баалап, сыйлашы кажет.

Албетте кардардыкы дайыма туура, бирок ал өзүн чочкодой алып жүрсө кечиресиздер, жогорку тейлөө жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.

Бирок мейманкана менен ресторандын ээлери акчаны аябай алып жана кардардын пикири менен эсептешпей коюшуна жол берилбейт. Бул жерде аябай чоң жумуш жасалышы керек, эгерде баары жакшы болсо Кыргызстан чет элдиктер саякаттай турган кызыктуу багыттардын бири болуп калышы ыктымал.

Француздар

Француздар табит жана сулуулук менен жашаганды билишет. Алардан көп нерсени үйрөнсөк болот. Кайсы бир мүнөзүбүз менен биз окшошуп кетебиз, мисалы, митинг менен нааразылык акцияларына чыккан жагыбыз менен. Алар ушунткенди жакшы көрүшөт жана бир аз эле нааразы болсо көчөгө чыгышат.

Алар “Франция адам укуктарынын өлкөсү” деп кайталай бергенден тажашпайт. Бул жерде биринчи кезекте адам инсан катары өнүгө алат.Муну кенедейинен акылдарына куят. “Эркиндик,Теңдик жана боордоштук” деген улуттук урааны алардын баалуулуктарын жакшы чагылдырып турат.

Ноябрда болгон терактардан кийин көбү коркуп калды, Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүнөн баргандарга абайлап мамиле кылышат, бирок француздардын башкы коркунучу- бийликке аябай эле оңчул катары кабыл алынган Марин Ле-Пен сыяктуу саясатчылардын келиши. Андан башка ким болбосун добуш беришсе болду, болгону бул аял шайланбаса дешет.

Айбек Мамбетказиев: Парижде акчаны акыл менен жумшасаң, жашап кетесиң

Француз аялдарынын өзгөчөлүгүнө токтоло турган болсок, алар табиятынан эле стилди сезе билишет. Өздөрүн жана убактысын баалай билишет. Алардын коомунда “күйөөгө чыгышың керек” же “бала төрөшүң керек” деген чектөөлөр жок. Аябай эле тыкан – эч качан шиш така кийип же кереги жок учурда “тонналаган” косметика колдонушпайт, бирок күнүмдүк учурда стил менен кийинишет. Ошондуктан француз аялдары кино менен адабиятта дайыма шарм менен элегенттуулуктун эталону болуп келген.

Француз эркектери менин байкашымча аябай эсепчил, алды артын карабай жүрүп, бара-бара токтолгон кезде олуттуу жана жоопкер болуп калышат.

Париж

Париж – аябай эле космополиттердин шаары жана чет элдиктерге бул жерде көнүп бүтүшкөн. Биздин мейманканада мисалы бул жааттагы эң эле ар улуттан турган команда иштейт. Сербия, Шри-Ланка, Бангладеш, Украинадан келгендер бар.

Чындыгында италиялыктар менен испандар бака-шака боло беришет, ал эми немистер так жүргөндү жактырышат. Орус тилдүүлөр жөнүндө Парижде “алар эч канча жылмайбайт жана тоңдоосун жүрүшөт” деген стреотип калыптанган. Чынында эле алар менен сүйлөшмөйүн орус тилдүүлөр өздөрүн ушундай алып жүрүшөт.Сүйлөшө келсек чыныгы орус жан дүйнөсү ачылат.

Парижде жашоо кымбат, бирок акчаны акыл менен жумшасаң жашап кетесиң. Бул жерде турак-жай аябай эле кымбат болгондуктан алган айлыгыңдын теңи эле коммуналдык тейлөө менен ижара акыга кетип калышы мүмкүн. Дагы бир канча акча тамак-ашка сарпталат, бирок ресторандарга капчыкты кактырбай үйдөн тамактансаң, толук кандуу эле французча жашоого болот.

Французча жашоо образы-тез көнүп кете турган нерселердин бири. Бул мыкты тамак-аш жана мыкты вино, албетте кечки тамакты сыр жана кофе менен бүтүрөсүң.

Парижде парижче сүйлөө стилин жакшылап үйрөнгөндөн кийин гана “өзүбүздүкү” болосуң, эгерде башка аймакка кете турган болсоң акцентиңден эле Парижден экениңди билип коюшат. Чыныгы париждик болгуң келсе баарына тынбай наалып, тыюу салынган жерге чылым чегип бүтүп алып, ушуга дагы наалып коюшуң керек. Бирок чыныгы париждиктин өзгөчө белгиси – бир нерсеге нааразы болуп “Пфффф” деген сөздү көп колдонушу.

Айбек Мамбетказиев: Парижде акчаны акыл менен жумшасаң, жашап кетесиң

Bonjour, madame!

Бул жерде жашап келечекти пландаганга: баарын алдын ала билүүгө, бир нече айга алдын ала даярданууга жана ишти бүтүрбөй жүрө бербей өз убагында жасоого үйрөнөсүң.

Француздардын сылык-сыпаа манерасы бул стереотип эмес, бул сүйлөшүү нормасы. Париждиктер менен сүйлөшкөн учурда дипломат жана байкагыч болуу керек, анткени түз айтуу бул жерде кополдук жана адепсиздик катары кабыл алынып калышы мүмкүн.

Бул жерден кааласаң, каалабасаң дагы таланттуу, тарбиялуу болуп чыга келесиң, кечирим сурайсың, баары менен: дүкөнчүдөн тартып, автобустун айдоочусуна чейин саламдашасың, коштошкон кезде дагы жакшы күн каалап коштошууң керек.

Азырынча Кыргызстанга барууну пландаган жокмун. Бул жерден карьера түзүп, башка мамлекеттерди кыдырып, өзүм үчүн жаңы нерселерди ачкым келет, ошондуктан Парижде калууну чечтим.

Айбек Мамбетказиев: Парижде акчаны акыл менен жумшасаң, жашап кетесиң

Булак: kabarordo

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: