Menu

Мээрбек Мискенбаев КСДП фракциясынын депутаты : “Айрым аймактарда жергиликтүү хандар пайда боло баштаптыр!”

Бөлүшүү:

Айрым аймактарда жергиликтүү хандар пайда боло баштаптыр! Айта кетсем Таласта Бек-Молдо деген айыл өкмөтү бар. Мына ошол айыл өкмөт башчысы Токтогул Абдыкадыров кызматын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз иш аракеттерге барып жатат деген кайрылуу айылдын жашоочуларынан жана Бек-молдо айыл аймактык кеңешинин айрым депутаттарынан келип түштү.

Аталган айыл өкмөт башчысы акыркы жолу кызматтка олтургуча эки жолу айыл өкмөт башчсы болуптур жана эки жолу Соттолуптур. Бирок Токтогул Абдыкадыровду кызматтан алуу акимдин, губернатордун да колунан келбей жатканын жергиликтүү тургундар айтып жатышат.

Айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Токтогул Абдыкадыровдун иниси Эмил Абдыкадыров мурда Бишкектин вице-мэрлик кызматын аркалаган. Ал дагы өз кызматын кыянаттык менен пайдаланып 24 бала бакчаны менчиктештирип алган деген айып-дооматтар тагылган. Бүгүнкү күнү ага болгон кылмыш иши токтотулуп турат экен.

Кече жакында эле аким баш болуп  Токтогул Абдыкадыровду кызматынан четтетиптир, бирок ал адам кызматка калуунун амалын издеп Сотко кайрылам деп жатыптыр.

Ал эми элдин талабы болсо Бек-Молдо айыл аймактык кеңешинин курамын жаңыдан шайлап ошол аймакта жайгашкан жер-үй алтын кенин жаңы адамдар жергиликтүү бийликке келсе гана чын дилибизден иштетүүгө даярбыз деп жатышат.

Себеби мурдагы айыл өкмөт башчысынын айланасында чогулган адамдардын баары элдин кызыкчылыгана каршы келген иш аракеттерге барып, калктын ишениминен чыгып, жергиликтүү бюджетти өз чөнтөктөрүнө салып жүрүшкөн.

Аталган айылдык кеңештин катчысы Өмүралиева Сайкалга дагы буга чейин кылмыш иши козголуп Соттолгон экен, учурда дагы жөлөк пул боюнча иши Сотто. Мына ушул айым мыйзам боюнча азыркы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп калат экен. Ал эми Бек-Молдо айылдык кеңешинин төрагасы Орозалиев ага кошулуп айылдык кеңештин курамынын жарымынан көп депутаты Абдыкадыровду колдоп айыл тургундарынын кыжырына тийип келишкен. Бир сөз менен айтканда Абдыкадыровдун мафиясы жер-үй алтын кени жайгашкан Бек-Молдо айыл өкмөтүн каалагандай башкарышып, жергиликтүү бюджетти каалагандай калчашып ар кандай мыйзам бузган иш аракеттерге барып жүрүшкөн.

Урматтуу Ашырбек Мойдунович жогорудагы аталган маселелерге өтө олуттуу көңүл буруңуздар жана ал маселени карапайым калктын кызыкчылыгы үчун чечип бериңиздер! Анткени ал айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргызстандагы эң чоң кендердин бир Жер-үй жайгашкан. Ошондуктан бүгүн элдин маанайына карап ишти баштабаса эртең башаламандыктар болуп кетишине түздөн-түз себеп болушу мүмкүн!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: