“Акыркы эки-үч айда кыргыз өкмөтүнө расмий суроолорду камтыган каттарды жөнөткөн элем. Өкмөттөн мага кат жүзүндө жооптор келди, бирок каталары абдан көп экен. Эки эле беттен турган каттан 25 ката таптым. Эгер гезитке же интернетке мындай каталар менен жооп жарыяланса, аткаруу бийлиги шылдың болот. Өкмөт башка мамлекеттик органдарга үлгү болуш керек”, – деди бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ