Menu

Жалал-Абадда Чийбыл болуштун айкелин тургузуу сунушталды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасынын айлампасына Чийбыл болуштун эстелигин тургузуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясында шаардык кеңештин депутаттарынын кезексиз XXXI сессиясында маалым болду.

Демилге көтөрүүчүлөрдүн бири Бекболот Ибрагимовдун айтымында, Чийбыл болуш 24 жыл Жалал-Абад шаарында болуш болуп жүргөн. Эркиндик, боштондук үчүн күрөшкөн, тарыхта чоң орду бар инсан болгондуктан анын эстелигин шаар аймагына орнотууну сунуштап жатабыз.

Борбордук көчөлөрдөгү айлампалардын бирин шаардык кеңештин депутаттар чечип беришсе, болуштун айкелин өзүбүз тургузмакбыз. 6 метрлик бийиктиктеги эстелик  тургузулат. Ал эми айкелди жасоого бир миллиондон ашуун каражат керектелет, аны Көк-Арт эли көтөрүшмөкчү, – дейт Б.Ибрагимов.

Айкелди тургузуу сунушун шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан колдошуп, Спутник кичи шаарчасындагы айлампага эстелик тургузууну макул деп табышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: