Menu

Атаханов карыздарынан качан кутулат?

Бөлүшүү:

Атамбаевдин аркасы менен багы ачылып, кыска убакыттын ичинде таасирдүү чиновниктердин катарына кантип кошулуп калганын өзү да анча элес албай калган Шамил Атаханов деген ысым кандуу 7-апрелге чейин кыргыз коомчулугуна анча деле белгилүү эмес болчу. Бул адамдын багы ошол элдик революциядан кийин ачылды. Ачылмак тургай, үлкөн болуп  аты аталды десек да жарашат. ИИМди жетектеп, вице-премьер министр болуп турганда өз билгенин жасап, элдин бир топ эле кыжырын кайнатты.

Ал саясатка аралашканга чейин,               тагыраагы, 1990-жылдары Кыргызстанда алгачкылардан болуп, “Кыргызстан” пенсиялык фондун  түзүп чыккан. Айтмакчы, жанагы Кыргызстандагы 150 партиянын ичинде Атахановдун “Пенсионерлердин партиясы” деген аталыштагы аты бар, заты жок партиясы да бар. Ал бул партияны бир топ жыл жетектеген. Көп тармактуу бизнес менен шугулданып чоң-чоң ийгиликтерге жетишип, тез эле капчыгы калың адамдардын катарынан орун алган.

Анын бир мисалы катары борбор шаарыбыздын чок ортосунда турган “Хаят” мейманканасынын 20 пайыз акциясына ээлик кылууга жетишкенин айтсак жетиштүү болор. Мындан тышкары, ал өз убагында Бишкек экономикалык академиясын да бир топ адамдар менен түзүп чыккан. Учурда аталган академиянын жалгыз кожоюну, себеби өнөктөштөрүн ар кандай ыкмалар менен алдап жолго салгандыгы айтылат. Атахановдун бизнестери муну менен эле түгөнбөйт. Маселен, ал 1995-жылдардан кийин “Марко-Поло” бириккен ишканасын да жакын достору менен түзөт. Албетге, иштин башталышында аталган ишканага бир топ чоң акча сарпташканы белгилүү. Ал ишканасы кийин кирешеси арбын түшкөн чоң ишканага айланат. Бул маселелер боюнча өтө кызыктуу фактылар көп. Бир башына ушунча ишканаларды ачып, анан да напсисин тыя албай калган Атаханов бизнесте бирге болгон бир кездеги досторун алдап, аларга миңдеген долларды бербей, “карызы бардын ырысы бар” деп, уялбай 68 жаштын тамагын ичип олтурат. Шамил мырзанын өтө шар кеткен бизнестери жана андагы мыйзамга туура келбеген окуялары, карыздары тууралуу гезитибиздин кийинки сандарында толук маалымат ала аласыздар.

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: