Menu

“Чет элдик агент” статусун Чолпон Жакуповга бергиле

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн  жөнгө салуу, көзөмөлгө алуу, аларга мыйзамды бузган учурларда “чет элдик агент” деген статус берүү боюнча мыйзам долбоорун “нпочулар” эчактан бери четке кагуу боюнча чоң аракеттерди көрүп келет.

Буга чейин президентке жана парламентке бул мыйзам долбоорун кабыл албоо өтүнүчү менен 120 өкмөттүк эмес уюмдар кайрылуу жолдошкон. Мына ошолордун ана-башында “Бир Бол” партиясы менен депутат болуп шайланып келген, өзүнчө эле жулунуп сүйлөгөн Чолпон Жакупова деген аял турат. Ал узак жылдардан бери Американын саясатын кош колдоп, ал жактан “агып” келген арам акчага “Адилет жана укук” деген аталыштагы өкмөттүк эмес уюм түзүп алып, туура маселелерге деле туурадан чыга калып кийлигишип, кыргызды боктоп келгенин жалпы эл жакшы билет.

Чынында Американын акырынан жем жешкен “нпочулар” эчактан бери кыргыз мамлекетинин ички, тышкы саясатына туздөн-түз кийлигишип, көкүрөктү койгулап керсетме берип, улуттук каада-салт жана баалуулуктарды тебелеп-тепсеп, “демократия” деген сөзгө сүлүк курттай жабышып, теңирден тескери саясатты жүргүзүп душмандык кылып келишет.

Чокчоңдоп көп учурда орусча сүйлөгөн  Чолпон Жакупова эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, ошол эле күнү өлүп берчүдөй өкүрүп сүйлөп жүрөт. Негизинен мындай мыйзам түпкүлүгүКыргызстанга керек. Андыктан, ажобуз бул маселени колдоого алат деген үмүтүбүз  бар. Жакуповага окшогон “нпочулардын” тилеги ташка тийсин. Кудай буйруса, бул мыйзам кабыл алынып калса, анда “чет элдик агент” деген статусту биринчи Жакуповага берүү зарыл. Ал андай статуска абдан эле татыктуу. Азыр ага ансыз деле бул статусту берип койгондор четтен табылат

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: