Menu

Түлөбердиевден түңүлбөй коюшту

Бөлүшүү:

Ринат Түлөбердиев деген эски бийликтин жакшылыгын кеп көргөнн бир “сырдуу” жигит бар. Ал Бакиевдин үй-бүлөөлүк бийлигинин тушунда президенттик резиденцияда иштеп, канкор Курманбек Бакиевдин колуна суу куюп, “шеринесине” эки-үч айлык козуларды сойдуруп, тасмалына алыскы мамлекеттерден алынып келген кымбат арактарды койдуруп, күнүгө болбосо да, күн алыс же ажонун “аппетити” ачылган кездерде анын койнуна айыпсыз сулуу кыздарды салдырып, эртеси баш жазарына эчкини саадырып жүргөндүгү арбын айтылып да, гезит беттерине жазылып да жүргөн.

Кыскасы, ал эси жок эски бийлик тушунда Бакиевдин сүймөнчүгү болчу. Анан эмне болду? Бул таалайы таштан чоң  неме апрель революциясында Бакиевди такыр тааныбаган киши болуп, тез эле, так айтканда резиденциядагы качкын президент жаткан “гарем” бөлмөсүнүн терезесинен “секирип” чыгып, Атамбаев тарапка өтүп кетип, жоопкерчиликтен кутулуп, анын ордуна башкалар тутулуп, ордунда иштеп кала берген.

Ага Ак үйдөн  бир-эки жыл мурун ишеним көрсөтүлүп, алыскы Туркиядагы Стамбул шаарына генералдык консул кылып узатышканда, жалпы коомчулук жактырбай, анын дарегине жаман сөздөрдү айткан болчу. Ал жакта эмнелердин ичинен чыгып, кандай иштерге башын тыгып келгенин (кылыктары менен былыктары кийин деле ачыкка чыгаар) ким билсин, айтор жакында эле ал кызматынан бошоп келип, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды. Мына сага, азыркы бийлик Тулебердиевден эч эле  түңүлбөй  койду го. Бизде моралдык укук деген эч эле иштебейт. Айла жок, “алтын кадрларга” карк болуп, “карт” кекирип жүрө берет экенбиз да.

 Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: