Menu

Президенттик аппараттан жалтактаган Сариев министр Батыралиевди кызматтан ала-албай жатабы?

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлигинин байкоочу кеңеши министр Талант Батыралиевдин «өзүн-өзү билип, өтугун төргө илип» жатканын айтып, жер сабап чыгышты. Көрсө, буга дейре башкы дарыгерлер атайын конкурстан  өтүп анан гана кызматка дайындалышса, азыркы ми­нистр келгени андай салт жоголуп, кызматка өзү каалагандай коюп жатканын ак халатчандар бир ооздон баса белгилешүүдө. «Тегин жерден өрт  чыкпаган»  сыңар, аталган системада чындап ошондой өзүм билемдиктер орун алып келатканын буга дейре бир катар гезиттер аркылуу дарыгерлер кулак кагыш кылышкан. Батыралиевдин мындай «ээнбаштыгына» өкмөт башчы Темир Сариев президенттик аппарат жетекчисинен коркконунан чара көрө албай жаткандыгы жалганбы? Борбордогу «Тез жардам» кызматынын жетекчиси Шаяхмедов эч кандай конкурсу жок эле Т.Батыралиевдин «батасы» менен отуруп алгандыгы калппы? Баарынан кызыгы, Шаяхмедовдун «151» номурундагы өзүнүн жеке менчик «тез жардамы» да бар экен. Эртели- кеч кызматтан кетээрин билген бул ойрон азыр мамлекеттик «тез жардам» кызматын талкалап, жалпы журт жалаң «151» номурунан жардам сурап кала тургандай кылып жатпаганына ким кепилдик бере алат? Чындап келгенде бул эки мекеме бири-бирине атаандаш экени жалганбы? Баса, Шаяхмедовго чейин аталган орунда жакшынакай жаш жигит иштеп жүргөнү, аны карт карышкырлар жалпайта чаап, жайытын ээлеп алышканы качан ашкереленет? Анысы аз келгенсип, Медакадемия ректорунун мыйзамсыз айлык алуусу, анын ап­парат башчысынын пара алып жатып каза болуусу да аталган министрликтин алешемдиктеринен улам экени белгилүү. Кызык, бу ректор Зурдинов менен министр Батыралиев өз тармактарында качанкыга дейре бил­ген «боткосун чала беришет»? Мындай шартта, өкмөт чукул чара көрүп, саламаттыкты сактоо системасына качан тартип орнотот?

Канжар БОРПОШОВ

Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: