Menu

Ташиев, Келдибеков, Мадумаров тандеми кайда алпарат?

Бөлүшүү:

Оппозиция Камчыбек  Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров менен күчтөнүп, Кыргызстанды саздан чыгарууга аракеттенип жатыптыр. Колдош керекпи?

Акин Токталиев, коомдук ишмер: «Алсызды ким ээрчисе, күч ошонун колунда”

– Хадисте айтылат: Күч күчтүүлөрдө эмес, күч алсыздарда. Ким алсыздарды артынан эрчитип кетсе, күч ошолрдун колунда дейт.

 

 

 

 

 

Адил Турдукулов, «Прогресс» фондунун жетекчиси: «Булардан башка дагы 3-4 оппозициялык топ бар»

-Эми эл үчүн чындап иштейин десең бийликке барыш керексиң. Булардын биригип жатканы  туура эле нерсе.

Бириккен оппозиция деп Мадумаров, Ташиев, Келдибеков үн кагышыптыр Менин билишимче Мырзакматов буга кошулган жок. Албетте биригүү болгону жакшы. Бирок бул жерде түндүк жактан орчундуу фигуралар жок болуп жаткандай көрүнөт.

Азыр менин билишимче дагы 3-4 көбунчө тымызын иштеп жаткан оппозициялык топтор бар.  Баарыбыз бир күчкө топтолобуз деген үмүтүм бар. Мен жеке биригүүгө  аракет жасайм.

Рита Карасартова, адвокат: «Азыртан айтуу кыйын»

-Менин жеке пикиримди айта турган болсом, азыр адамдарга ишенбей калган  убагым. Ошон үчүн өздөрүн оппозициябыз деп жарыялап жаткандар  максаттарын кантип ишке ашыраары тууралуу  иш пландарын жазып беришсе гана ошого жараша оюбузду айтмакпыз. Ошондуктан, азыртан буларды андай болот, мындай болот деп жооруган туура болбой калат.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: