Бүгүн, 3-март 2016-жылы Кыргызстандын «Эл Үнү» коомдук саясий кыймылы өлкөнүн экинчи борбору болгон Ош шаарында 2016–жылдын 24-мартында Элдик курултай өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине «Эл Үнү» коомдук саясий кыймылы билдирди.
Аталган кыймыл Элдик курултайда эки маселе талкуулана турганын өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттарына маалымдады.
Аталган курултайда өлкөдөгү саясий-экономикалык абал жана учурдагы мамлекеттик бийликтин тагдыры талкууланат.
Курултайга республиканын бардык аймактарынан жана өлкөнүн оппозициялык күчтөрүнөн делегаттар катышат.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Эл үнү” коомдук саясый кыймылын революционер Азимбек Бекназаров жетектейт.
Булак:Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ