Menu

Жогорку Кеӊеште “КР Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам кабыл алынды

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам аркылуу Соцфонд бюджетинин 2016-жылга карата негизги көрсөткүчтөрү бекитилди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Соцфонддун 2016-жылга  бюджети кирешелер боюнча 42 млрд 885 млн 485 миң сом, ал эми 2017-жылга божомолу 45 млрд 529 млн 400 миң сом жана 2018-жылга божомолу 48 млрд 754 млн 464 миң сом өлчөмүндө түзүлдү. Ошондой эле, 2016-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 24 млрд 828 млн сом өлчөмүндө болот.

Республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу 2016-жылы пенсиянын базалык бөлүгү республикалык бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө керектелүүчү каражаттар 95 пайыз өлчөмдө, 2017-жылдан жана кийинки жылдары 100 пайыз өлчөмдө каржылана баштайт. Ошондон улам, Соцфондго республикалык бюджет аркылуу 17 млрд 46 млн 399 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү чаралары каралды.

Соцфонд бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 854 млн 460 миӊ сом көлөмүндө каражат каралган. 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия өлчөмүнүн орто эсеп менен 10 пайызга же 470 сомдон кем эмес көбөйүшү күтүлөт.

Ал эми пенсияларды чектөө жана жеткирүүгө кетчү чыгымдар 354 млн 734 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Анын ичинде пенсия чектөө жана кайра эсептөө үчүн бланктарды сатып алууга, пенсияны Соцфондунун баардык аймактык бөлүмдөрү аркылуу жеткирүүгө 8500 миң сом, пенсия төлөө боюнча кызмат көрсөтүүсү үчүн «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасына 295 млн 150 миң сом жана коммерциялык банктарга 51 млн 83 миң сом сарпталат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: