Menu

Жолборс Жоробеков: “Университеттин абалына жүрөгүм ооруйт”

Бөлүшүү:

-Агай, КУУнун профессо­ру, илимпоз катары Кыргыз улуттук университетинде болуп жаткан окуяларга кандай комментарий бересиз?

-Мен улуттук университет жөнүндө  абдан чоң материал даярдаган болчумун. Ал макаламда ректор Адамкулова, биринчи проректор Усекеев, чарбалык иштер бөлүмүнүн башчысы Асанбеков, илим боюнча проректор, алардын компетентсиздиги жана илим-билими жөнүндө фактыларды келтирип жазгам.

Бирок, ал макаламды азыр ЖМКларга бербейм. Анткени, бири тергөө жүрүп  камакта, экинчиси ооруканада жатса, менин ал макаланы чыгарганым мусулманчылыкка да, адамгерчиликке да туура келбейт. Бирок, жамааттын бир мүчөсү катары университетке жүрөгүм ооруйт.

Кыргыз улуттук университе­та бүгүнкү күндө  мышык ыйлай турган абалда. Эгер СССР убагында союздагы он ЖОЖдун катарына кирсе, азыр республикадагы он окуу жайдын катарына араң-араң илешет.

Бул окуядан министрлик, өкмөт башчысы бир жыйынтык чыгарат деп ойлойм.

 

Керим МУРАС

Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: