Ноокен районунда өзүн милиция кызматкерлери катары тааныштырган эки эркек бойго жетелек кызды күч колдонуп, зордуктап коюшкан. Бул тууралуу жабырлануучунун энеси укук коргоо органдарына арызданды.
16-февраль күнү азиат улутундагы эки жигит «Ниссан Примера» автоунаасына кызды салып, айылдан тышкары алып чыгып, ит кумарларын кандырган. Окуядан көп өтпөй эле Жазгак айылынын тургундары, 1995-жылы туулган Р. уулу Н. менен 1994-жылы туулган Б. уулу А. кармалды. Экөө тең күнөөлөрүн мойнуна алып, Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши ачылды.
Булак: “Азияньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ