Menu

Элдин каршылыгына туш келген Узун-Акмат

Бөлүшүү:

Токтогул районунда ушундай аталышта суу бар экендигин баарыбыз эле билген менен, анда алтын да кошо бар экендигинен көпчүлүгүбүздүн кабарыбыз жок болчу.

Азыркы жер-суунун баары менчиктештирилип, кызарган жердин баары таланып-тонолуп жаткан учурда ушул табияттын байлыгына да кимдир-бирөөнүн көзү түшүп, алтын казууга лицензия алган экен. Бирок ошол табышмактуу тараптын аты-жөнү белгисиз болгон менен алгач “Спектр” деген ЖЧК кен казууга уруксат алып, кийин “Кассана Минералска” деген аталышы бөтөн фирмага өткөн экен. Эми ошол тарап кен казууну баштаганда жергиликтүү эл каршы чыгууда. Алар алтын кени казылчу жерге жакын урандын кору барын, ал экологияга зыян алып келээрин жүйөө кармашууда. Ал эми адистер Узун-Акмат суусуна жакын жерде урандын кени жок деп билдиришүүдө. Демек, жергиликтүү элдин байлыгын гана талап-тонобостон, алардын келечегин, ден соолугу менен экологиясын бузуп жаткан ким жана кайсы компания болду экен? Эмне үчүн алар эл менен ачык сүйлөшкүсү, тапкан кирешесин бөлүшкүсү келишпейт?

 

 

“Майдан-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: