Menu

Кыргызстан таасирдүү агенттерди издөөдө

Бөлүшүү:

Кыргызстандын депутаттары кайрадан чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды талкуулай башташты. Эки жылдан бери парламентте жаткан мыйзам долбоору бейөкмөтуюмдарга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү карайт. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, алардын саны 13 миңге жакын. Бейөкмөтуюмдардын саны жагынан Кыргызстан КМШда болбосо да, Орто Азияда эң алдыңкы орунда турат.

Эгер мыйзам күчүнө кирчү болсо, Кыргызстандын мыйзамдарында «чет элдик агент» деген түшүнүк пайда болот. Бул макам чет элдик уюмдардан, чет өлкөлөрдөн, же чет өлкөлүк жарандардан каржылоо алган бейөкмөт уюмдарга ыйгарылат. Мамлекеттик органдардын ауди­ты «чет элдик агенттердин» чыгымдарын, кирешелерин, ошондой эле бул уюмдардын кызматкерлеринин саны, айлык акыларынын өлчөмү жөнүндөгү маалыматтарды текшере баштайт.

Мыйзам долбоорун, анын плюстары менен минустарын талкуулоо аябай саясатташып, катуу талаш-тартыштар менен коштолууда.

Укук коргоочу уюмдардын кызматкерлери, айрым элчиликтердин өкүлдөрү жана батышка жан тарткан жергиликтүү саясатчылар бул мый­зам долбоорунун кабыл алынышына каршы. Бейөкмөт уюмдардын терс реакциясын алар минтип түшүндүрүшүүдө: «Эгер мыйзам күчүнө кирчү болсо, бейөкмөт уюм­дардын мейкиндиги тарыйт, мамлекеттик органдардын турмушуна жарандык катышуу азаят. Бул өз кезегинде коррупциянын көбөйүүсүнө, ачыктыктын азаюсуна алып келет».

Мыйзам долбоорунун демилгечилери жана айрым чиновниктер мыйзам бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тунуктук киргизип,  ошондой эле алардын кимиси өз мекенинин кызыкчылыгы, кимиси чет элдик заказчылардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандарын айкындайт деген пикирде.

Де­путат Исхак Масалиев мин­тип белгиледи: «Мамлекет бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөп, жөнгө салууга тийиш. Алардын көбү бир жыныстуу никелерди пропагандалашат. Бул болсо, Кыргызстандын маданияты менен менталитетине туура келбейт. Ошондой эле бейөкмөт уюмдардын револю­ция жасоодогу ролу да аябай жогору».

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардыкөзөмөлдөө чындыгында эле өтө талуу маселе. 90-жылдардын башында Аскар Акаевдин либералдуу режиминен пайдаланып, республикада бир нече жүз чет элдик уюмдар өз ишмердүүлүгүн жайылтышкан. Алардын арасында балдар ме­нен кары-картаңдарга жардам берген, жаштарды окутууга көмөктөшкөн, аялдарды үй-булөлүк зомбулуктан коргогон, гуманитардык багыттагы бейөкмөт уюмдар да бар болчу. Бир сөз менен айтканда, алсыраган мамлекет жасай албаган, же жасоону каалабаган иштерди ошолор жасашкан.

Калган бейөкмөт уюмдар болсо, көбүнчө саясат менен байланышкан, демократиялык коомдун стандарттарын киргизүү, депутаттар жана чиновниктер менен иштөө, жөндөмдүү жаштарды чет өлкөлөргө окууга, саясатчыларды, журналисттерди стажировкага жөнөтүү, митингдерди жана пикеттерди уюштуруу, шайлоолорду көзөмөлдөөгө  катышуу сыяктуу коомдук ишмердүүлүккө кетишти.

Болжолдуу баалар боюнча, азыр активдүү иштеп жатышкан уюмдардын көбү өзүн-өзү актабайт, каржылоо көбүнчө  чет  өлкөлөрдөн келет. Гранттардын булагы болуп көбүнчө АКШ жана Европа союзу эсептелет. Уюмдар­дын 10 пайызга жакыны Рос­сия, Араб өлкөлөрү, Япония, Түштүк Корея жана Кытай тарабынан каржыланат. Бирок, гранттардын агымы туруктуу эмес, мисалы, АКШнын авиабазасы өлкөдөн чыгарылган соң, Пентагондон келчү каражаттардын агымы кыскарды.

Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн тематикасы да коньюктурага жана булактардын талабына жараша өзгөрүп турат: бүгүн адам укугу болсо, эртең конфликгтик потенциалды төмөндөтүү, бүрсүгүнү өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу болушу мүмкүн.

Программалардан жана тренингдерден өткөн, чет элден каржылоо алган бейөкмөт уюмдардын жана алардын кызматкерлеринин көбү пикеттерге жана митингдерге өз тарапташтарын мобилизациялоо жөндөмдүүлүгүнөн улам жергиликтүү саясатчылардын көңүлүн бурдуруп келет.

Бирөөлөр үчүн бейөкмөт уюм­дар болжолдуу союздаш болсо, дагы бирөөлөр үчүн «албарстыларга аңчылык кылуунун» объектиси. «Мекендин чыккынчылары» катары ички саясаттагы кемчиликтерди аларга оодара салса болот.

Парламенттеги булактардын айтымында, каршы пикирлерге карабастан, «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынуу шансы өтө жогору. Бирок, бул маалыматтын чын-төгүнүн текшеруу кыйын, себеби, практика мыйзам долбоорун талкуулоо бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн экендигин көрсөттү.

Григорий МИХАИЛОВ, «Независимая газета»

Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: