Menu

Ош облусунун бардык жума мечиттеринде тазалык боюнча хутбалар айтылат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-мартта Ош облусунун бардык жума мечиттеринде тазалык боюнча хутбалар айтылат. Бул боюнча Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругуна таянып, облустагы 182 жума окулган мечиттерге “Ислам дининин тазалыктын бардык түрүнө көңүл коюусу жана ага үгүттөөсү»  жана тазалык темасында баяндарды жасоону имам-хатиптерге милдеттендирди. Бул тууралуу мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Тапшырмага ылайык имамдар тазалык көптөгөн ибадаттарга шарт түзүүсү боюнча жана мечитти тазалоо, үйлөрдү таза кармоо, жолду тазалоо, денени таза алып жүрүү, намаз үчүн тазалануу, оозду жана тиштерди тазалоо, тамак жеген учурдагы тазалык, кооздонуу жана атыр иштетүү маселелерине токтолушмакчы.

Эскерте кетсек, Муфтияттын  буйругуна ылайык жана ак калпак күнүнө карата эртең 5-март күнү Ош облусундагы бардык дин кызматкерлери ак калпак кийип, жер-жерлерде маасалык ишембиликке катышышып,  диний объектердин, карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, кароосуз калган үй-бүлөлөргө зыярат жасалат жана бак-дарактары актап сырдоо, айланасын тазалоо жана бак тигүү иштери жүргүзүлөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: