Menu

“Республика-Ата Журттун” экс-талапкери Нарынбек Сариев үй кызматчысын зордуктап, анан да жубайын, балдарын өлтүрөм деп коркутуп…

Бөлүшүү:

Бабанов менен Ташиевдин партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер (тизмеде 82чи) болгон “Иска Строй” курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариев аялы менен балдарын коркутуп өлтүргөнү жатканы маалым болду. Бул маалыматты анын жубайы Анара Сариева атайы маалымат жыйынында жалпыга жар салды.

Ал: “ Жолдошум Нарынбек Сариевдин үйүбүздөгү  балабагуучу болуп иштеген16 жаштагы кызды зордуктаганын билип калгандан кийин, мен аны менен ажырашууга арыз бердим. 2007-жылы Нарынбек экөөбуз биргелешип “Иска Строй” курулуш компаниясын ачканбыз. Ал жерде мен сатуу жумуштары боюнча менеджер болчумун. Ажырашууга арыз бергенден кийин сот ортодогу мүлктү бөлуштүрүү маселесин карай баштады. Күйөөм мага үй-мүлкүбүздөн эчтеке бергиси келбей, мени жана балдарымды өлтүрөм деп коркута баштады. А түгүл достору менен келип, мени көчөдө сабап да кеткен. Күйөөм менин макулдугумсуз банктан 1 млн. доллар насыя алды” -деп агынан жарылып, болушунча күйүп-бышты.

Мындан тышкары, Анара айым: “Мен бир нече укук коргоо органдарына жана Башкы прокурорго арыз менен кайрылдым. Бирок, ушул күнгө чейин алардан жооп болбоду. Учурда 3 балам менен эчтекеде жок калдым. Нарынбек улуу кызыбызга коңгуроо кылып эгер ал ага ноутбук менен биздин уюлдук телефондорубузду бербесе, мени өлтүрө тургандыгын айткан. Анын айтуусунча, ал көптөгөн жогорку кызматтагы чиновниктер менен жакшы мамиледе имиш ” – деп кошумчалады.

Эмнеси болсо да, бул чуулгандуу окуя коомчулукта өтө  катуу талкууга алынганы калды. Нарынбек мырза менен Анара айымдын ич ара бөлүшө албаган дагы да далай окуялары ачыкка чыгышы мүмкүн.

Булак: “Багыт.кж”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: