Menu

ОКБ бийликке жети талап койду

Бөлүшүү:

 
Буга дейре бийликтен “жыдыган” саясатчылардын “үйүр тобу” Адахан Мадумаровдун тегерегине биригип жаткандыгы сөз болуп келсе, эми ал иш жүзүнө чыгып, Кыргызстанда “Бирдиктүү оппозициялык күч” деп аталган кыймыл түзүлдү. Ага саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана Дүйшөмбү Сооронбаев жетектеген “Бишкек форуму”, “Каршылык көрсөтүү” кыймылы, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата Журт” партиялары киргени айтылат.
ККК- Наргозуев и Сува
Жаңы кыймыл бийликке жети талап койду. Алар – Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын өкмөттүн иши үчүн жоопкерчилигин күчөтүү, элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү, тез арада улуттук антикризистик программа кабыл алуу, баалардын жана тарифтердин өсүшүн токтотуу, талаштуу кен байлыктарды иштетүүгө мораторий жарыялоо, “Мегакомду” сатыкка чыгарбоо. Ушуга улай оппозиция 27-мартта өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстун колдонулушуна жол бербөөнү, шаар мэрлерин тандоону элдин эркине коюуну талап кылууда.
Албетте, биригүү жараяны жакшы. Демократиянын шарданында көз жарган дал ушундай биригүү идеяларын колдош керек. А бирок, мындай биригүүнү эл колдойбу? Келгиле анда, дал ушул кыймыл тууралуу жана ага лидерлик кылып жаткан Адахан Мадумаровдун баскан изин, анын ким экендигин эл алдына жайып берелик. Калыс бааны коомчулук өзү берсин.
Эсиңерде болсо, Адахан Мадумаровдун саясый багы Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунда күч алат. Ажо Акаевдин ашкере жумшактыгынын айынан тилин сайраткан Мадумаров парламентке үч ирет удаасы менен депутаттыкка шайланган. Акыры үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан жаалданган эл менен бирге Акаев бийлигин уратып тынышат. Кудай ооматты ыроолоп койсо, айла жок тура. Кийинки жаңы бийликти колго алган Курманбек Бакиевдин кандуу доорунда дагы анын кызматтык бактысы кайрадан от алат. Регионалисттик саясатка басым жасаган Курманбек Бакиев Адахан Мадумаровду адеп вице-премьер-министрликке алып келет. Бир жылдан соң аны мамлекеттик катчылыкка көтөрөт. Андан соң жыл айланбай парламенттик шайлоого аттантып, акыры Жогорку Кеңештин спикерлигине дайындатат. КурСалиевич канчалык өңчөй бийик постторду ага ыроологону менен бир кездеги “дулдулдун” тилинен башка берекеси жоктугун байкап, акыры маркум Медет Садыркуловдун колу менен парламент төрагалыгынан шыпыртып тынат. Ишенген шефинин мындай күтүүсүз кадамдарынан соң, Мадумаров деградацияга учурап, үйүндө “суусундук ичип”, жатып калат…
Көп өтпөй түштүкчүл регионалист саясатчылар (Жаныш Бакиевдин тобу) ажо Курманбек Бакиевди көндүрүшүп, Адахан Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалат. Өмүрү аскердик өтүк кийип көрбөгөн неме өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатын Акүйдүн 7-кабатынан тейлей баштайт. Дилинде көрөңгө жок немеге кандай кызмат ыроолосоң деле баары бир да. Бул кызматтан деле Адахандын дарамети канчалык экенин билишкен соң, акырын сыпайы Аксарайдан узатып коюшат. Кызматтан алынаары менен көнгөн адаты менен Курманбек Бакиевге карата ич күптүсүн билдирип, тилин агытып кала берет. Эл чыга албай, үйүндө жатып “быкшыган”…
2010-жылдын кандуу 7-апрелинен кийин жаңы келген бийлик доорунда жыдыганын билбеген Адахан Мадумаров партия түзө салып, парламенттик шайлоого аттанат. Көнгөн адатына салып, эл менен жолугушууларда андагы бийликке болушунча заар тилин агытып, 7-апрелде кандуу бийликке каршы чыгып, Акүй алдында жан берген бейиши болгур мекендештерибизди Адахан Мадумаров “жырткычтарга, бандиттерге, алкаштарга” теңегенин бүгүн танабы? Анын мындай деңгээли пас, көрпенделик жүрүшүнө кыжырданган жалпы эл андан жүз үйрүшүп, натыйжада, канчалык пулун чачып, жандалбастыгына карабастан шайлоодо утулуп, кайрадан көчө сыртында калат. Кызыгы, ал өзүнүн пулун эмес, Хан жана Сан аттуу “тили буруулардын” акчасына тайраңдаганын танабы?..
Коомчулук андан барган сайын жүз үйрүгөнүнө карабастан, 2011-жылы президенттик шайлоого аттанат. Ал мезгилде түндүк-түштүк ажырымы ырбап, регионалисттик саясат коомчулукта күч алып турган. Ажолукка андагы негизги талапкерлер саналган Атамбаев-Ташиев ортосунда күрөш болоорун эл аралык коомчулук баш кылып, коңгуроо кагып чыгышат. Мында да Адахан Мадумаров түштүктөн негизги фаворит катары аламанга аттанган Камчыбек Ташиев үчүн капталдан качыргандай чыгып, элдин пикирин, айрыкча, түштүктөгү аксакалдардын көңүлүн кайт кылат. Камчыбек Ташиевдей инсандын чоң саясатка келишине жол ачкан белгилүү саясатчы Бекболот Талгарбеков башында турган бир топ белгилүү инсандар Мадумаровго сүйлөшүүгө барып, талапкерлигин алып салууну, түштүктөн негизги талапкер болуп чыгып жаткан Камчыкенин талапкерлигин колдоону өтүнгөн суранычтарын айтышат. Саясатты “кызыл кулактыкка” айландырган Мадумаров саясый атаандашынын тарапкерлеринин талабын угуп, аламан жарыштан артка чегинүү үчүн 5 миллион жашылбай сураганын бүгүн эстейби? Шайлоого “кызыл кулактыкты” көздөп аттанган Адахан Мадумаровдун мындай кылыгынан соң, түштүктөгү эл арасында “Мадумаров бийлик менен “соодалашып”, Камчыбек Ташиевди атайын жыгып түшүүгө колдонулган варианты” деген каңшаарлар тарап турганы эсиңердеби? Жыйынтыгы, кудум ошондой болот. Түштүктөн эпке келе албаган эки талапкердин добушу бөлүнүп, ажо Алмазбек Атамбаев бир добуштан жалпы элдин президенти болуп шайланат. Бийлик менен болгон “соодалашуусу” оңунан чыкпаганбы, бул сапар да жеңилгенин сезгиси келбеген Адахан Мадумаров “Атамбаевди президент катары тааныбайм, аны компьютер шайлаган” деп калайманды салып чыкканы эсибизде.
Шайлоодон жеңилип, ызасы менен “Атамбаевди президент катары тааныбайм” деп эзели бет карашкыстай президентке муш кезеген Адахан Мадумаров көп өтпөй Атамбаевдин макулдугу астында түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгынын баш катчысынын орун басарлык кызматын алып, баштагы айткан сөздөрүн тез эле унутуп, бийликке жагымпоздук маанайда кулдук ургандай саясатын улантат. Баарын сатат! Бийликке жөн барбай, кызмат алганына маашырланып, Мелис Мырзакматовду, Камчыбек Ташиев баштаган бийлик оппоненттерин болушунча теледен шыбап бергенин бүгүн танабы? Анын бул кылыгынан соң коомчулук жийиркенип, карапайым эл биротоло түңүлөт. Мунун айкын далили, 2015-жылы да олигарх Аскар Салымбековдун акчасын көздөп, чиркеше калып, парламенттик жарышта маарага жетпей, ат чабым артка калгандыгы менен мисалдатсак болот.
Биз бул сапар Мадумаровдун баскан изине учкай гана сүртүм бердик. Кезегинде Ташиев менен бет карашкыстай болуп жүргөн кайран пенде бүгүн анын алакөөдөндүк жүрүшүнөн пайдаланып, күнүмдүк кызыкчылык үчүн биригүүдө. Сөздүн кыскасы, ала-көөдөн Камчыбек Ташиев, генерал Өмүрбек Суваналиев, бийликке ачык айбат көрсөтүп келген Бегалы Наргозуев баштаган оппозиция өкүлдөрүнүн бул сапар Адахан Мадумаровду өздөрүнүн тобуна кошкон кадамдары жөн гана утулуш алып келээрин аңдашпайбы? Үч ирет элдин элегинен өтө албай, мыйзамдуу талаада топ жара албаган лидерге оппозициялык кеменин рулун кантип башкартканга болсун? Саясат менен бизнес жасаган пенденин кантип жүзүн ачпайсыңар? Айтор, мындай кадам өтө кооптуу.
Ийгилик Болсунбаев     
Булак: “Азияньюс”               
    
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: