Menu

Адиль Турдукулов, “Жаңы муун” кыймылы: “Саясат үчүн Атамбаевдин апасы көз жумган, кызына бычак сайылган…”

Бөлүшүү:

 
Оппозициялык маанайда көч баштап, аргументтүү сын айтып келе жаткан Адиль мырза кезегинде кадимки Алмазбек Шаршенович менен түз иштешсе, кийин экөө эки кайыкта сүзүп калышарын убагында өзү деле сезбесе керек. Жаштыгына карабай, чоң саясатта кадыресе “тиш каккан” жаш саясатчы менен өлкөдөгү соңку саясый көрүнүштөр боюнча баарлаштык.
–Адиль мырза, соңку кездеги сиздин “эрмегиңиз” социалдык түйүндөр аркылуу бийликти ашкере сындоо менен гана чектелип калгандайсыз. Сиз эми эски жолдон кайтып, өзүңүзгө үмүт артып келе жаткан жаштардын көңүлүн кайт кылбаңыз да…
–Азыр саясый күрөштүн ыкмалары көбүнчө эски бойдон калган. Керек болсо, Акаев, Бакиев бийлигине карата оппозицияга салыштырмалуу азыркы оппозицины ким деп аташ да кыйынчылыка турат. Буга биринчиден 2 революциядан тең элдин тажап жана ал жыйынтык бербегендиги себеп. Экинчиден, саясый элитанын алмашуусу болбогондугу. “Жаңы Муун” дегениңиз менен ачуу чындыкты айтып кетейин, эң акылдуу, билимдүү, өжөр жаштар биздин өлкөгө жана анын чириген бийлигине колун шилтеп, мурун эле Кыргызстандан кетип калышкан. Ара-чолодо гана “мындай, тигиндей кылыш керек” деп алыстан үн салып калышат. Маселен, мен көчөдөн өзүмдүн Бишкекте окуган классташтарымды, курсташ, группалаштарымды көп кезиктирбейм. Кээде өзүмдү чочун шаарда жашап жаткандай сезип кетем. Ал эми социалдык түйүндөр менен чектелип калганымдын деле себеби бар. Анткени, бүт телеканалдарда мен бүгүн “кара тизмедемин”. “Жаңы форма” дейсиң. Азыр сен атагандай деле форма жок. Оппозиция кайсы жерде болбосун биринчи бийлике сын айтуу, анын кадамдарын сыноо менен сыпатталат. Бизде деле ошондой. Бийликке барганда, албетте, башка аракеттерди жүргүзүш керек.
–Популисттик ыргак менен “обон созуп” бараткан Темир Сариев өкмөтү бюджеттин дефицити, кризиске каршы чараларды көрө албагандыгынан айынан жазында отставкага айдалаары каңкуланууда…
Азыр өкмөт оор кризистик шарттан чыгуудан элге салык киргизип, элдин кенчин сатуудан башка эч бир тыңгылыктуу чара көрбөй жатат. Ошол эле энергетика тарифтерин бул жылы 21%, ал эми келээрки 2017-жылы 29% га дейре көбөйткөнү атат. Көгүлтүр от боюнча биз бир долларга саткан Кыргызгазды Газпром ар ай сайын 3-5%га чейин көтөрүшүүдө. Бийлик элибиздин автоунааларына жана жашаган үйлөрүнө дейре камсыздоо шылтоосу менен акча өндүрүп алуу амалы бар. Эң кирешелүү делген Темир Жолу, Кыргызтелеком, Кыргызпочтасы баштаган ишканаларды сатуу жолун ойлонуштурушууда. Азыр эми башкасы бүткөнсүп, “Мегаком” да сатууга коюлду. Ал бир жылда 40 млн доллар таза киреше алып келген ишкананы бюджеттин миң жеринен жыртылган тешиктерин толтуруш үчүн 300 млн долларга сатканы жатышат. Себеби, мамлекет бул ишкананы өзгөчө мамлекеттик сатып алуулар жактан көп бузууларды жасаган. Булар акыркы 5 жылда бизди көп эле алдап келишпедиби? Тагыраагы, Талдыбулак, Жерүй, Джунда сатылып, иштеп башталганда эле бизге “алтын жаап түшүп баштайт” дешкендиги жалганбы? Ал эми учурда бирөөндө жумуш токтотулуп, экинчисинде чет элдик инвесторлордон биздин жумушчуларга кысым бүтпөйт. Үчүнчүсүндө болсо, каржылык махинациялар түгөнбөйт. Бүгүн премьер Сариев бүт күнөөнү өзүнө алууда. Чындыгында азыркы экономикалык кырдаалга биринчиден президент жоопкер. Анткени, анын колунда парламент дагы, укук коргоо органдары дагы бар. Жогоруда сен атаган фигуралардын кимиси өкмөт башчылыкка келсе деле эч теке өзгөрбөйт. Бүгүнкүдөй оор кризистен чыгуунун бир эле жолу бар — бул президентке жана парламентке көз карандысыз болгон өкмөттү түзүү. Алар 100 күндүн ичинде айлыкты жана пенсияны доллардын курсу менен бирге өсүшүн камсыз кылыш керек. Андан кийин банк менен микрокредиттик уюмдардан доллар менен алган кредиттерди сомдун курсу менен тең кылууну жоопкерчиликке алыш керек. Бул эң керектүү нерсе.
–Дүйнөлүк кризистин эпкининен жана бийлик бутактарындагы айрым бир кадрдык ыраатсыздыктан улам, жер-жерлерде калктын нааразычылыгы күчөп, натыйжада, оппозициянын жанданышына шарт түзүүдө. Сиз баштаган “жаңымуунчуларды” кайсы топтункурамынан көрсөк болот?
–Азыркы учурда мигранттардын бизге жиберген акчасы, акыркы жылы жарым эсе кыскарыптыр. Бизге келген товарлар, өлкөдөн экспорттолгонго караганда 3 эсе көп экен. Тышкы карызыбыз 2009-жылы 2,5 млрд доллар болсо, азыр 3,5 млрд долларга жетиптир. Бизде азыр тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 60 пайызынан ашты. Ошонусу менен улуттук экономикадагы коркунучтуу чекке жетти. Мамлекетибиз дефолт деп жарыяланып, аны менен соода-экономикалык алака түзүүгө эч ким кызыкдар болбой, инвестор дагы келбейт. Мындай шартта эл өзү демилге көтөрүп, жер-жерлерде көчөгө чыгып жатышат. Ал эми оппозициянын төрткө бөлүнгөнү убактылуу көрүнүш. Буюрса, алдыда барыбыз бир күчкө топтолобуз деген үмүт бар. Жеке өзүм да ошого аракет жасайм.
Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Мырзакматов баштаган түштүктүк “көзүрлөрдүн” биригери кыйла сөз болууда. Бул тандемге карата оюңуз кандай? Келечекте алар менен биригүү оюңузда барбы?
–Жакында “бириккен оппозиция” деп Мадумаров, Ташиев, Келдибеков үн катышыптыр. Менин билишимче, Мырзакматов буга кошулган жок. Албетте, биригүү болгону жакшы. Бирок, алардын тандеминде түндүк жактан орчундуу фигуралар жок болуп жаткандай көрүнөт.
Кезегинде ТИМдеги жаш дипломат, кийин ал жерден канат күүлөп чыккан саясатчы катары расмий кыргыз бийлигинин батышка жан тарткандай саясаты өлкөбүздөгү бийликтин алмашышын шарттабайбы? Эки жээкке “кылтыңдамай” мындай геосаясый абалдын таасири Кыргызстанга бийликтин алмашышына шарт түзбөйбү?  
Бизде батышчыл күчтөр болсо дагы, Батыш тараптан аларга каржылык колдоо жок. Муну мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Чынында Орусия, Европа, АКШ, Кытай болобу баары тең “Кыргызстанда тынчтык болсо экен” деген эле тилекте болушса керек. Бул жерде экинчи Афганистан болуп кетишин алар деле каалашпайт. Бирок, биздин айрым саясатчылардын, мейли бийликте болобу же оппозицияда болушабы мурункудай эле Москваны көзүн карап турганы өкүндүрөт. Бул дагы эски кадрлардын басымдуу болушун айгинелейт. Бул жакшы нерсеге алып келбегенин 2010-жылдын 7-апрелинде көргөн болчубуз.
Өлкөбүздүн тышкы саясатында жакында бир топ кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Ал жааттагы жаңы дайындоолорго ылайык бир топ жаш дипломаттар карьералык секирик жасашууда. Тышкы саясаттагы мындай кадамдарды кандай кабылдадыңыз?
Туура, жаштардын келиши жакшы иш. Бирок, элчиликтерге “жалаң гана ТИМдин ичиндегилер келиш керек” дегенге кошула бербейм. Анткени, элчи бул олуттуу саясый фигура болушу шарт. Ал керек болсо, барган мамлекеттин жетекчиси менен тең-ата сүйлөшкөндөй болушу керек. Чын-чынына келгенде элчи деле бул президенттин колу. Ал кайсы тышкы саясатты аныктаса, ошону жүргүзүүчү позиция.
2007-жылы Алмаз Шаршенович өкмөт башчы кезинде ал кишинин көздөй жардамчысы болгонуңуз, кийин да Атамбаевдин жөлөк-таягы, “батасы” менен Япониядагы элчиликке чейин өскөнүңүздөн кабардармын. Кезегинде Алмаз Шаршеновичтин көмөгү менен “агарып-көгөрүп”, бүгүн анын ишмердүүлүгүнө ыгы келсе-келбесе деле асылып, “ичкен кудугуңузга түкүргөндөй” образ жаратып жатканыңыз жигитчиликке мүнөздүү көрүнүшпү?
–Ооба, бир жактан мен Алмаз Атамбаевди устат катары көрөм. Анткени, ал оппозиция убагында, кандай гана коркутуу-үркүтүү болбосун, өжөрлүктүн, тайманбастыктын, принципиалдуулукту көрсөткөн. 20 жыл бою авторитардык бийликке моюн сунбай күрөшүп келди. Аны танбашыбыз керек. Ошол убакыттын ичинде анын жакындары кордолуп, саясат үчүн КТРде аны тынымсыз шыбай беришкендиктен апасы тез арада көз жумуп, кызына бычак да сайып келишкен. Ошондуктан, ал бийликке келгенде чарчап келгендей сезилет. Азыр анын эч кандай өзгөрүү, реформа кылууга шайманы жоктой. Айланасын карасаңар баягы эле шылуундар. Мындай шартта аны, бийликтин туура эмес саясатын сындабаганда анан кантебиз? “Жеке таарынычың барбы?” деп жатасың? Балким, мен Жапониядагы элчиликтен келгенде, жаштыктан, кызуу кандуулуктан улам болсо болгондур. Бирок, азыр жеке инсан катары ага эч кандай таарынычым жок.
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: