Menu

ЖАКтын төрагасы Алик Мамыркулов Казакстандын жараны болуп чыкты

Бөлүшүү:

Жазаларды аткаруу кызматынын тєрагасы Алик Мамыркуловдун ишмердүүлүгүнө карата коомчулукта, ЖМКларда жакшы сөз айтылбай калганына көп болду. Бул адам 2012-жылы дагы аталган мекемени башкарып, кыйратып иштей албай, катуу сынга кабылып, кызматтан алынган болчу. Бирок, арадан 2 жыл өткөн соң, аны эски ордуна төрага кылып кайра алып келишти. Келгени курусун, дагы деле тыңгылыктуу иштей албай аталган мекеменин ашмалтайын чыгарып бүттү. Буга келтире турган “кереметтүү” мисалдар толтура.
Түрмөлөрдөн түрдүү кыл­мышкерлер оңой эле качып чыгышып, бир-эки эмес, бүтүндөй коомчулукка кооптуу абал түзүп, аларды жок кылуу аракети бейкүнөө адамдардын өлүмү менен коштолду. “Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын “оптому” менен сатып алышкан” – деген кептер да бекеринен айтылбаса керек. Мына ушунун баарын эң сонун көрүп-билип турушса да, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Темир Сариев эч бир көңүл бурбай койду. Демейде, мындай маселелерди тытып-жеп жиберчү  эл өкүлдөрү да эч нерсе менен иши жоктой болушуп, өздөрүнчө эле дулдуюшат.
Биз бийлик төбөлдөрүнө али эч кими биле элек, эл да уга элек “ысык” жаңылыкты жар салып коюуну туура таптык. Мамыркулов Аликтин өмүр бою аскердик жооптуу кызматтарда иштеп келгени ырас. Ооган согушуна да катышкан. 1992-1997-жылдары Казакстандын республикалык гвардиясынын командиринин орун басары кызматын аркалап турган. Ал ошол жылдары казак жарандыгын (калп десеңиздер бул жердеги Казакстандын жарандыгын аныктаган тиешелүү кагаздарды караңыздар) алып, Кыргызстанга кыргыздардай эмес, казактардай мыйыгынан карап, алдыртадан көз салып турган. Бирок, ошол жылдары казак жараны болуп туруп, Кыргызстандан генерал-майор наамын алгандыгы өтө таңгалычтуу.
Бул жерде мыйзам бузулган жокпу? Ачык айтып, иликтеген киши жок. Деги эле Алик Мамыркуловдун бул кызматта турганга эч кандай моралдык укугу калган жок. Анын үстүнө быйыл туура 60 жашка чыгып, “чарчап” турса да, ордун жаштарга бошотуп бергиси жок. Керек болсо, бул “казак жараны” кетирген кемчиликтери үчүн жоопко тартылышы зарыл. Андыктан, бул маселени ойлонгула, бийликтин ооу, бийик сересинде селкинчек тээп олтурган билермандар?!
Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: