Menu

Диана Оролова, facebook тармагынын сулуусу: “Белгилүү болуу-чоң эмгек”

Бөлүшүү:

Табият берген сулуулук кесип тандоону да ылгабайт эмеспи, бала кезинде мыйзамды сыйлоочу, сактоочу болгусу келген Диана интернет аркылуу экинчи кесибин да тапты. Анткени, анын сүрөттөрүн байкаган социалдык тармактардын коноктору анын аялзатына берилген ажардуулугун баса белгилеп келишет. Бул жолу Диана менен баарлашып түрдүү суроолорго жооп алдык.

-Интернет сулуусу деген наам сизге эмне берди?

-«Фейсбук» социалдык тармактын сулуулар конкурсунан мага атак алып келди деп айтуудан алысман. Тескерисинче, жаңы тааныш таптым, курбуларды күттүм. Айрымдарынын чын жүрөктөн айтылган жылуу сөздөрү, белектери мени кубанычка бөлөдү.

-Белгилүү болуунун бактысын жана азабын тартып көрдүңүзбү?

– Белгилүү болуу бул көп эмгекти жана чыдамкайлыкты талап кылат. Андан тапкан бактың бул элдин ишенимине ээ болуу алардын колдоосу. Ал эми азабын айта турган болсом, ушак сөз ээрчийт. Кээде ак жерден караланып, жаманатты болуп калган учурлар да кездешпей койбойт. Мен анчалык атакка жете элекмин деп эсептейм. Элге таанылган адам жаман сөздөр менен оронуп, бирок, жан дүйнөсү таза калгандыгын көргөндө алардын чыдамкайлыгына баа берем.

– Юридикалык билим алуудасыз, кесип тандоодо жаңылыштым деп эсептейсизби?

-Жок, туура тандадым деп эсептейм. Атам ар дайым жашоодо эки нерсени туура танда деп келет. Бири кесибиң, экинчиси өмүрлүк жарың, анткени, өмүрүңдүн аягына чейин экөө менен эриш –аркак жашайсың. Юридикалык кесипти тандаганымдын себеби, акыйкаттык үчүн күрөшүп, калп менен чындыкты таразалагым келди. Кызбы, жигитпи эли үчүн кызмат кылып, эмгегин калкына арноосу милдет. Ошондуктан мыйзам чегинде көпчүлүккө жардам берем деген үмүтүм бар.

-Кыргызстанда мыйзам канчалык деңгээлде иштейт деп билесиз?

-Кыргызстанда мыйзам бар, бирок аны ар бир кыргыз жараны сыйлап туура колдонбойт. Мисалга алсам, жол эрежесин бузуу менен канчалаган адамдын өмүрү кыйылса, канчасы майып болууда. Бул мыйзамды жана өзүн сыйлабагандыктын айынан болуп жатат. Кээ бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн коррупцияга барып, мыйзамды таптакыр сыртка чыгарып койду. Мына ушундай кайдигерликтин айынан мыйзам иштебей жатат да. Биздин мыйзам күчүнө кириш үчүн биринчи ар бир жаран сыйлашы керек, экинчиден тартип болсо гана баары өз нугунда агат деп ойлойм.

-Эгер баарын кайда башынан баштасаңыз эмне кылат элеңиз?

-Баары бир ушул эле жолду тандамакмын. Анткени, азыркы жашоомо ыраазымын.

– Акыркы жолу кайсы чыгарманы окудуңуз?

-Китеп окуу менен адам акыл куржунун толуктап турат эмеспи. Андыктан өз кесибиме байланыштуу китептерди көп окуйм. Акыркы окуган китебим Джоджо Мойестин калемине таандык «Последнее письмо от твоего любимого » аттуу чыгарма. Анда сүйүү деген ыйык экенин баса белгилеп, 40 жыл бою келген сүйүү катына ыраазычылыгын билдирүүнү каалаган адамдын тагдыры жазылган. Чыгармада бир гана сүйүүнү эмес, адамдык мамилени, бири-бирине жакшылык кылууну баса белгилеген.

Жергебиздеги атактуу мырзалардын кимисинин баш териси калың деп ойлойсуз?

-Албетте, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атабызды белгилемекмин. Ал кыргызды дүйнөгө таанытты.

Дамира СААЛИЕВА

Булак: “Мекен инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: