Menu

Өкүл Жумагүл Эгембердиева КРнын Акыйкатчысы (Омбусдмени) Кубат Оторбаевди кабыл алды

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 4-мартта өкүл Жумагүл Эгембердиева КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кубат Оторбаевди кабыл алды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эки тараптуу ачык-айкын баарлашуунун жүрүүсүндө кызматташуунун артүрдүү багыттары боюнча кеңири аспектилер жагдайында сөз болду.

– Республика боюнча сырткы эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин 56 миң балдары жакын туугандарынын кароосунда калтырылган. Ошондуктан алардын таалим-тарбиясына көзөмөл жүргүзүү менен ар кандай зордук-зомбулуктан сактоонун аракеттерин күчөтүүбүз керек. Бишкек, Кара-Кол жана Ошто болгонубузда бир жылдан ашуун олтурган 40 адамдын ишин тергөө бүтпөй келе жаткандыгына күбө болдук.Ошондуктан УПКкага өзгөртүү киргизүү сунуш берүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Жерлерди трансформациялоо маселесинде дагы көйгөйлөр жетиштүү экендиги сезилип жатат,- деди КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кубат Оторбаев.

– Сиз тарабынан айтылган бир катар маселелер Жалал-АВбад областына түздөн-түз тиешелүү.  Учурда областыбыздын аймагында 1 млн. 140 миңден ашуун калк жашаса анын 112 миңин сырткы мигранттар түзүп олтурат. Балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр басмаканада туура эмес басылып калып, кайрадан берүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча ПРООН жана ЮНИСЕФ Эл аралык уюмдары менен тыкыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жалал-Абад областында чек ара маселеси, диний экстремизм жана терроризм, улуттар аралык мамилелерди жакшыртуу жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча көп иштерди жана милдеттерди турмушка ашыруу максаттары турат,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.

Эки тараптуу иштиктүү баарлашуунун жүрүшүндө диний экстремизм менен терроризмге каршы натыйжалуу иш алып баруудагы айрым мыйзамдык мүчүлүштүктөр жана аны жоюунун конкреттүү сунуштары ортого салынды. КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кубат Оторбаев өкүлгө Сузак районундагы карылар үйүнө, эгерде мүмкүнчүлүк болсо ремонт ишине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирип кетти.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева менен КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кубат Оторбаевдин жолугушуусуна областтык УКМКнын башчысы Канжарбек Бокаев, өкүлчүлүктүн укук коргоо, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов, Областтык ички иштер башкармасынын башчысы, полковник Жеңиш Жоробеков, областтын проркурорунун орун басары Сүйүнбек Сатыбалдиев, КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)  аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Камалдин Жапаров катышты жана бир катар маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты.
  Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: