Menu

Амиралиева Диана, бийчи: “Кыргыз тойлорунда бийлейм”

Бөлүшүү:

Алыскы Москва шаарындагы ар бир кыргыздын тойлорун көркүнө чыгарып келген кыздардын бири Амиралиева Диана менен жолугушуп, окурмандарга жашоосунда болуп кызыктуу сүртүмдөрдү бөлүштү.

-Диана, өзүң жөнүндө кыскача айтып кетсең. Канча жылдан бери Москвада жашайсың, кайсы жактын кызы болосуң?

-Өрүк заарлуу Баткен обласында төрөлгөм. Чоң энем орус кызы болгонго мени кичинемден тартып орус тилин да таза сүйлөөгө үйрөткөн. Кудайга шүгүр эки тилде таза сүйлөйм. Бала кезимде эле медицина тармагына кызыккандыктан азыр Москва шаарында медициналык окуу жайда билим алып жатам. Өз алдымча иштегенге аракет кылып, кыргыздардын тойлоруна барып бийлейм.

– Канча жашыңан тартып бийлейсиң?

-Эсимде кичинемде музыка угулса эле бийлейм берчүмүн. Жетиге толгонумда менин талантымды өстүрүүнү каалаштыбы айтор, бий ийримдерине катышып бийлеп келем. Ал эми тойлорго болсо бала кезде конокко барганда бийлеп, туугандарымдын маанайын көтөрчүмүн. Конфет, шоколад менен башталган менин эмгегимдин баасы. Азыр болсо тойлордон тапкам акчам менин бир топ керектөөлөрүмө жарап келет.

-Ата-энең көпчүлүктүн көз алдында бийлөөсүнө каршы эмеспи?

-Менин талантымды бала кезден колдогондуктан эч кандай каршылык кылышпайт. Тескерисинче, алар мени колдоп дем күч берип турушат. Өзгөчө апамдын бийлешиме эмгеги зор. Ар дайым апама терең ыраазычылык билдирип келем. Менин тойго кийин чыккан ар бир көйнөгүмдү тиктирип, окуп жаткан билимим менен кош бирдей алып кетүүмө жол көрсөтүп келишет.

-Кандай бийлерге басым жасайсың көбүнчө?

-Бардык эле бийлерди бийлейм, бирок, биздин тойлорго ылайыктуу чыгыш бийлерине басым жасайм. Ал эми Москва ичиндеги окуу жайлар арасындагы конкурстарга түрк, араб, улуттук орус бийлери менен бир нече жолу жеңишке жетиштим. Бул да болсо ата-энемдин эмгенинин үзүрү деп эсептейм.

Залкар Жумадилов

Булак: “Мекен инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: