Бүгүн, 5 –мартта Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында Кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон – Ак калпак Күнү чоң майрамдык салтанат менен белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Майрамдык салтанат эртең мененки саат 10до миңдеген адамдардын катышуусу менен башталды. Улуттук Ак калпак Күнүнө арналган майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын тургундары, коноктор, шаардагы атайын жана жогорку окуу жайларынын студенттери, Сузак районунун бир катар айыл аймактарынын тургундары келип катышты.
Ак калпак Күнүнө арналган майрамдык салтанатты Жалал-Абад щаарынын мэри Салайдин Авазов ачык деп жарыялаган соң, Эгемендүү Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
– Заманыбыз жакшы жагына өзгөрүп, «Жүз жылда жер жаңы, элүү жылда эл жаңы» дегендей ата-бабаларыбыз аздектеп-кастарлап келген Ак калпакты башынан түшүрбөй баалап-барктагандар жыл санап арбып барууда. Бул албетте, кубанычтуу көрүнүш. Улуттук майрамдарды көбөйтүү, элди мекенчилдикке үндөө жана улуттук кийимдерди кеңири жайылтуу жана даңазалоо максатында улутмандар коомчулукка «Ак калпак» күнүн белгилөө демилгесин көтөрүп чыгышкан. Демилге коомчулук жана элибиз тарабынан жактыруу менен кабыл алынып, Ала-Тоону эске салган кыргыздын нукура улуттук баш кийими жыл сайын 5 – мартта – Ак калпак Күнү катары татыктуу белгиленип келе жатат.
Чындыгында эле айтылуу «Манас» эпосунан баштап, кийинки кенже эпостордо жана башка элдик оозеки чыгармаларда Ала-Тоо сымал түспөл тарткан кыргыздын улуттук баш кийими—Ак калпак жөнүндө көп дастандар менен аңыздар айтылып келген. Ала-Тоону ыйык мекени туткан биздин ата-бабаларыбыз Ак калпагын, ал эми энелерибиз Ак элечегин жана Ак боз үйүн ар дайым кастарлап, душмандарына эч качан кордотпой ыйык асырап тутуп, көздүн карегиндей сактап келишкен. Азыркы мезгилде кыргыздардын Ак калпагынын 80ден ашуун түрлөрү бар экендиги баарыбызга жакшы маалым.
Сиздерди дагы бир жолу бүгүнкү улуттук Ак калпак Күнү менен дагы бир ирет чын дилимден кызуу куттуктаймын. Майрамыңыздар куттуу болсун, башыбыздан эч качан кыргыздын Ак калпагы түшпөсүн!,- деди майрамдык салтанатка катышкандарды куттуктаган өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Кыргыз элинин улуттук баш кийими болуп саналган Ак калпак Күнү менен майрамдык салтанатттын катышуучуларын областтык ардагерлер Кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, ЖАМУнун студенти, шаардык жаштар комитетинин мүчөсү Бектур Топтагаев куттукташты.
Ак калпак Күнүнө арналган майрамдык шаңдуу салтанат өнөрпоздордун кеңири программадагы концерти менен коштолуп улантылды.
Жолдошбай Осмонов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ