Menu

Өмүрбек Текебаев жаңы түзүлгөн “Оппозициялык күчтөрдүн бирикмесинин” бир талабын колдоп чыкты

Бөлүшүү:

Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев жана Камчыбек Ташиев жетектеген саясый уюмдар 1-март күнү жаңы “Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси”(ОКБ) түзүлгөнүн жарыялап, бийликтин алдына 7 талап койгон. Алардын бири – Бишкек жана башка шаарлардын мэрлерин түз эл шайласын деген талап.
Ал эми 3-марттагы КТРКдагы теледебаттарда КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев теле алып баруучунун суроосуна жооп берип жатып “Жаңы мэрдин кандай иштеп кетээрин убакыт көргөзөт. Биз ар дайым эле экспериментке бара бербешибиз керек. Балким биз келечекте Бишкек шаарынын мэрин түз эл шайлай турган ыкмага өтүшүбүз керек го деп ойлоймун.”- деди.
Бул тууралу экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 4-мартта “КТРКда фракция башчылары менен болгон телеберүүдө Текебаев “Мэрди шаар эли өзү шайлаш керек” деди… Дегени туура дечи. Бирок, “Мэрди Өкмөттүн көргөзүүсү менен жергиликтүү депутаттар шайлайт” деген мыйзамды ушул Текебаев даярдап, өткөн парламент кабыл алган. Биз, Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков жана мен, “Мэрди шаар эли өзү шайласын” деп Текебаев менен каттуу талашканбыз. Мен Текебаев менен уруша да кеткем. Анда Текебаев “Мэрдин шайланышын элге бергенге болбойт, эл келесоолорду шайлап алышы мүмкүн, бийлик аркалуу гана шайланыш керек” деп жатып мыйзамды өткөргөн. Бүгүн Текебаев мэрди эл шайлаш керек деп калыптыр…” – деп ачууланды.
Ошондо Өмүрбек Текебаев жаңы түзүлгөн ОКБнын бир талабын тымызын колдоп чыгып жатпайбы.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: