Menu

“Google” компаниясы адамдын жүзүнөн тааныган төлөм системасын ишке киргизди

Бөлүшүү:

Google компаниясы адамдын жүзүнөн тааныган төлөм системасын ишке киргизди. Бул тууралуу “Vesti-ukr” сайты билдирди.
Маалыматка караганда, “Google” компаниясы адамдын жүзүнөн тааныган “Hands Free” төлөм системасынын сынамык долбоорун сунуштады. Аталган системанын максаты сатып алуучулардын ишин жеңилдетүү. Тактап айтканда, кассанын алдына келип төлөм жүргүзгөндө капчыктан акча алып чыгуу, телефон аркылуу же төлөм картасын кассирге берүү сыяктуу физикалык кыймылысыз ишке ашырылат.
“Hands Free” системасынын өзгөчөлүгү төлөм жүргүзүп жатканда кассанын жанында камера орнотулган болсо англисче “I’ll pay with Google” (“Мен “Google”дун жардамы менен төлөйм”) деп айтуу жетиштүү система өзү адамдын жүзүнөн аны ким экенин аныктап алат. Эгер кассада камера жок болсо, анда сатуучу кардардын аты жөнүн тактап коюсу жетиштүү болот. Аталган системанын сынамык долбоору Сан-Франциско булуңунда жайгашкан соода борборлорунда, кафе жана ресторандарында ишке киргизилген.
Булак:kabar

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: