Menu

Эркин Алымбеков, экс-депутат: “Темир Сариев “тоту куштай” кооз сөздөрдү гана сүйлөгөн марионетка премьер-министр”

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кениндеги коррупциянын уланышына нааразычылык иретинде депутаттык мандатын өз ыктыяры менен таштап кетип калган Атамекенчи экс-депутат Эркин Алымбеков бүгүнкү премьер-министр Темир Сариевдин абалы боюнча кызыктуу пост жазды:
“Темир Сариев жөнүндө Остап Бендерге салыштырып “Нью Васьюки”клипи бекеринен чыккан жок. Сариев инерция боюнча өзүн баягы эле оппозицияда жүргөндөй “тоту куштай” кооз сөздөрдү айтып, биринчи кезекте өзүн “сооротуп”, экинчи кезекте коомчулукту алдыдагы келе жаткан “глобалдык жетишкендиктер” менен соороткону. Бирок, азыркы калыптанган Акаев-Бакиевдик коррупциялык, авторитардык бийлик системасында премьер-министр, тек гана марионетка, үзүрлүү, жоопкерчиликтүү эч нерсе чече албайт. Анткени премьерликке коюлуп жатканда президент Атамбаевдин алдында жана тымызын Россия жетекчилигинин алдында “кол бала” болуп, ийкем иштеп бергенге милдеттенме алган. Ошондуктан Остап Бендердей болуп, ар кандай чоң проектилерди ишке ашыруу пландарын, булуттун үстүндөгүдөй учкай мактанып келет. Андай болбогондо, Кыргыз Республикасынын конституциясынын жоболоруна ылайык, президентте жок ыйгарым укуктарга премьер- министр катары ээ болуп туруп, булбулдай сайраган кооз пландарын коюп, конкреттүү, масштабдуу саясий-экономикалык реформалар менен коштоп, экономикада структуралык өзгөрүштөрдү ишке ашырып, көмүскө, коррупциялык экономиканы жоюп, эртеңки үзүрлүү өнүгүштүн фундаментин эмнеге түптөбөйт. Ички иштер министрлигинин реформасы барып ДПС менен ППСти бириктирүү менен бүттү окшойт. Заманбап Байкоо камераларын Бишкек гана эмес бүт өлкө боюнча киргизип, жол коопсуздугун, кылмыштуулукту кескин азайтып, бюджетке зор каражат алып келген чараларды чечкиндүү ишке ашыргандын ордуна, кимдир бирөөлөрдүн тендерде “шабашкасын” камсыздандыра алышпай, коомчулукка абдан керектүү проект, чалажан боюнча келет. Эртеңки Нью-Васюкидеги коммунизмди коюп, Сариевге Кыргыз Республикасынын премьер-министри катары бир гана суроо: 2012-жылы 3-июль күнү “Кумтор оперейтинг компани” ишканасынын экология мийзамдарын сактоосун текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төр агасы катары, ал комиссиянын отчетунун 327 барагында “Кумтор оперейтинг компани” 1996-2011-жылдары экология жана башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасына 5 млрд АКШ долларын зыян келтирген” деп расмий тыянак чыгарылган. Эми азыр премьер- министр катары, өзү ошол мамлекеттик комиссиянын төр агасы болуп, кол коюп жыйынтыктаган отчетун эмнеге аткарбайт? Анын ордуна кайрадан ошол мөнгүлөрдү талкалоого тымызын уруксат берип, мыйзамга өзгөртүү киргизип, “Центерраны” жоопкерчиликтен куткарганга аракет кылат? Эгер ушул, колунда турган маселени кыргыз элинин болочогу үчүн мийзамдуу, адилеттүү чечип койсо, калган Васьюки пландарына деле ишенет элек. Тилекке каршы “нефтибиз, газыбыз жок, билим аркылуу коммунизмге жетишебиз” дейт. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген ушул.”
Эркин Алымбеков, экс-депутат
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: