Menu

Ош облусунда 2000ден ашуун дин кызматкерлери массалык түрдө ишембилике чыгышты

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 5-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушевдин буйругунун алкагында Ош облусунун аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембилике чыгышты. Аталган иш-чарага Ош облусундагы 822 мечиттин кызматкерлери, 12 диний окуу жайдын окутуучулары, студенттери жана жалпы тургундар катышышты. Ишембилик учурунда диний объектердин, кабыр-көрүстөндөр, карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, кароосуз калган жалгыз бой үй-бүлөлөргө зыярат жасалды жана бак-дарактарды бутоо, актап сырдоо, айланасын тазалоо жана бак тигүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары Шарк айыл өкмөтүндөгү Сармазар кабырстанындагы Алымбек-Датка, Курманжан-Даткалардын кабыры, дин аалымы Сражидин Ошанийдин кабырынын айлансы тазаланды.

Ишембилик иш-чарасына жетекчилик кылган Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районуна караштуу бир топ айыл өкмөттөрдө болуп жаткан ишембиликтерге катышып, жалпы катышуучуларга тазалыктын көптөгөн ибадаттарга шарт түзүүсү боюнча жана мечитти тазалоо, үйлөрдү таза кармоо, жолду тазалоо, денени таза алып жүрүү, намаз үчүн тазалануу, оозду жана тиштерди тазалоо, тамак жеген учурдагы тазалык, кооздонуу жана атыр иштетүү маселелери боюнча кеңири айтып берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: