Menu

Сариевдин буйругун «Сарпашевдин» буйругу деп…

Бөлүшүү:

Лейлек районунун акимин шайлоодогу «жогоркулардын» сценарийи кандайча ишке ашты?

Лейлек районунун акимин шайлоо райондук жана шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан өткөн шайлоо өтө кызыктуу «театрлаштырылган» сценарий менен өткөндүгүн кабарлоого туура келди.(Анын башкы режиссеру ким экендиги журтчулукка маалым…).

Эми башынан баштайлы: Биздин маалыматыбыз боюнча райондун акими болом деген, төрт талапкердин арызы кароого берилген болчу. Натыйжада, анын экөөсү ар кандай себептер менен талапкерликтен чыгарылып, шайлоого учурдагы райондук администрация башчысынын  биринчи орун басары Жамалидин Эшанкуловтун  жана азыркы Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Бекмуратов Баймураттын кандидатуралары депутаттарга сунуш кылуу чечими жогортон кабыл алынганы белгилүү болду. Депутаттардын айтуусуна караганда, 16-февралда болот деген сессия, оболу 12-февралга, андан кийин тез аранын ичинде шашылыш түрдө 10-февралга жылдырылганы өзү эле табышмак. Жогортон канчалык нары-бери болбосун шайлоо мыйзам чегинде эле болгондугун айтып коюу абзел. Биздин аймагыбызда элибиздин чыныгы демократиянын ширесин татуу  учурдагы ъткън шайлоонун натыйжасынан сезилди десек, жаёылышпайбыз. Анткени, режиссерлор тарабынан канчалык кыйын сценарийлер жазылбасын эл деген-эл экен да, чындык эл тарапта экендиги шайлоодон кийин билинип калганы коомубуздун туура багытта бара жаткандыгын айгинелейт. Иштелген сценарий боюнча «документально» эки талапкер болсо, иш жүзүндө үч талапкер бар дегенсип депутаттар  менен шайлоого чейин  иш алып барышкандыгы белгилүү. Үчүнчү «подставной» талапкерди бийлик тараптын кишиси экендигин  жана шайлоо күнү ал  кандидатурамды  алып таштадым же болбосо «жогорку» тараптан койгон талапкерди шайлагыла деп өз колдоочуларын үгүттөрүн максат кылып коюшкан. (Кызык жери, аталган талапкердин эч кандай документтери  өкмөткө берилген да эмес, кыскасы бул жөн эле уюштурулган шоу-оюн). Канчалык оюн болбосун кыргызда: «Жүгүргөн албайт, буюрган алат» деген макалдын чындыгы ушул шайлоодо аныкталганы тим эле укмуш. Шайлоого 220 депутаттын ичинен 210 депутат катышып, жыйынтыгында Бекмуратов Баймурат 120 добуш, ал эми Эшанкулов Жамалидин  90 добуш алуу менен  натыйжада райондун акими болуп Бекмуратов Баймурат шайланды. «Анысы деле мейличи»- деген  ырга окшоп, акимдин өкмөт тарабынан чыгара турган буйругунун он беш күнгө созулганы өкмөтүбүздүн  чабалдыгы же өз жумушуна кайдыгер мамиле жасаганы деп билебиз.

«Буйрук чыкты анын да эртеси болот»-дегендей эртеси күнү элдин атынан ушуну жазууга аргасыз болдук. Кыргызстанда,  тарыхта жана азыр да «Лейлек»  деген атты укканда сестенип  калчуу жетекчилерди айтпай эле коелу, анткени жергебизден улуу инсандар жетекчилер чыккан жана чыгып келүүдө. Ушундай районго аким шайланып жатса, буйрук келген күнү калың топ элибиз  областыбыздын жетекчисин, анын орун басарларынын бирөөсүн, жок дегенде администрация башчысын күткөн эле. Бирок, тилеке каршы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы да эмес, анын  катардагы кызматкери Матмуратов Алымбек Калмуратович келип,  элдин алдында  Сариевдин буйругун «Сарпашевдин» буйругу деп, акимдик орунга отуруп  жаткан Бекмуратов Баймуратты, Баймуратов Бекмурат деп  араң окуп берип жатып,  калың элдин шайын кетирди. Лейлек элин караңгы эл деп ойлодубу, айтор  жанында эле отурган, эл шайлаган акимди кол берип куттуктап коюуга да жарабады.

Акырында айтарыбыз:  -«Эх, аттиё ай, кайран гана бийлик….»

 

Сулайман Жапаров, Лейлек

«Сулей-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

6 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: