Menu

Талиптер тажик чек арачыларына кол салышты

Бөлүшүү:

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети тажик-ооган чек арасында куралчан кагылышуу болгонун билдирди. Натыйжада аскер кызматкери Сухроб Сафолов мерт кетти.

Операциянын жүрүшүндө 9 адам жок кылынып, экстермистик топтун мүчөсү, молдо Фасхиддин валади Курбон жана дагы бир согушкер жаракат алды.

Ооганстандын жергиликтүү бийлиги кабарлагандай, Тажикстандын чек арачылары менен 5-мартта “Паяндж” чөлкөмүндө ок атышкан куралчан топ “Талибан” экстермистик кыймылына таандык.

Уездин админстрациясынын башчысы Имам-Сахиб Амонуддин Курайши билдиргендей, Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы бул аймак “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин көзөмөлүндө. Анын айтымында, экстремистик топ Кундуз провинциясындагы Имам-Сахиб уездине таандык жердин 30 пайыз бутага алып турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: