Menu

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Өкмөт ошол 10 млрд. сомду элге чачып, электр энергиянын баасын арзандатышы керек”

Бөлүшүү:

-Дастан мырза, өкмөт электр энергиясына бааны көтөрүү маселесин козгоп, кайра сиздер каршы чыккандан улам токтоп калды.Бул маселе убакыт өтуп кайра көтөрүлбөйбү?

Өкмөт башчы Темир Сариев өткөндө парламенте келип, жазгы-талаа иштери боюнча маалымат бергенде: “Токтогул ГЭСинде суунун көлөмүжакшы. Импорт албайбыз, электр энергиянын баасы да көтөрүлбөйт” – деп айткан. Ошол жыйындан 10 күн өткөндөн  кийин, өкмөттүн алдындагы Отун энергетика -комплекси боюнча агенттигинин жетекчилери парламенттин тиешелүү комитетине: “Биз апрелде электр энергияны импорт кылышыбыз мүмкүн, ошого байланыштуу электр энергиянын баасы көтөрүлүшү ыктымал” деген сунуш менен келишиптир. Бул маселени уккандан кийин абдан ачуум келди. 2014-жылга чейин электр энергиянын тарифтерин көтөрүү маселеси Жогорку Кеңештин макулдугу менен болчу, анан өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизип, бул маселени өзүнө алып кеткенде, мен ага карты добуш берип, каршылык көрсөткөм. Бул маселени дагы мыйзамдар менен Монополияга каршы күрөшүү агенттигинен да алып, Энергетика министрлигинин алдындагы департаментке берип койду. Өкмөт эми мындан ары бааны каалаган учурда өзү каалагандай көтөрө берет, бул абдан эле туура эмес маселе болуп калды деп айткам. Мына ошол айтканым туура келип, азыр акырындык менен иш жүзүнө  ашууда. Өкмөт тынч жаткан элге ушинтип жек көрүнүп алат. Бир сөз менен айтканда, өкмөт мындай жолдор менен ийгиликке жете да, элдин ишенимине кире да албайт. Акыры түшүнүштү окшойт, аз күн мурун Темир Аргенбаевич бул маселеге чекит коюп, тариф көтөрүлбөй тургандыгын айтты. Өкмөт башчынын бул билдирүүсүнө рахмат.

-“Электр станциялар” мамлекеттик ишканасы “Салык кодексине” өзгөртүү киргизүүнү сунушташпадыбы? Бул маселенин күнгөй-тескейин айтып берсеңиз? Төлөнбөгөн 10 млрд. сом тууралуу талаш болду го…

-Ар бир адам жер салыгы, үй салыгы ж.б. салыктарды төлөп жатпайбы. Ошондой эле, мамлекеттики деп эсептелген суу алдында жаткан жерлердин салыгы төлөнүшү керек болчу. Ал суу алдындагы жерлердин 10 пайызы жарандардын менчик жери экен. 2008-2015-жылдар аралыгында салык төлөнбөй келип, бүгүнкү күндө тууму менен 10 млрд. сомго жакындап калыптыр. Мына ушул акчаны кечип бергиле деген сунушту берип жатышат. Мен аталган ишкананын жетекчилерине: “Силер коммерциялык баа менен элге электр энергияны сатып, акчанарды ез убагында алып жатасыңар. Мамлекет дагы субсидия кылып, төлөп берип жатат. Анан неге ушунча жылдан бери, салык көлөмү 10 млрд. сомго жеткенче төлөгөн жоксунар? Мейли, биз бул акчаны кечип берели. Бирок, силер 10 млрд. сомду жалпы кыргыз элине чачып туруп, ошол акчанын эсебинен электр энергиянын баасын арзандатып бергиле. Балким, ал 6 айга, балким 1 жылга жетээр, балким эл ошончо убакыт электр энергияны 15-20 же андан көп тыйынга арзан төлөп калат. Мына ушул кадамга барсаңар, биз карызды кечели” – деген сунушту айттым.

-Жакшы сунуш экен. Колдоого алыштыбы?

-Кандай чечим кабыл алышат, көрө  жатарбыз. Бул маселеге көз салып турабыз. Жер, суу элдин байлыгы. Анан өздөрү ишти жакшы алып бара алышпай, жыйынтыгында олчойгон акчадан эптеп кутулуп кетүүнүн амалын издеп жатышат. Салыкка каралган акча кайда кетти? Бул жерде да кандайдыр кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Мына бир кездерде, Токтогул ГЭСиндеги сууну сатып жиберишкен жетекчи сөрөйлөрдүн азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып, аталган ГЭСтеги сууну толтура албай жатабыз. Мен бул маселеге кызыгып көрсөм, 2010-2011- жылы ГЭСте суу толуп, көлөмү 19 млрд. кубка жетиптир. Ошондо бир да жолу электр энергиянын тарифин көтөрүү, импорттоо маселеси козголбоптур. Ал кезде өкмөттү Алмазбек Атамбаев жетектеп турган. Алмазбек Шаршенович, президенттик шайлоого кетип, анын ордуна келген өкмөт башчылардын учурунан баштап ГЭСтеги суу азая баштаптыр. Былтыр 6, 5 млрд. кубка чейин төмөн түшүп кетип, электр энергияны кымбат баада, так айтканда 5 сомдон импорттодук. Бир кезде 1 сом, бир канча тыйындан арзан сатышкан да. Мен ушул маселе боюнча элге кыянаттык кылып, туура эмес иш кылгандарды ачык алып чыгып, жоопко тарталы деп сунуш кылып жатам. Тилекке каршы, бул маселе колдоого алынбай турат. Эл аткаминерлердин андай иштеринен запкы, кыйноо көрбөшү зарыл.

Өкмөттүн ипотекага үй берүү маселесинин шарттары элге ыңгайсыз экенин жакшы билесиз. Бул боюнча кандай сунуш айта аласыз?

-Туура, чынында ипотеканын шарттары карапайым эл үчүн туура келбейт. Азыр ипотекага үй алуучулар 2 млн. сомдук бир бөлмөлүү батирдин алгач 30 пайызын (600 мин сом) төгүп, анан айына 15 мин сомдон телеп турушу керек. Мисалы, мугалимдин айлыгы 10 миң сом. Демек, мугалимдер ипотекага алган үйүнө 20 жыл ичинде ар бир ай сайын 5 мин сомдон төлөп турууга макул болушат. Үйлөр ушундай шарт менен берилсе, жакшы болмок. Алгачкы 30 пайыз дегенди такыр жоюу керек. Мен ушу 30 пайызга каршы чыгып, алып салгыла деп жатам.

Үйдү камсыздоо маселесин колдоого алдыңызбы?

-Машинелерди камсыздоону 2020-жылга жылдырып жатабыз. Бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап койдум, азыр сайтта илинип турат. Машинени камсыздоо милдеттүү түрдө эмес, каалоого жараша болушу керек. Үйлөрдү камсыздоону да ар кимдин өз каалоосуна коюшубуз абзел. Өкмөт жаратылыш кырсыгына кабылган үйлөргө 200 миң сомдон ссуда берип жатпайбы, мына ушундан качып жатышат. Азыр тиешелүү кызматкерлер үйлөргө барышып: “Сенин үйүңдүн электр зымдары туура эмес тартылыптыр, кошумча эшигиң жок экен” – деп ар кандай шарттарды коюп жатышыптыр. Мындан тышкары, өкмөт жакында эле өсүмдуктөрдү камсыздоо маселесин көтөрүп чыкты. Мисалы, сиз буудай өстүрсөңүз, аны кокус сел алып кете турган болсо, камсыздап койгон болсоңуз, бардык чыгымын болбосо да, бир канча бөлүгүн төлөп берет экен. Мен буга каршы чыктым. Себеби, бүгүнкү күндө мыйзам бар да. Зилзала же башка табигый кырсыктар болсо, өкмөт ал мыйзам боюнча сиздин тиккен буудайыңыздын чыгымын төлөп бериши керек да.  Эми бул мыйзамды да жокко чыгарганы жатышат. Өкмөт дыйкандар өсүмдүгүн камсыздандырса кырсык болгон учурларда төлөйбүз, камсыздандырышпаса төлөбөйбүз дейт. Анда буга чейинки мыйзам эмне болот десем, ал мыйзамдан качабыз дешти. Ошондо мен да ачууланып кетип, анда быйылкы жылды башка деп атабай эле, жалаң эле камсыздандыруу жылы деп койбойсуңарбы деген пикиримди билдирдим. Жакында бул мыйзам палатага чыгат. Кыскасы, акыркы кезде өкмөт элдин шартын анча ойлобой эле, бюджеттин тешигин бүтөө үчүн элге жакпай турган маселелерди көбүрөөк чыгарып жатат. Мындай аракеттин жемиши аз жана түбү да жакшы болбойт. Биринчи элге шарт түзүп берип, жашоо-шартын оңдогондон кийин анан мындай мыйзамдарды талкуулап, ишке киргизсек болмок.

-Соңку суроо болсун. Too буурчак өндүрүү, сатуу маселеси боюнча Талас элине абдан кам көрүп жүргөнүңүздү билебиз. Азыр да тоо буурчактын баасы арзан болуп турат. Бул боюнча эмне айтасыз?

 -Сиз айткандай, бул маселени көп көтөрүп жүрөм. Андыктан, азырынча кыска эле айтайын. Быйыл да арзан болуп калды. Эмгеги акталбаган эл буга абдан нааразы. Аргасыздан дыйкандар 28 сомдон сатып жатышат. Мен өкмөткө жардам иретинде төмөнкүдөй сунуш жөнөттүм: “Сиздер азыр Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан жете турган акча алып, төө буурчактын килограммын 40 сомдон (өзүнүн чыгымы 35 сом да) сатып алгыла да Мамлекеттик резервдер мекемесинин кампаларына баа көтөрүлгөнчө сактап койгула, аны чычкан да, эшек да жебейт, кургак жерде турса эки жыл сонун сакталат. Анан жазында же жайында баа көтөрүлгөн  учурда сатып жибергиле да, чыгымыңарды жаап алгыла. Пайда да түшүшү мүмкүн”. Ушул сунушту колдоого алып коюшса, эң сонун болмок. Негизи, 250 мин эли бар Талас облусунун 90 пайызы төө буурчак айдашат. Бир кезде төө буурчактын баасы жакшы болуп турганда, жылына 100 миң доллар киреше алып келчу. Азыр тилекке каршы, өз чыгымын жаппай жатат.

 Айбек Шамшыкеев

Булак: “Багыт. кж”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: