Menu

Назарбаев McDonald’s аркылуу инвесторлорду чакырат

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 5-мартта Астанадагы McDonald’s тез татым ресторанына баш багышы өлкөдө талкуу жаратты.

Казак бийлиги McDonald’s тез татым ресторандар түйүнү келечекте өлкөдө 20 миң кишиге жумушчу ордун түзөт деп билдирет.

Социалдык тармактардагылар муну фастфуд жегиле деген ишара катары кабылдашты.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Даурен Абаев мындай пикирлерди четке кагып, Назарбаевдин визити чет элдик инвесторлорду казак экономикасына акча салууга чакырык деп атады. Казак жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин McDonald’s жергиликтүү бөлүмүн президенттин тууганы Кайрат Боронбаев жетектерин жазып чыгышкан. Кайрат Боронбаев мурда газ тармагында иштеп, кызы Нурсултан Назарбаевдин небересине турмушка чыккандыгы жөнүндө да маалыматтар жарыяланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: