Донбасста курман болгон 15 орус аскер кызматкеринин сөөгү Донецктен Орусияга жөнөтүлдү.
“Украинская правда” гезити Украина Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгына таянуу менен жасаттар 4-мартта облустук моргдон чыгарылганын билдирди.
Мындан тышкары, украин чалгын кызматы Донбасты окуппацияга алгандардын катарында үчүнчү мотоаткычтар биргадасынын кол башчысы, орус генералы Игорь Тимофеев бар экенин кабарлады. Ал Украинада Соколов деген фамилия менен жүрөт.
Орусия жикчилдер менен байланышы бардыгын четке кагат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ