Menu

Казакстан этникалык абалга кабатыр

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк басылмалар Казакстандын түндүк райондорундагы этникалык курамдын өзгөрүп башташына казак бийлиги кабатырланып жатканын жазып чыгышты.

Reuters агенттиги Укранинадагы окуялардан кийин автономия болууга көз арткан этникалык орустардан Казакстан чочулап жатканын, Костанайдагы кырдаалды сүрөттөп жатып билдирди. Ал жакта демографиялык абал кудум Крымга түспөлдөшүп кетерин маалымдаган.

Макалада Москва жикчилдерди кубаттап жаткандыгы жөнүндө эч кандай ишаарт жок экендиги, бирок ал өлкөнү өз орбитасында сактап калууну самай турганы жазылган.

Казакстанда орус диаспорасы 3.7 миллион адамды түзөт.

Бул арада “Diplomat» гезити “Казакстанды эмне себептен орустар таштап кетип жатат” деген суроо койгон. Чейрек кылымдан бери этникалык орустардын саны 20 пайызга кыскарган.

Газета акыркы жылдары этникалык чыңалуу өтө курч суроого айланып бара жатканын кошумчалайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: