Кечээ, 7-мартта Эл аралык аялдар күнүнө карата КР Жаза аткаруу мамкызматынын жоокер кыздары менен КТРК, НТС жана ЭлТР телеканалдарынын журналист кыздарынын ортосунда волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.
Оюндун жүрүшүндө КР Жаза аткаруу мамкызматынын жоокер кыздарынын волейбол командасы 1-орунду, КТРКнын кыздары 2-орунду жана НТС телеканалынын командасы 3-орунду жеңип алышты.
Андан сырткары кыздардын шамдагайлыгын, күчүн жана чечкиндүүлүгүн аныктаган спорттук эстафета боюнча да мелдеш болуп өттү.
Спорттук эстафетанын жыйынтыгында КТРКнын кыздары 1-орунду, ЖАКтын жоокер кыздары 2-орунду жана ЭлТРдин кыздары 3-орунду жеңип алышып кубоктор, медалдар, грамоталар жана спорттук формалар менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ