Menu

Чубак ажы ахмадилер тууралуу жалган маалымат таратып, дин аралык жек көрүүнү козутуудабы?

Бөлүшүү:

«Эл деми» гезитинин өткөн санында «Ахмадилерди өлтүрүүнү ИГИЛдин кыргызстандык талаа командири Абу Салох тапшырган» аттуу макалада Аширали Вахидовдун «Чубак ажы ачыктан-ачык эле Кашкар-Кыштакка «жихад» кылгыла деген чакырыгын таштады. Андан кийин эле Юнусжанды атып кетишти» деген маегинде Чубак ажынын «Кашкар-Кыштака жихад кылгыла» деген кебин жаңжалга үндөө катары оң көрбөгөнүн жарыяланган эле. Ал эми Чубак ажы телеканалдарга чыгып өзүнүн айткан кебин оңдоп жатып, ахмадилерге кол салгандардын бетин укук коргоо органдарытарабынан  ачылып жатса дагы, расмий органдарга ишенбедиби, айтор «алар бири-бирин өлтүрүп алышып» деп, ахмади-мусулмандарга бет жоктук менен жалаа жапканын, дегеле молдокенин дээрлик ар бири сөзү калпка, жалган маалыматка негизделген деген пикири менен бизге кайрылды. Анын айтымында, Чубак ажынын ахмади-мусулмандарга карата: «кыянатчы, саткынчы үй-бүлөдө туулган; Алла орозо кармайт, ойгонот, уктайт, жазат, адашат, ошондой эле жыныстык катнашка барат; Кудай Таала англис, англисче сүйлөйт” өңдүү жалаа-калптары диний насаат айтуучу түгүл, наадандардын оозунан чыга турган кеп эместигин белгиледи. Ансыз деле учурда дүйнөдө диний аша чабуучулук күчөп турган маалында аны токтотууга салым кошкондун ордуна диндер, конфессиялар аралык, тагыраак айтканда ишенимдер аралык козутууну козгоп, КР Конституциясынын беренелерин бузуп жатат: «3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.…» 1.16.2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким…, туткан дини, же башка ынанымдары, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. 22. … диний жек көрүүчүлүктү тутантууга… тыюу салынат», деп турса дагы, өлкөнүн мыйзамын бузуп, башка бирөөлөрдүн  ынанымдарын кодулап жатат, ошондой эле Чубак ажы Куран, Хадисти насааттап жатып өзү ага амал кылбай жатат  деген Аширалы Вахидов (Курандан далидерин көтөрүп алып) бизге Чубак ажынын ахмадилерге карата жапкан жалааларынтактап  өттү.    

Аширали аке Чубак ажы ахмади-мусулмандарды өлкөдөгү коркунучтуу агым катары саноодо. Чынында эле ошондойбу?

 -Чубак ажынын ахмадилерди коркунучтуу агым дегени коомчулук алдында жоопкерчиликсиздик менен жалаа жапканы. Аны эмнеге негиздеп, эмне үчүн антип айтканын түшүнбөдүм. Аалым катары көп эле шарият айтып жүргөн адамдын элге калп, жалган маалыматтарды таратканы ушак айтуудан башка эч нерсе эмес. Бул мусулман адамдын айта турган сөзү эмес, Мухаммад Пайгамбарыбыз маалында исламдын чыныгы душмандарына да анчалык жек көрүү тараткан эмес. Бул адамдын ахмадилерге каршы жек көрүүчүлүктү таратканы — КРдин мыйзамын бузгандык, ишеним аралык кастык жараткандык. Эгер Чубак ажынын айтканын ээрчисек, өлкөдөгү миңдеген ар кайсы ишенимдегилер бири-бирин каапыр атап калбайбы. Чыныгы мусулмандын оозунан эч качан негативдүү чыкпайт.

 -Ахмадилерди Чубак ажы «каапыр» атап жатат. Минтүүгө анын акысы канчалык?

 -Каапырды адам өзү анан бир гана Алла таала билет. Оройлукка орой жооп бергим келген жок, бирок адам түшүнүүүсү үчүн айтсам болоор. Намаз, Куран окуп, «мен мусулманмын» деп «Лаа илааха иллалоох, Мухаммаддур Расулуллоох» деп келиме айтып турган адамды «каапыр» атаган адамдын өзү автоматтык түрдө каапырга айланат. Чубак ажы айтат, «булар намаз, куран окуйбуз деп ичиндегисин сырттына чыгарбай элди алдашат» дешет. Адамдардын жүрөгүндөгүсүн билген Чубак ажы ким өзү? Мухаммад Пайгамбарыбыз маалында согуш учурунда душмандын бирисинин  келиме айтканына карабай кылыч менен чаап салган. Бул окуя Пайгамбарыбызга жетет, тиги киши  жанын сактап калуу үчүн гана келиме айтып кутулмакчы болгонун айтканда Пайгамбар: «Сен эмне анын жүрөгүн жарып ичиндегисин көрдүңбү?» — деп абдан ачууланган. Мына Чубак ажы Пайгамбардын сүннөтүн да аткарган жок. Чынында ал эмне ахмадилердин жүрөгүн жарып көргөнбү? Адамдын ичиндегисин кой, өзүнүн айткан айткан сөздөрүн иреттей албай жатат да, анан бирөөлөрдү «каапыр» атайт.

-Бирөөнү “каапыр” атоо- бул учурда дүйнө күрөшүп жаткан “такфиризм” терминине тиешеси барбы?

 -Такфирчиликтин мааниси «каапырга чыгаруучуну» билдирет. Эгер бир киши башка бирөөнү “каапыр” атаса, демек ал каапыр болуп калбайт, бирок каапыр атаган адам “такфир” болуп калат, мына ушул такфириттик Чубак ажынын өзүнө түшүүдө.

-Чубак ажынын айтымында, ахмадия жамаатынын негиздөөчүсү Мирза Гулам Ахмад ошончолук жаман киши беле?

 — Чубак ажынын ал киши тууралуу оңтойсуз кептерди айтканы карандай калп, ал анын абийиринде. Гулам Ахмадды доорундагы адамдар, атүгүл башка диндегилер, анын жеке жашоосунун, мүнөзүнүнүн тазалыгын белгилешип, күбө катары айтып келишкен. Гулам Ахмад жаштайынан ислам динин терең окуган, исламды артыкчылыгын таанытуу үчүн христиандар, индуисттер, сикхтер менен эл алдында дебаттарга (илимий талкууларга) чыгып, исламдын өзгөчөлүктөрүн далилдей алган. Анын зиректиги бардык диний лидерлерди кызыктырган. Ошондуктан анын жашоосу жакындардын, бөтөндөрдүн көз алдында болгон. Тазалыгы, чынчылдыгы, камкордугу, мээримдүүлүгү ар кимди суктандырбай койгон эмес. Атүгүл, улуу суфий Ахмад Джан Лудхианий Мырза Гулам Ахмадды «14-кылымдын «муждахиди» (ислам каарманы, ар бир жүз жылдыктагы исламдын тазалыгы үчүн күрөшкөндөр) жана «мусулман үммөтүнүн эң жетик инсаны» атап, аны «Биздин Мессия бол», деп чакырган. Чынында Азирети Мырза Гулам Ахмадды 14-кылымдын муждахиди – реформатору экенине эч ким каршы болгон эмес.

-Биздин ыңгайсыз сурообуз үчүн кечиресиз, эми адамдын кайсы жайда кандай абалда өлгөнү анын жакшы-же жаман адам экенин билдирбейт эмеспи. Бирок, Чубак ажы Мырза Гулам Ахмадды дааратканада каза болгон дейт.

-Бул калп. Башкалар аны холерадан өлгөн дейт. Бул дагы калп. Алар адамды жаманатты кылуу үчүн ошондой кептерди таратууда. Гулам Ахмад 1908-жылы, 26-майда Лахордо өзүнүн жакын адамдары, шакирттеринин колунда каза болгон. Анын акыркы сөзү: «Оо, Менин Улуу Аллахым» болгон. Врачтардын расмий тыянагы боюнча, анын өлүмү узак физикалык алсыроо, ашыкча аскеттик жашоо образынан жана ашыкча чарчоодон улам болгон. Күмбөзү Кадияндын «Бахишти Макбара» күмбөзүнө коюлган. Ал жерди миллиондогон адамдар урмат кылып зыярат кылышат.

-Дагы эле Чубак ажы Мырза Гуламдын туулган датасын 1900, 1839-жыл деп ар кандай айтууда. Атүгүл анын ата-бабасынан бери кыянатчы” деп жатат. Теги тууралуу тактай кетсеңиз?

 -Ооба, болжолдуу айтуу, анын маалыматынын аздыгын билдирет. Имам Махди Азирети Мырза Гулам Ахмад 1835-жылы 13-февралда Индиянын Кадиян кыштагында туулган. Анын атасы Гулам Муртаза могол тукумунан чыккан урматтуу адамдардан болгон. Мырза Гулам Ахмад азыркы Өзбекстандын Шахрисаб округунда 200 жыл башкарган Барлас тукумунан тарайт. Ахмад Хажи Сайфудин Барлас Темирландын абасы болгон. Айтор анын тегинин баары жооптуу кызматтарда турган. Ал эми Азирети Мырза Гулам Ахмаддын энеси жагынан алганда, ал Мухаммад Пайгамбардын кызы Фатима РА жагынан тараган.  Мындай маалыматтарды билбей эле өйдө-ылдый сүйлөй береби?

-Мырза Масрур Ахмад Индиядагы Англия колониясынын администрациясы менен кызматташууга чакырып, «жихадды» жойгону чынбы. Жихаддын парыздыгын жокко чыгарышкан деп жатат го.

 -Ахмадилердин оппоненттери ислам жихадынын парыздыгын жойгон дешет. Муну туура эмес айтышууда. Жихад исламдын маанилүү милдеттери болуп, кеңири мааниде турат. Мисалы Кичи Жихад, Чоң жихад, билим, Куран менен жихад, мал менен жихад ж.б. Кыскасы, Курандагы бардык жихаддын түрүн туура кабыл алабыз. Болгону, азыркы биздин заманда физикалык урушка эч кандай зарылчылык жок. Тескерисинче, руханий жихад, билим менен жихад зарыл. Эгер курал менен жихад кылсаң, курал менен жооп аласың. Ислам сөзү тынчтыкты билдирип жаткандай тынчтык жолу, илим менен жихад зарыл. Ислам тынчтык жолу менен таркалган. Маселен, Ыйык Меккенин муфтийлери Джамалуддин бин Абдулла Шейх Умар Ханафи, Хусейн бин Ибрахим Мальки, Ахмад бин Захни Шафи үчөө Мырза Гулам Ахмаддын өмүрү Куран менен гана исламды таратып, аны коргоо менен өтүп, христиандар, индуисттер ж.б.дын коркунучтуу чабуулдарынын мизин кайтарган улуу иштерин белгилешкен. Керек болсо ислам тарыхында башка диндер менен диспутта исламдын артыкчылыгын көрсөтө алган Ахмадия жамаатындай ийгиликке жеткендер болгон эмес.

(уландысы бар)

Булак: “Эл деми”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: