Menu

Робин Жээнтаев ырчы: “Атактуулукка жетүүнүн бир гана сыры жана жападан жалгыз жолу бул аракет”

Бөлүшүү:

Кыргыз сахнасынын жанып турган жылдызы болууну кайсы гана талантуу калабасын. Бүгүнкү күндө алардын саны арбын. Булардын катарын толуктаган ырчы Робин Жээнтаев. Робин мырза азыркы учурда өз күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, көптөгөн чыгармалардын үстүндө иштеп жатат. Аны менен катар Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда вокал бөлүмүндө билим алып жаткан учуру.

— Ырчы болууңузга жана бул чөйрөгө алгачкы кадамдарды таштоого ким түрткү болду?

— Ырчы болуу менин балачактан берки кыялым! Үй-бүлөмдө төбөсү көрүнгөн ырчылар чыккан эмес. Бирок, атам абдан жакшы ырдаган, кудул киши. Ал мени ар дайым ырчы болушума дем берип, колдоп келет.  Айылда жүргөн кезимде музыкант деген кызматым бар эле. Мектептеги бардык кечелердин көркүн чыгарганга да шыктуу болчумун. Ырчы болууга өзгөчө үй-бүлөм чоң түрткү болду десем жаңылбайм.

— Сиз сахнага кандай ой максаттар менен келдиңиз?  Атактуу болууну самаппы же кыргыз шоу-бизнесине чын дилиңизден өз салымыңызды кошоюн деппи?

12825157_923939021056570_1570077805_n — Биринчи ар бир ырчы сахнага өз талантын элге көрсөтөйүн деп келиш керек. Эгерде сени эл жакшы кабыл алып, ырларың Кыргызстандын булуң бурчунда жаңырып, ырдалып турса, атактуулук да өз убактысы менен келет. Ошондуктан ар бир сахна адамы атактуулукту эңсебестен, талантымды эл бааласа экен деп аракет жасашы керек. Кыргыз шоу бизнесине, маданиятына албетте колдон келишинче өнүгүүшүнө байсалдуу салымымды кошом деген ойдомун.  Бул нерсеге убакыт керек.

 — Ырчылыкты  кесип катары эсептейсизби?

— Ырчылык бул-кесип деп толук ишеним менен айта алам. Себеби, эмгектин арты менен гана ийгиликти өз тарабына жылмайта аласың. Күнү-түнү элдин көңүлү  үчүн эч нерсеге карабастан дайыма кызматта болосуң. Бул адамды  моралдык, физикалык жактан  абдан чарчатып, үй-бүлөдөн да алыстатат. Жогорудагы айтылган нерселер адам баласына эң маанилүү болсо да ырчылар ошол нерселерге да туруштук берип жаңы хиттерди жаратып жатышат. Кесиптештериме алкыш гана айта алам.

— Атактуулукка жетүүнүн сыры эмнеде?

— Атактуулукка жетүүнүн бир гана сыры жана жападан жалгыз жолу бул аракет.  Аракет бар жерде сөзсүз жылыш, жыйынтык болот. Эч качан сын пикирди кагуу же аны кабыл албоо туура эмес. Ал нерсени дайыма өзүңө  анализдеп, таразалап алыш сенден көз каранды. Эл көзүндө жүргөндөн кийин ар убак репертуарың, стилиң өзгөрүп турушу шарт, тагыраак айтканда заманга жараша жооп бериш керек.

— Бүгүнкү күндө репертуарыңызда канча ыр бар?

— Азыркы учурда ырдалып жүргөн  төрт, беш  ырым бар. Акыркы  жаздыргам ырым12804504_923939044389901_722599519_n“Туулган күн”  автору белгилүү ырчы, обончу Айбек Карымов. Бул чыгарма буга чейин ырдалып жүргөн. Мен Айбек агайдын уруксаты, батасы менен жаңыланган вариантын ырдап чыктым. Ал эми азыркы учурда жаздырып жаткан ырым “Сен ким элең?” сөзү Мира Кеңешова, обону Руслан Абалкулов. Буга чейин чыккан ырларым  “Ардагым” автору Чыңгыз Мырзыкулов, “Садагам” обону Мирлан Абдыраев, сөзү Акбар Кубанычбеков жана “Асыл эркем” аттуу ырымдын автору Ильяз Абдразаков. Кудайым буюрса жакынкы аралыкта алгачкы клибимди  тартуу иштери пландалып жатат. Ошондой эле, бул жылга альбом чыгарсам деген ойдомун.

— Сиздин  өзгөчөлөнгөн жагыңыз кайсы болду экен?

— Менин өзгөчө жагым  бул же тигил деп баса белгилеп деле айта албайм. Балким мен романтикалуу ырларды жакшы аткарармын, бул менин өз пикирим. Себеби сүйүү жөнүндөгү чыгармалар жүрөгүмө абдан жакын жана үнүм да туура келет. Бул нерсеге эл өзү сынчы, баасын да өзү берет.

 — Эгер кайсы бир белгилүү топко чакыруу түшсө кабыл алат белеңиз?

— Топко чакыруу түшө элек. Бирок мен кабыл албайт болчумун, себеби өз алдымча иштегим келет. Буга чейин жеке ырчы болууну кыялданып келгем жана ошол нерсеге гана аракеттендим. Өзүмдүн жеке ырчы катары иштөөдө көпдөгөн пландарым бар. Мисалы сынакка баруу.  Жараткан насип кылса жай айында Ысык-Көлдө жыл сайын өтө туруучу “Кадыр түн” фестивалына катышып келүү жана башка.

Алина КЕРИМБЕКОВА

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: