Menu

ЖАМУдагы көмүлгөн иттин өлүгү

Бөлүшүү:

Урматтуу ЖАМУнун жетекчилери жана окутуучулар жамааты! Областыбызда билимдин, илимдин ордосу болгон мамлекеттик окуу жайыбызда 15 тен ашуун докторлор, 100 дон ашык кандидаттарыбыз бар деп сыймыктанып, талаш-тартыш жаралган жерде сиздердин атыныздарды атап, мактанып, сиздердин билиминиздерге таазим этип балдарыбызга идеал катары айтып келебиз.
10-15 күндөн бери интернет сайттарынан өзүнүздөр жашаган куттуу үйдөн ынтымак кеткендигин айгинелеген макалаларды окуп, 7 областка, бүт КЫРГЫЗСТАНГА уят иш жасап, окуу жайдын беделин түшүрүп, эртенки күндө жогорку окуу жайлардын катарынан чыгып калуу коркунучу жаралып жаткандыгын өзүнүхдөр сезбей жатканыныздарга күбө болуп жатабыз. Макалаларды окуп бул окуу жайында педагогикалык этиканы билбеген окумуштуулар эмгектенеби, билим денгээлдери ушунчалык төмөнбү, биз балдарыбыздын тагдырын ушундай адамдарга тапшырдыкпы, булар даярдаган адистер тарбиялуу педагогдор эмес эле өздөрүнө окшогон жан дүйнөсү жарды адам болуп чыгабы?- деген суроолор менин тынчымды алып, ары уялып, ары капа болуп, татыктуусу алкыш алып, татыксызы жумуш ордун өз каалоосу менен бошотоор деген ой менен калыс адам катары болгон ишти иликтегенге аракет жасадым.
Сөз башы
Филология факультетинде «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты», «Журналистика жана …»- деген 3 кафедра иштейт экен. Кыргыз тили кафедрасын Оморов А., Кыргыз адабиятын Кадырова А., Журналистиканы Аматбекова С. жетектеп келген. Рыскулова Гулжамал фил. илим. канд. диссертациясын коргоп келгенден кийин А.Оморовдон кафедра башчылыкты талашып, кафедранын мүчөлөрүн көпкө чейин жүдөткөн. Атасындай болгон аксакалды «өлүгүңдү көрөйүн чирик чал …..» ж.б. оозго алгыс сөздөр менен каргап, давлениесин көтөрүп , больницага чейин жөнөткөн күндөрү далай жолу болгон экен.
Курош токтобой ага жердештерин аралаштырат. ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысыАжыбаева З.« сага кафедраны алып берем»- деп касам ичкенби, айтоор уруш токтобой, акыры А.Оморов Г.Рыскулованын жазган китеби уурулук жолу (плагиат) менен жазылганын тастыктаган макала газетанын бетинен орун алат.

Иттин өлүгү көмүлгөн жер

Кафедраны ала албасына көздөрү жетсе да салгылашуу токтобойт. Ангыча Бакирова Г.кандидаттык диссертациясын жактап келет. А.Оморов кафедранын жетекчилигинА.Бакировага өткөрүп берет. Ал эми кафедра дегенде уйкусун жоготкон Рыскуловага Г. «Журналистика» кафедрасынын башчылыгын С.Аматбековадан алып беришет. Окуу жылы аяктап жатканда «Кыргыз тили» кафедрасына Бакирова Г., «Журналистика..» кафедрасына Рыскулованы жетекчи кылып шайлашат, отпускадан келишсе «Кыргыз тил» кафедрасына Рыскулова Г., «Журналистика..» кафедрасын Бакировага беребиз деген чечим чыгарышат. Себеби «Журналистика» кафедрасынын өмүрү кыска экенин билишет. Бул чечимге Г.Бакирова каршы чыгат. Бакировага- Ажибаева З,  Дарбанов Б. экөө бирдей кысым көрсөтө башташат. Бакирова Г. ректордун аралашуусу менен кайра кыргыз тили кафедрасына жетекчи болуп калат. Иттин өлүгү мына ушул жерде көмүлүп жатпайбы!  Бакирова Г. өз жетекчилигин тынч баштаган жок, эң көп кысымчылык факультеттин деканы Б.Дарбанов тарабынан жүрдү. Өз билим денгээлине ишенген адам гана жетекчиге баш көтөрүп сүйлөй алат. Г.Бакирова ар дайым декандын туура эмес жасаган ишин бетке айтса жактырбай, «кантип ушул жетекчиден кутулсам?»- деп жүргөн мезгилде ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы А.А.Ажибаева«Кыргыз тили» кафедрасын жоюу оюнуна чакырат. Ал эми декан Б.Дарбановго бул идея майдай жагат. Биринчиден Б.Дарбанов билимдүү адамдарды абдан жаман көрөт, текебер, баш көтөрүп өз оюн айтып койсо да, «сен ким элен, мага акыл үйрөткүдөй?». Мен доктормун, менин агам ректор, мени бул креслодон эч ким жылдыра албайт, ректордун дагы күчү жетпейт, керек болсо ректорду креслосунан учуруп жибергенге күчүм жетет, декандын ордун акча менен болсо да сатып алам, мага эч кимиң тен келе албайсын – деген сөздөрү менен окутуучулардын ооздорун жабат. Мындай кылыктарын угуп «параной» болуп ооруп калганбы же бул типтеги адамдар илим үчүн эмес карьера үчүн жашап жүргөндөрбү?-деген суроо туулат. Ажибаева З. менен Б.Дарбановдун түзгөн план “Барбаросу” ишке ашып, минтип жыйын өткөрүшөт:
1).Кафедранын жоюлушу жөнүндө «Кыргыз тили» кафедрасынын кафедра башчысы жана окутуучулар жааматы билишпейт. 2.) Саат 14.00. Дарбанов Б, Ажибаева З. келишип чогулуш болоорун айтышат да кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары аз санда, «Кыргыз адабияты» кафедрасынын мүчөлөрүнүн добушу менен «Кыргыз тили» кафедрасынын жабылуусу жөнүндө чечим чыгарып коюшат. 3.)Журналистика кафедрасынын сааты жетпей, жоюлуп кетүү коркунучунда турганын билип, окуу бөлүмүнүн башчысы Ажибаева З. синдиси Г.Рысбаеванын кафедрасын сактап калуу максатында «Кыргыз тили» кафедрасын жоюп, адис чыгаруучулардын саатын «Кыргыз адабияты» кафедрасына, факультет аралык сааттарды «Журналистика» кафедрасына кошуп берет. Кафедра жоюлуп, Бакирова Г. кызматтан бошогондон кийин Б.Дарбановдун Г.Бакированы кысымчылыкка алганы жөнүндө угуп алып, «ой тообоо» -деп жакаңды кармайсын. Аны кемсинтип, кабинетин, столдорду, ачкычын талашып жаман сөздөр болот…
Журналистика кафедрасынын башчысы Г.Рыскулова өзүнүн жумушун С.Аматбекованы кысуу оюнунан баштайт.

Жыйынтыгы: 1.) Окуу бөлүмүнүн башчысы Ажибаева З. жердешчиликти баарынан жогору орунга койгондугунда. 2.) Ажибаева З. кызмат абалынан пайдаланып законсуз жумуштарды жасап, адам укугун тебелеп, өзүнүн жогорку инстанциядагы жетекчилерди колго алып, аларды ар кайсы жол менен көндүргөн жөндөмдүүлүгүн кантип түшүнсө болот? Бул анын акылдуулугубу, тапкычтыгыбы же башкалардын баарын «дөдөй» деп эсептегениби, же куулугубу, ички дүйнөсүнүн адамдарга болгон каралыгыбы, кругозорунун тардыгыбы, корком адабиятты коп окугандыгыбы же таптакыр окубагандыгыбы, жетекчиликке таянып алып өзүн кудай сезип баратканыбы, же кабыл алуу коммиссиянын акчалары «эч ким сенин теңиң эмес, бийлигинден пайдаланып ал!»- деп шыбырап тынч койбой жаткандыгыбы?
3.) Факультеттин деканы Б.Дарбанов Ажибаеванын Кыргыз тили кафедрасын жабуу жөнүндө законсуз иш жүргүзүп жатканына акылы жетпегенинен кошулдубу же Г.Бакировадан өч алуу максатындабы, же кайын эжелеринин сөзүн жерге таштай албаганындабы?
4.Б.Дарбанов декандын милдеттерин жакшылап окуп алса болмок бир карасаң комменданттын жумушун аткарып жүрөт, бир карасаң диспетчер, бардык кафедра башчылары менен ажылдап базардагы аялдардай урушуп, ушак кууп, сүрүштүргөнүн койбойт, аялдардын колунан келбеген интригаларды уюштурат, эки адамды уруштуруп моокуму канат. Ушундай жетекчинин кереги барбы? Бул адамда өзүн таразага салуу жашабайт өңдөнөт. .
5. Г.Рыскулова атасындай болгон А.Оморовго каргыш сөздөр менен асылганда бул кыз ата тарбиясын көрбөгөн экен деген жыйынтыкка келесин. Акылыңыз болсо ушул аксакал сиздин кайын журтуңуз, сиз ушул куттуу жердин келинисиз. Ушулардын батасын алып, көрүнгөн  автордун материалын уурдагыча агайдын этегине жармашып китеп жазганды үйрөнүп, авторлош болуп иштегениңизде Оморов А. «кафедра башчылыкты ушул кызга берели!»- дебейт беле. Сиздин жолдошунуз каякты карап отурганына аң-таңбыз, бал тилинизди салып, аныда алдап Оморов агасын жек көрсөтүп отурасыз да, коллективди эмес туугандардын да ортосуна от салып. Өтө чуулгандуу аял экенсиз. Өзүнүзгө  суроо берип көрдүнүз беле. Эмне үчүн мен урушсуз жашай албайм?- деп. Р.Отунбаева келгенде байрагынызды көтөрүп бир чыккансыз. Шайлоо процессинде «университетте ушундай токтом жаза албаган кандидаттар иштейби?-деген суроо менен кайрылткан сизсиз. Жердештеринизди кафедра башчысы болом деп тынчын алган сизсиз. Сизде улууларды сыйлоо, педагогикалык маданият, адам баласына жакшылык кылайын деген ой, бирөөнүн ишине баа берүү деген сапаттар жокко эсе, ойунуздун баары кара, ичиңиз кара окшойт ошондуктан башка адамдарды да өзүнүздөй ойлоп ар дайым чуунун үстүндөсүз. Түшүнүгүңүз тайкы, кайсы жерде кантип сүйлөөр сөзүнүздү билбейсиз, жетекчи катары тегиз кароонун ордуна аларды бөлүп-жаруу жөндөмүнүз өтө күчтүү экен. Ушул университетте болуп жаткан бардык ызы-чуу сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн чыгып отурат. Чоң коллективдин каргышынан, убалынан коркуңуз. Акылыныз болсо илим жаатында алдынызга ат салдырбай иштерди жасап, калыс болсоңуз, кол алдыңыздагы окутуучуларга тегиз мамиле жасасаңыз, минтип сиздин үстүнүздөн «иштен кетсин» — деген арыздар түшпөйт эле. Сиз «интрига»-деген тема боюнча докторлук диссертация коргосонуз болот окшойт. Ушулардын баарын жыйынтыктап отуруп бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн сиздин кемпайлыгыңызды, жарды жан дүйнөңүздү пайдаланып жаткан жокпу?- деген ой туулат.
Сөз аягы: Урматтуу өзүнүздөр үчүн эң кыйын, баарынан акылдуу, З.Ажибаева, Б.Дарбанов, Г.Рыскулова жетекчи катары өзүнүздөрдү сынап көрдүңүздөр, кемчиликтериңиздерди моюнга ала турган мезгил жетти, бирөөгө көр азабыз – деп өзүңүздөр терең көргө түштүңүздөр, эсиниздер барда этегиниздерди жыйыңыздар. Жетекчиликке зордук-зомбулук менен келген учурда да көпкө жашоого болбошун түшүнүңүздөр. Жетекчи болуп, көпчүлүккө жагып, иштин көзүн билип, коллективди ынтымакта иштете албасыңыздар айдан ачык болду. Кашыктап топтогон абройунуздарды чөмүчтөп чачтыңыздар. Кыргыздарда жакшы сөз бар «ишиңди кылып, ташыңды тер» — деген. Эми илим жаатына жол тартып кандидат, доктор экениңиздерди эстеп, колуңуздар менен жасаган ишиниздерди моюнуңуздар менен актагыла демекчибиз.

Чыр-чатак эмнеден келип чыкты?

«Журналистика…» кафедрасынын башчысы чуулгандуу Г.Рыскуловага С. Аматбекованын артынан түшүп кордогону аз келгенсип, Д.Чокоеванын үстүнөн 15- сентябрда студенттердин атынан «бизге сабак бербесин» – деп арыз жаздырышат. Арызда студенттердин аты, жөнү, колу жок. Арызды декан Б.Дарбановго алып барышат. Ал кафедра башы А.Кадыровага маселени чечиңиз деп буйуртма берет. Анын ортосундаД.Чокоева сабак өтүп жаткан учурда Дарбанов Б. кирип анын обройуна шек келтирип, студенттердин алдында «сиздин өстөңүздөн арыз түштү мен чакырганда эмне үчүн барбайсыз!» — деп урушуп, кыйкырып жерден алып жерге салат. Кафедра башчы А.Кадырова, Г.Рыскулова студенттерди чакырып, чогуу Д.Чокоевага жалаа жаап, «бакалаврдын талабы боюнча доцентпи, докторбу анысына карабай окутуучуну тандоого силердин акыңар бар» -деп сот уюштурушат. Колдон келишинче студенттер менен Д.Чокоеванын ортосунда конфликтти күчөтүшөт, студенттердин көзүнчө бири-бирине асылып ачуу создор айтылат. Эмне учун Д.Чокоеваны каалабай жатасынар – деп сураганда «сиз бизди сабакка даярдангыла, окугула, журналисттер күчтүү специалисттер болуп чыгыш керек, а силердин сабакка кызыгууңар, башыңар жок» — деп урушат экенсиз деп жооп беришиптир. Өзү группада 8 студент экен, андан 3 студент сабакка келсе келет экен келбесе жок. Калгандары белгисиз. Кафедра башчысы Г.Рыскуловадан «студенттериң жокко?» – деген суроого биздин специфика ушундай, алар иштешет – деп жооп алган Д.Чокоева унчукпай эле жүргөн экен. Сабакка келип студенттерди «ай караган текеге окшоп» күткөн Д.Чокоеванын үстүнөн кайра бир нече жолу сабак өткөн жок деп декан рапорт жазат. Мындай жорукка кимдин кыжыры кайнабайт? Д.Чокоеванын канатын таптакыр кайрып салуу максатында декан Б.Дарбановдун кабинетинде Ажибаева З., Рыскулова Г., Кадырова А., кафедра башчылары, факультеттин методсоветинин мүчөлөрү, декандын орун басарлары, Жк-1-14 тайпасынын студенттеринин катышуусунда 2чи жолу сот өткөрүшөт, кызыгы видеого тарттырганы. Мына ушинтип чыр – чатак башталат.
Сунуш: 1. Декан Б.Дарбанов студенттердин колу жок арызды «карагыла»- деп буйрук берээрден мурда, ойлонбойбу 15-сентябрда канча жолу сабак болду, студенттер келип-келбей жатып эле кандай сабак өтүлгөнүн биле калыштыбы. Өзү Д.Маматкулованын сабагына кирип, ошондон кийин чечим кабыл албайбы? Сүйлөшүү ишин тирандык жол менен эмес жетекчи катары, сыйлоо менен мамиле жасап, эженин эмгек стажын, экс-декандыгын эске алып жөн эле адамча иш алып барганда, эч кандай ызы-чуу чыкмак эмес. Орун басарыңыз Шакирова М. канча жолу Жк-1-14 тайпасынын студенттеринин катышуусуна рапорт жазса да көнүл бурган эмессиз. Келбей жүргөн студенттерди жашырып, келип жүргөн орус филологиясындагы студенттерди, болгондо да бүтүрүүчү 5 курстарды, студенттердин катарынан чыгарганыңызды, факультеттин советинде белгиленгендигин айтып келишет.
Эмне учун студенттерди өзүнүздүн кабинетиңизге киргизип, алардын көзүнчө окутуучуларды бири-бири менен конфликтке барууга, видеого тартканга жол бердиңиз?
Деканды каралап жатат деп ойлобоңуздар мындан бир нече жыл мурун орус тилчилер үстүнөн арыз жазган экен А.Аширалиев оңолот деп алып калган экен. «Ийри жыгач түз болбойт» — деген чын окшойт.
2. Коп жылдар бою жетекчи болуп иштеген, акыл-эстүү А.Кадырова студенттердин алдында Д.Чокоеваны каралап, акылдуусынганыңыз педагогикалык этиканы таптакыр унутуп аны өчөшүүгө айландырып алганыңыз өкүнүчтүү болуптур. Сиздин эң чоң кетирген катаңыз студенттердин алдында Д.Чокоеваны каралап өздүк сот уюштурганыңыз. Же сиз дагы З.Ажибаеванын колдоосу менен кафедра башчы болуп калуу максатында алардын заказын аткардынызбы?
3. Ал эми студенттерди Г.Рыскулова жана куратору болуп уюштуруп, күүлөгөнүңүздү кайра эле ошол группадагы студентка келип «Мени окуудан айдасанар айдагыла, дитим чыдабайт, мунун баарын кафедра башчысы жана куратор уюштуруп, сүйлөөр сөздөрүнөн бери үйрөттү» — деген сөзгө эмне деп жооп бересиздер?- чуулгандуу жетекчи Г.Рыскулова.
4. Ушунун баары айдан ачык болсо да Ажибаева З, Рыскулова Г., Дарбанов Б. Д.Чокоевага каршы согушун токтотушпады. Айласы кеткен Д.Чокоева актыкка чыгууну чечет.
Жыйынтыгы: Д.Чокоева ЖАМУнун ректору А.Б.Абдрашевге арызы менен кайрылат.

Ректордун чечими
Арызды карап чыгуу максатында 5 адамдан турган комиссия түзүзлөт.
1. Төрага окуу иштер боюнча проректор.Усенов К.
2. Профессор Аширалиев А.
3. Профессор Зулпукаров
4. Улук окутуучу Кочкорбаева Л.
5. Профком Болотбеков К.


Комиссиянын мүчөлөрү арызды карап чыгышып, факультеттеги кафедра башчыларын жана окутуучуларды толугу менен чакырылышын деканга буйрутма берет, бирок тилекке каршы декан саналуу гана адамдарды чакырат. Жакшы акыркы отурумду толугу менен видеого тарттырып койгон экен. Д.Чокоеванын арызы толугу менен тааныштырылыптыр. Катышуучу окутуучулар жана комиссиянын мүчөлөрү, жетекчилер баары өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышып, акырында комиссиянын председатели К.Усенов Д. Чокоевага сөз бериптир, анын акыркы талаптары:
1. Жк-1-14 группасынын куратору алмаштырылсын
2. «Кыргыз адабияты» кафедрасынын башчысы А.Кадырова жетекчиликтен алынсын.
3. «Журналистика ..» кафедрасынын башчысы Г.Рыскулова жетекчиликтен алынсын.
4. Декан Б.Дарбанов жетекчиликтен алынсын.
Эгерде ушул талаптар аткарылбаса мен министерствого жана башка инстанцияларга кайрылам.

ЖАМУнун комиссиясынын чечими министерстводон келген комиссиянын ректорго жасаган сунушунан алынды
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкуү кемчиликтерди белгилейт:
1. Декан, кафедра башчы кызматтык орундары шайлануучу кызмат орундар экендигине карабастан аталган кызмат орундарга милдетин аткаруучу деп буйрук чыгарылган боюнча шайлоо уюштурулбаган (Мисалы, филология факультетинин деканы Б.Дарбановго жана мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.Рыскуловага);
2.Филология факультетиндеги окуу процессин уюштурууда эмгек тартибин көзөмөлдөп, кемчилик кетирген кызматкерлерге тиешелуу иш чаралар жүргүзүлгөн эмес. Тиешелуу тартип бузууларга колдонулуучу чаралар боюнча кафедра, факультет жана университеттик денгээлде нормативдик документ кабыл алынган эмес.
3.Ректордун (түшкөн арыздардын негизинде) 2015 – жылдын 29-октябрындагы №298 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынган:
-Кыргыз тили жана адабияты кафедралары өзгөрүүсүз калтырылсын;
-Журналистика жана…кафедрасынын башчысы дайындоо боюнча шайлоо өткөрүлсүн;
-Филология факультетинин деканына карата жазылган маалымат мыйзам чегинде каралсын;
-Декан Б.Дарбановго эскертүү берилсин.
Аталган комиссиянын чечимдери боюнча төрага К.Усеновдун билдирүүсүнүн негизинде 2015-жылдын 7-декабрындагы № 350 ректордун буйругуна ылайык Б.Дарбановго эскертүү берилип, комиссиянын калган чечимдери боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. К.Усеновдун билдируусундо комиссиянын чечими толук камтылбайт.

Бул чечим министерстводон келген комиссияга берилип, кызыгы К.Усеновдун билдирүүсүндө комиссиянын чечими толук камтылбайт –дейт. Эмне үчүн толук эмес? Чечимди ким кыскартты? Кыскартып койсо К.Усенов кайра толук жазылган чечимди бербейби? Ректор кыскарттыбы? Же Ажибаевабы? Кыскартса деле, кыркса деле айдан ачык Ажибаева менен Рыскуловага карата чара жок болуп жатпайбы? Министерстводон келген комиссия толук чечимди ала албай коюштубу? Ажибаева З., Рыскулова тоого минип, атка жашынабыз дедиңерби? Деги силерде уят деген калбаптыр.

Эмне учун министерствого кат кетти?
ЖАМУнун ректору А.Абдрашев комиссиянын чечиминен эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Кырдаал күндөн-күнгө күчөй берди. Д.Чокоева акыркы отурумда ачык оюн билгизген тилекке каршы ректор эмне болуп жатканын билсе да билмексен болдубу же жанындагы жан жөкөрлөрү баары жакшы деп алдаштыбы, эч нерсе болбогондой бир ооз кызыгып сурап да койбоду дешет. Министерстводон «силерден арыз түштү» — деген кабарга деле кебелбепсиз.
Урматтуу Акунжан Баказович университеттин тарыхында коллективиңизди башкара албай, ич ара араздашуулурды сыртка чыгарган биринчи ректор сиз болуп жатасыз.Ж.Бокошов сырттан келсе да ЖАМУну 5чи алдынкы вуздардын катарына кошкон дешет, А.Аширалиев ректор болуп иштегенде айлык акысын 5не чейин бердирчү экен, ошондо кошулган 25% боюнча маянаныздарга бир тыйын кошулбаптыр. Жайында аттестация өткөрүп окутуучуларды бирин бири менен кырылыштырып, 40-50 % жасаган иштерин кайра жокко чыгарып 30% түшүрүп андан кайра 25% кемитип, « пенсионерлерге саат бөлбөгүлө, табелге киргизбегиле» — деп, кайра саат 0,25 ставка бергиле, кайра «окутуучулар менен теңдегиле» – деп «баарыбыздын башыбызды айлантты – дейт коллективиңиз. Ушунун баарын сиз билесизби? Же сиздин артыңыздан оң колунуз З.Ажибаева жасап жатабы? Же экөөңүздөр биргесиздерби – деген суроо жаралат.
Эмне үчүн ушунча ызы-чуу болуп жатса да факультетке басып келип жыйын өткөрүп  коллекивге салбадыңыз? Эмне үчүн окумуштуулар кеңешинде бул маселени карабадыңыз? Эмне үчүн эки тарапты чакырып арыз – муңдарын укпадыңыз? Угушубузга караганда Г.Рыскулова эшигиңизди тээп кирип коркуткан дешет. Эмне университетти Г.Рыскулова менен Ажибаева З. башкарып калганбы? Сиз өзүнүздүн жанынызда кандай команда иштеп жатканын эми билдиңизби?

Министерствонун текшеруусундо кимдин ишмердуулугунон кемчиликтер чыкты?
1.Сабакты үзгүлтүккө учураткандар З.Ажибаева, Г.Рыскулова экени тастыкталды.
2. Ректордун Г.Рыскулованы кафедра башчысынын милдетин аткаруучу деп дайындаган буйругу Университеттин ОКнин чечиминен бир кун мурда чыгып калганы түшүнүксүз. Кафедранын чечимдеринин протоколдорунда ачык (же жабык) добуш беруунун жыйынтыктары көрсөтүлгөн эмес (канчасы макул, каршы же бир добуштан). Журналистика… 2015-16 окуу жылындагы кеңешмелеринин планы, чечимдеринин протоколдорун текшерүү учурунда кемчилдиктерге жол берилген. Кафедранын кеңешмесинин протоколдорунда бир нече жолу эмгек тартип боюнча С.Аматбекова жөнүндө маселе каралып, 2015 – жылдын декабрь айында ишке келбегендигин талкуулаган. Бирок кафедранын декабрь айына тапшырылган табелинде кафедра башчы, декан толук иштеди деп кол тамгаларын койгон. Ал эми январь айында кафедра башчысы тарабынан кошумча ректордун атына билдирүү берилген эмес. Кафедранын окутуучуларынын окуу жүктөмдөрүн пландаштырууда кемчилдиктер кеткен. Мисалы дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формасындагы Жс -1-13 тайпасына окуу жүктөмү пландаштырылбаган. Кафедра башчысы окуу бөлүмү пландагыла деп айтпаган деп билдирет. Сабактардын өтүлүшү боюнча тайпалык журналга жана кафедралык журналга окутуучулар тарбынан катталган маалыматтар дал келбеген фактылар катталды. Мындан сырткары окутуучулар тарабынан ведомосторуна жакшы жана эң жакшы деген баалар коюлган Жк-1-14 тайпасынын журналында студенттердин катышуусун текшерген учурда сабакка дээрлик катышпаган студенттер аныкталды.
Ч.Алиева 2015-жылдын 5-октябрынан 10-октябрына чейин, 18-ноябрдан 23-ноябрга чейин эмгекке жараксыз баракчасын алган. Бирок октябрь жана ноябрь айларында толук иштегенин тастыктап кафедра башчысы Г.Рыскулова жана декан Б.Дарбановдор тарабынан кол коюп, университеттин жетекчилигине туура эмес маалыматты жибергенин аныктады
3. ЖАМУнун ОКнин №3 токтомунун негизинде 2006-жылдын февралында ректор тарабынан бекитилген окуу төлөмдөрүнө жеңилдиктер берүү боюнча Жобосунун 1.4.пунктундагы «Өзгөчө иретинде кечиктирилгис жардам керек болгон учурда» деген категорияга ОК нин 2013-жылдын 28-октябрындагы №2 протоколунун негизинде 3-топтогу майыптарды киргизген. Ушул жобого таянып 2015-жылдын 9-декабрындагы ректордун буйругу менен

  1. БКМ-1-14 Абабакирова Дуриятхан 75%,
    ДТ-1-14Жаны уулу Исхак 75%
    3. БКМ-3-14 Нурсеит к. Мурок 75%
    4. ЖАК-9-13 Тагаева Айжан 75%
    5. ФАРМ-4-14 Дурусбек к. Акзирек 75%
    6. ФАРМ -3-14 Авазова Нигора 75%
    7. УТК-1-14 Маатказы у. Каныбек 75%
    8. Фк-14 Бакытов Баяман 75%
    9. БЭК-1-11 Сарыбай к. Нургул 75%
    10. ТОиРАТ-1-13 Жаркулов Тагайбек 75%
    11. БАСК-1-11 Абдуллаев Эрмек 75%
    12. ФАРМ-1-12 Хайдарова г. 75%
    13. ЛДк-1-10 Кубатбек у. Мухаметали 75% женилдиктер берилген

Урматтуу Акунжан Баказович жогоруда ОКнин чечими менен деп айтылып жатат ал эми окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү эч качан 3-чу топтогу майыптар жөнүндө маселе каралбагандыгын айтып келишет. Ушунча акча кимдин чөнтөгүнө түштү? –деген суроо туулат. Ал эми Ажибаева З. бул суроого эмне деп жооп берээр экен?

Кабыл алуу комиссиясы боюнча:

1.Абдыкерим уулуАрген – 106 балл
2.Сагынбеков Тариэл – 106 балл
3.Совет к. Айгашыш – 106 балл
4.Амангелди у.Орозбек – 106 балл
5.Тойчубаева Айчурок – 106 балл
6.Бектеналы к. Айтурган -?
7.Сулайманова Аэлита -?
Ошол кездеги министр К.Садыковдун макулдугу менен кабыл алынган – деп берилиптир, ал эми акыркы эки кыздын баллы, группалары да көрсөтүлбөптүр.
Жеңилдик берилген студенттердин 1-2 топтогу майыптардын тастыктоочу документтердин түп нускасын текшерүү мүмкүн болгон жок

ЖАМУга келишимдин негизинде кабыл алынган абитуриенттердин окуу төлөмдөрү төлөнбөй буйрук менен окууга киргизилген:
1.Осмонбаева Айдай медицина факультетинин 1-курсу 2013 ж. 29.08 №5/913 буйругунун негизинде дарылоо иши адистигине кабыл алынган. Тайпалык журналга катталбагандыгы тастыкталды. №5/512 29.08.2014. буйругунун негизинде башка ЖОЖго которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылган. Осмонбаева Айдай, Бейшеева Алина, Жигитбекова Мээримдердин сабакка катышуусу, жетишүүсү  боюнча боюнча маалыматтарды тиешелүү документтерди деканат тарабынан алып келбегендигине байланыштуу текшерүүгө мүмкүн  болгон жок.
2. Окуу процессин уюштурууда Окуу бөлүмүнүн башчысы З.Ажыбаева тарабынан толук кандуу көзөмөлдөнбөгөндүгү тастыкталды. (Окуу процессинин графигинин сакталышы, окуу жүктөмдөрүнүн бекитилиши, сабактардын жадыбалы, кафедралардын табелдери). Академиялык справкаларга Окуу бөлүмүнүн башчысы З.Ажыбаеванын кол койгон фактылар аныкталды.
3. Кадрлар бөлүмүнөн чыккан буйруктарда кемчилдиктер катталган университеттин ОК нин чечиминин негизинде чыккан ректордун буйругу датасы ОК нин чечиминин датасынан мурда чыккандыгы катталган

Жыйынтыгы: Урматтуу ЖАМУнун жалпы жамааты, окурмандар, ата-энелер баарыбызга караңгы болуп жаткан ызы-чуунун учугун табууга аракет жасалды. Баары Д.Чокоевага асылышып жатканынан чын-төгүнүзн билип, факты менен көрсөтүүнү туура көрдүм. Чындыгында иликтеп келгенде ректор А.Б.Абдрашев өзү окуу бөлүмүнүн башчысы З.Ажибаеванын торуна түшүп ошондуктан унчуга албай отурган турбайбы деген жыйынтыкка келдик. З.Ажибаеванын окуу бөлүмүндө жүргүзгөн баш айлантма иштерин министерствонун текшерүүсүнүн жыйынтыгынан айтпаса да түшүнүктүү болду. З.Ажибаева Оштон квартира, Жалал-Абаддан квартира, ремонт, жаны мончолорду салды десе «койчу» — деп ишенгиң келбейт, бирок жогоруда жасаган иштерин карап олтуруп, акчага магдырап мас болуп, окуу бөлүмүнүн иштерин башка тараптан иштеген АЗАМАТТАРДАН турбайбы. Артыңыз ушунчалык ылай экен Д.Чокоевага каршы оюн уюштурбай эле жегениңизди сиңирип жашай берсеңиз болмок экен. Урматтуу Акунжан Баказович эми З.Ажибаевага дагы кайсы майлуу-сүттүү жерди берейин деп турасыз?
Гулжамал эжекей министерствонун текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен таанышып 3-4 группага расчет жасай албасаңыз, өзүңүздө сырттан окуган 1 группа бар экенин билбесениз, 5 окутуучуну башкара албай чабыштырсаңыз, кафедралык журналды толтурта албасаңыз, кафедранын иш планын түзө албасаңыз, протокол жазышты билбесеңиз сиз кандидаттык диссертацияны кантип жактагансыз – деген суроо туулуп жатат. Сиз А.Оморовдун, Д.Чокоеванын баскан изинен айлансаңыз болот экен. Уятыңыз болсо университеттен өз каалоңуз менен кетип калсаңыз боло турган денгээлге жетипсиз. «Көрпөңө карап бутунду сун» –дейт Д.Чокоевага оюн уюштураардан мурун тереңирээк ойлонбопсуз. Биз бүтүрүүчүлөрдөн да сурамжылоо жүргүздүк Д.Чокоеванын билим денгээлине шек жок экенине күбө болдук, ал эми А.Оморов агай илим жаатында университет сыймыктана турган абдан чоң эмгек жаратып жатыптыр.
Урматтуу Акунжан Баказович сиздин талуу жериңиз айланаңызга университеттин келечеги үчүн иштеген эмес өз кызыкчылыгын ойлоп чөнтөгүн толтуруучуларды топтоп алыпсыз мисалы кадрлар бөлүмүнүн башчысы Осмонова Зина өз баласын контракттан бошоткону жөнүндөгү  маалыматтар, интернет сайттарда жүргөн катачылыктары, сырттан окуган студенттердин ведомостторун пачкалап көтөргөндүгү, жада калса окутуучулар алган сыйлыктары үчүн акча алгандыгы, приказдарды акысыз чыгарбагандыгы….
Жан шериги Салиева Кундуз билесизби кандай акча кылат дешет? Бир да приказды акысыз чыгарбайт. Сырттан окуган студенттердин ведомосттору сансыз, университеттин босогосун аттаган бир да адамды бура бастырбай кармайт. Жада калса проректордун да артынан иштерди жасап жиберүүчү жөндөмү бар дешет.
Окуу бөлүмүндөгү пайдасыз Токтогулова Кенже кечке оюн ойногондон башка эч нерсени билбейт дейт, а көтөргөн ведомостторун текшерүүгө барганда чыгарат экен. Окуу бөлүмүндөгүлөрдүн милдети методикалык жардам берүүбү ага суроо менен кайрылсан билбейм дегенден башка жообу жок – дейт.
Тарбия иштер боюнча проректоруңуз өзу эч нерсени түшүнбөйт, чечкинсиз дешет.
ЖАМУда ректордон кийинки кыйындары методисттер экен. АТФ да баардык окутуучуларды коркуткан, бир ведомосту жазып бергенге 500 сомдон алган, студенттерди какшаткан, адамга адамча сүйлөштү билбеген, тарбия көрбөгөн, акча дегенде жанын бергенге даяр, мигера, аялдык касиети жок, жезкемпирдин кейпин кийген, канчалаган ведомостторго өзү кол коюп өткөргөн, эч кимди өзүнө теңсинбейт дейт, а өзү ким экенин билет бекен, тапкан акчасына кандидаттык диссертация сатып алыптыр, кечке методисттиктин милдетин аткарып акча топтоо менен алек болуп отурса атасынын чокусундагы кандидаттык диссертацияны жазабы, ушуга окшогондор борборго барып университеттин абройуна шек келтиришет да өздөрү эмнени окуп жатканын түшүнбөй. Ушул Алия диссертация жактаса кандидаттыктын да баркы кетип бүтүптүр деги жетекчиси ким экен анын да үй-бүлөсүн бузуп аялын какшатпаса экен деп көптөгөн окутуучулар нааразы экен. Ыраматылык Бекболотовдун секретары болуп жүрүп, үй бүлөөсүн бузуп 2- аялы болуп тийип, бир уул төрөп , университеттин окутуучуларга тийген үйүнөн алып, анын ичин университеттин эсебинен ремонт, кылып эмеректерге толтурган университеттин жетекчилеринин эркетай аяшы Алия деген методистиңизди да карап койбосонуз күндөрдүн биринде анын артынан да министерстводон текшерүү келүүсү  шексиз дешет.
Дарбанов Б, Ажибаева З, Рыскулова Г., Осмонова З, Салиева К, Шамшиев Ш, Токтогулова К., Алия көпчүлүктүн айткан сып-пикирине кошулуп туура чечим чыгарасыздар деп ишенебиз. Ушунча кетирген кемчиликтен кийин жетекчиликти жөн эле койуңуздарчы, көпчүлүктүн назарынан корккула.
Урматтуу Акунжан Баказович милдеттерин туура аткарбаган текебер жардамчыларыңыздын айынан кыргыз журтуна уят болуп, университетиңиздердин жүзүнө кө жаап отурасыздар. Эгерде ушул макаланы окусаңыз мүмкүн сиз акыйкат ким тарапта экенин түшүнүп чечкиндүүлүк менен туура жыйынтык чыгарасыз деген ишеничтебиз.

Эл деми

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: