Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчинин денесинен ур-токмоктун тактары табылган. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат катчысы Абибилла Пазылов билдирип чыкты. Анын айтымында, бөлмөдөгү сынган стулдар, дубалдарда бут кийимдин издери жана чачылган барактар да сүрөткө тартып алынган.
УКМКнын маалымат кызматы экспертизанын корутундусу чыкмайынча бул билдирүү боюнча түшүндүрмө бербей турганын билдирди.
Ошондой эле Башкы прокуратуранын маалымат кызматы да экспертизанын корутундусун күтүп жатканын маалымдады. Бул факты боюнча кылмыш иши козголо элек.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ