Menu

Жалпы Кыргыз элине жана бийликке Аксылыктардан Кайрылуу

Бөлүшүү:

Биздин сиздерге кайрылып жаткандыгыбыздын себеби төмөндөгүчө, 2016-жылдын 10-февралында Аксы районунун Кара-Жыгач айылында социалдык көйгөйлөрдү жана элге каршы келген мыйзамдарды жөнгө салуу боюнча тынчтык митингин өткөргөнбүз! Митингдин жыйынтыгында бийлике бир ай мөөнөт берип, резолюция кабыл алганбыз! Алар төмөндөгүчө:
1. Социалдык фондко болгон төлөмдөрү мурдагы калыбына келтирүү;
2. Электр энергиясына болгон тарифтин 700 кВт сааттан ашкан төлөмүн жокко чыгаруу;
3. Мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамды биротоло жокко чыгаруу;
4. Коӊшулаш Өзбекстан жана Таджикистан менен болгон чек арадагы делимитация жана демаркация маселелерин тездетүү;
5. Эмгек жана Социалдык коргоо министрлиги тарабынан берилүүчү жөлөк пулдардын берилишин жөнөкөйлөтүү жана наристелердин ырыскысына кол салууну токтотуу;

Бирок, элдин койгон талаптары сөз боюнча гана калып, иш жүрбөй жатат. Ошол себептен, биздин талаптардын аткарылып жаткандыгы тууралуу тиешелүү министрлик жана агентстволор ТОКТОМДОРду толугу менен 2016-жылдын 14-март күнү саат 12 00дө Аксы районунун Кара-Жыгач айылында боло турган тынчтык митингине алып келип, элге көрсөтүүсүн суранабыз.
Тынчтык митингине Аксы райнунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими М.Айдаралиев, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Эгамбердиева жана Улуттук Оппозициялык Кыймылдын лидерлеринин келип катышуусун өтүнөбүз.
Акыйкаттыкты Туу туткан Аксылыктар дагы бир жолу ынтымакттык менен биздин койгон талаптарын аткарышын күтөбүз. Эгерде ар кандай бут тосуулар болсо анда биз, жалпы Кыргыз элинин талабын колдоп, кийинки саясий нааразылык акцияларга катышарыбызды билдиребиз.
Аксы району боюнча Улуттук Оппозициялык Кыймылдын мүчөлөрү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: